Айбат » Уран Шергазиев, Улуттук Агрардык университетинин проректору: “Милиция деле мыйзамды билбейби?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Уран Шергазиев, Улуттук Агрардык университетинин проректору: “Милиция деле мыйзамды билбейби?”

Улуттук университетКөптөн бери талашы бүтпөгөн жатакананын чырына ким акыркы чекитти коёт? Университет кызматкерлери менен контракттык негизде окуп жаткан студенттерине жатакана менен камсыз кыла албай жатканын угуп алып Агрардык университетинин проректору Шергазиев Уран Адиевичти сөзгө тарттык.  

- Жатакана талашы эмнеден чыкты?

-Жатакана боюнча чыр башталганына 15 жылдын жүзү болду, бул жатакананы 1995-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына беш жылга ижарага берилген экен. Алган убактысы бүткөндөн кийин 2000-жылдан баштап теңи чыгып калганы чыкпай жатат. Коммуналдык чыгымдарды төлөбөй жатышат, өзүңүздөр билесиздер азыр жылуулук, суу, свет кымбаттагандыгына байланыштуу карыздар күндөн күнгө өсүүдө. Өзүбүздүн кызматкерлерге башка тарифте ал эми ижарада олтурган башка мекеменин кызматкерлерине башка тариф министрлик тараптан бекитилген. 12м, 13м кв болгон аянтчага 2600 сом төлөйт баардык көрсөтүлгөн төлөмдөр ушул сумманын ичинде. 14м, 15м кв алгандар 3100 төлөшөт. Кээ бирлери эки бөлмө алып алышса 6000 сомдон ашып кетип жатпайбы. Алар айтып жатышат мыйзамсыз көтөрүп салышты деп. Азыр карап көрсөңүз баа бардык жерде инфляцияга карап көтөрүлүп турат. Андан сырткары ал жерди карап турган техкызматкерлердин айлык маяналарын ыгым-чыгымдарын жабыш керек да. Ошолордун баарын эсептеп келип анан баа чыгат.

- Мындан аркы багытыңар кандай болот?

– Төлөгүлө деп жатабыз,  алар жашап пайдаланышкан баардык коммуналдык чыгымдарын ким төлөш керек булар үчүн?  Төлөй алышпайбы анда бошоткула төлөй алчу жарандарга беребиз деп жатабыз. Мыйзам боюнча баардык карыздарды төлөп коюп чыгышса жакшы  болмок. Мына азыр студенттерибиз, кызматкерлерибиз азыр жатакана алуу катарында турушат. Биздин кызматкерлерибиз көчөдө калбашы керек, биз шарт түзүп бербесек кайдагы билимди алардан сурайбыз.

- Сиздерге тийешелүү дагы бир жатакананы чек ара кызматы алып пайдаланып жатышат ал кандайча өтүп кетти эле?

– Бир кездерде жатакана  пайдаланылбай калып студенттер аз болгондугуна байланыштуу өкмөт, мүлк министрлигине өткөрүп алышкан. Ал жактан чек ара кызматын киргизишкен. Убакыт өткөн сайын кайрадан биздин университетке суроо талап күчөй баштагандыктан өз мүлктөрүбүздү тактап жатабыз.

- Кимдер төлөбөй жатышат ижара акысын?

– Бишкек шаардык ички башкармалыгынын кызматкерлери. Бирок, алардын ичинде дагы абийирдүү, тартиптүү кызматкерлер бар алар  өз убагында төлөп жатышат, баардыгы эмес. Милиция кызматкерлеринин башында турган атка минерлер деле күнөөлү эмес. Себеби, алар мамлекет тарабына маяналары убагында берилип жатат дешет. Ижара акысын төлөбөсө сотко кайрылгыла деп жатышат. Сотко ар бирин берип жатабыз айла жок ошол жолго өттүк. Азыр биздин университетти жамандап жүргөн Умаров К. мурда бизде иштеп кеткен. Ушул жатаканада жашаган экен граждандык нике менен Иманалева Г. аттуу айым менен.  Ал кишинин карызы 24041 сомду түзгөндүктөн  аны төлөбөгөндүгүнө байланыштуу кубалап чыккан экен. Ошондон баштап эле жамандап эле жүрөт. Жазбаган жери калган жок, баардык инстанциялар келип текшерип кетишти. Каржы маселелерине тийешелүү тараптардын мыйзамдуулугун текшеришти. Эч нерсе жок болгондугуна байланыштуу тергөө иштерин токтотушкан. Университетке тийешелүү жатакананы менчиктештирүүгө болбойт. Заман ушуну менен токтоп калбайт да. Булардын максаты приватташтырып кетүү. Билим берүү мыйзамында 47 статьясында жазылып турат, билим берүүдөн башка тараптарга берилбейт деп. Умаров.К баардыгын түшүнүп туруп эле милиция кызматкерлерин башын айлантып аларды төлөбөй эле койгула жакында менчикке чыгарып берем деп агитация кылып жүрөт. Карыз ушул жылдын июнь айына алганда 3 млн. 184900 сомду түздү. “Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат” болуп жатабыз.

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru