Айбат » Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: “Биометрикалык маалыматты тапшырбаган жарандар аз эле болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: “Биометрикалык маалыматты тапшырбаган жарандар аз эле болот”

Азамат Арапбаев- Саясатчы Темирбек Асанбеков маалымат жыйын уюштуруп биометрика боюнча кабыл алынган мыйзам жарандардын укуктарын одоно түрдө бузуп жатат деген оюн билдириптир. Сиз ушундай ойго кошуласызбы?

– Мен кошула албайм. Бул коомдук угуудан, парламент тарабынан көп талкуудан өттү. Ар кандай экспертизадан да өттү. Бул маалымат туура эмес.

- Жарандар биометрикалык маалыматын тапшырбаса шайлоого катышпайт деген нормага каршы чыккандар көп. Темирбек мырза да ушул маселени айтып жаткандай?

– Азыр Өкмөт тарабынан катуу аракеттер жүрүп жатат. Атайын мобилдүү группалар түзүлүп, алыскы тоолуу райондорго чейин барып, бирин калтырбай маалыматын топтоп жатышат. Бул компания тыкыр иштеп, дагы деле кетип жатат. Менин оюмча шайлоого биометрикалык маалыматты тапшырбагандар өтө эле аз болот. Ошондуктан жарандардын укугу эч качан бузулбайт.

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru