Айбат » Чоңдор келе атат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Чоңдор келе атат

Бир көздүү дөөМектеп күндөрүмдө «чоңдор келет…», десе эле мага бир жомоктогу жалгыз көздүү дөө келе атат дегендей эле туюлчу. Анткени мугалимдер чымын- куюн болуп эле ары бери жүгүрүп, сырдалбаган парталар сырдалып, сынган эшиктер оңдолуп…

Окуу куралдары жаңыртылып… Окуучулардын баары таптаза… Ак бантик, ак көйнөк… Тырмак алынган… Мугалимдер чачтарын жууп дегендей даярданып жатса эле, бала кыял менен бир коркунучтуу, укмуштуудай ЧОҢ кишилерди элестетээр элем да.

Кызыгы, ошол «Чоңдор келет!!!» деген коркуулар, чымын куюн жүгүрүүлөр, жасалмалуулуктар, алдоолор, алдануулар кашайып бүгүнкү жашоомдо деле ошондой маанилү десең. Болгону мен чоңдордун ким экенин гана билген айырмам болбосо. Акындар айтып калат, «Чоңдор- булар чоң жегендер» деп. Эми мен анчалык деле терс карман кылгым келбесе дагы кыргыз коомунун, мүмкүн баягы СССРдин “эмчегин эмгендердин” ушул караңгы маданияты дагы канча доордун башын жейт деп эле ойлоно берем. Азыр муну журналистер жакшы билет. Медиа өкүлдөр пресс- турга чыккан кезде баланын оюнундай болгон көз боёмочулук, көшөгөлөнгөн чындыктарды көрүп эле жүрөбүз.

Анда Бакиевдин доору эле. Ошол кездин бир журт жакшысы менен Чүйдү кыдырып калдык. 30дай журналист жүнүн жеп. Эсимде жок кечке кыдырдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн баары жакшы. Биз барган жердин баары таптаза… Адамдар жылмайган, айылдык апалар айткандай «артис» көйнөктөрүн кийип алышкан. Барган эле жерден тамак- тамак. Жайылган дасторкон. Гүлдөп аткандай. Ушунчалык кынтыксыз жасалган көз боёмочулукту көрүп турсаңда, кыргыздын «Бир жолу даам таткан жериңе, миң күн салам бер» дегенин эстейсиң да иш бөлмөңө келгенде жүрөк оорутпаган макала даярдайсың көбүнчө.

Алдайт… Алданасың. Алданып калганыңды билип туруп сен да кайра ошолордой болуп өзүң коомчулукту алдайсың. Чоңдор кыдырганына курсант, жардамчылары “шеф” кыдырды деген отчётуна кудуңдап, жергиликтүүлөр болсо жабылуу аяк жабылуу боюнча калган учурлардан өткөнү үчүн эркин дем алып, ал ортодо карапайым эл баланча чоңду жанынан көргөнүн айтып бүтө албайт десең… Мына «Чоңдор келет!» дегендин болжолдуу картинасы.

Бирок чыныгы жашоого келсең жашоо кадыресе. Жасалмасыз…“артис” көйнөк- шымсыз эле жылаңач чындыктар көчө кезип жүрөт. Айылдагы апамдын эски айрык алжапкычындай болгон жолдордон бут сынып, айыл башы деген атына гана сүйүнгөндөрдүн көбү эмне кылып жүрөт бир кудай билет. Чынында жакшы иштеп аткандар жок дебейм, бирок алар өтө аз шекилдүү. Акылдуу китептерди барактап олтурсам авторитардык адам менен чыныгы жетекчинин ортосундагы айырмачылыкты төмөндөгүдөй бөлөт экен.

Чыныгы жетекчи: жүрүш – турушу менен башкаларга өрнөк болот.

Кызматка таянган жетекчи: коркутуу жолу менен башкарат.

Чыныгы жетекчи: лидерлик бул элге кызмат кылуу. Эң сыйлуу лидер кызмат кылган лидер. Ошондуктан мен кызмат кылышым керек деп ойлойт.

Кызматка таянган жетекчи: мен күчтүүмүн, силер алсызсыңар ошондуктан силер мага кызмат кылышыңар керек деген принцип менен жашайт.

Ал эми сиз башыңызга чач чыкканы кандай ЧОҢду көрүп жүрөсүз? Кыргыз коому чыныгы жетекчиге башкарылат бекен же кызматына таянгандарга кор болуп жатыптырбы? Ага ар ким өзүнчө жооп берсе керек эми. Бирок мага кызыгы эле, ушул чоңдор “Чоңдор келет…” дедирбей эле капыл- тапыл келип, кичинкейлери болсо даярдыксыз эле болгон бетин көрсөтсө эмне болоор экен? Адаттагыдай элечи… Жасалмасыз…

Жазгүл Жамангулова, Бишкектик журналист

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru