Айбат » Жаныш Кулманбетов, коомдук ишмер: “Саясый лидердин амбициясынан элдин тынчтыгы жогору”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жаныш Кулманбетов, коомдук ишмер: “Саясый лидердин амбициясынан элдин тынчтыгы жогору”

Жаныш Осмонович Кулмамбетов- Жаныш мырза, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Биздин боолголооңуз боюнча бул шайлоодо кайсы партиялардын алдыга озуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар?

– Эми алдын-ала айтуу да кыйын. Ошентсе да эл арасында өз салмагы бар, түптөлүп калган партиялардын алдыга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жогору деп айтат элем. Маселен, азыркы парламенттеги «КСДП», «Ата-Мекен» партиялары кайрадан келиши мүмкүн. Бирок, парламенттеги азыркы учурдагы партиялардын бардыгы кайра келе албайт. Азыркы тапта партиялар шайлоо алдында бириге калышып, кайра бөлүнө калышып эле атат. Мына ушундай көрүнүштөр ал партиялардын беделин көтөрбөстөн, тескерисинче электоратын өзүнөн түртүп алат. Андыктан ар бир кадамды абайлап жасашкандары туура болот.

- Шайлоо алдында ар кандай саясый оюндар жүрүп кетери белгилүү. Бул жолу кырдаал оорлоп кетүүчү жагдай жокпу?

– Менимче андай коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдайга биздин саясатчылар барбашы керек. Саясый лидерлердин амбициясына караганда элибиздин бейкуттугу, тынчтыгы жогору турат. Менин оюмча түптөлүп калган салмактуу партиялар эч кандай ызы-чууга барышпайт. Ал эми жаңыдан түптөлүп аткандар балким өз кызыкчылыктары үчүн калпыс кадамдарга барышы мүмкүн.

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru