Айбат » Токтогул Туманов, ЖК депутаты: “Биометрика шайлоо менен эле чектелип калбайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Туманов, ЖК депутаты: “Биометрика шайлоо менен эле чектелип калбайт”

Токтогул Туманов- Токтогул мырза, саясатчы Темирбек Асанбеков маалымат жыйын уюштуруп биометрика боюнча кабыл алынган мыйзам жарандардын укуктарын одоно түрдө бузуп жатат деген оюн билдириптир. Сиз ушундай ойго кошуласызбы?

– Эч качан кошулбаймын. Негизи биометрикалык маалыматтарды тапшыруу замандын талабы. Кайсы гана чет өлкөгө чыкпа азыр ушундай маалымат талап кылууда. Жок жерден чыга калап эле мындай сөздөрдү айта берген туура эмес.

- Жарандар биометрикалдык маалыматын тапшырбаса шайлоого катышпайт деген нормага каршы чыккандар көп. Темирбек мырза да ушул маселени айтып жаткандай?

– Негизибизде кайсы мыйзам кабыл алынса жарандар ага баш ийиши керек. Анткени, ар бир мыйзам кабыл алынып жатканда анын негиздери так аныкталат. Ал эми Кыргызстандын келечеги үчүн, мамлекеттин өнүгүшүнө кызыктар адам биометрикалык маалыматын оңой эле тапшырып коёт. Бул маселеден проблема жасабай ар бир жаран өз эрки менен эле биометрикалык маалыматын тапшырып койсо болот. Анын кыйнычылыгы деле жок. Анткени, биометрика шайлоо менен эле чектелип калбайт да.

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru