Айбат » ЖК Эсептөө палатасынын 2014-жылы жүргүзгөн ишин жөнүндө отчетун канааттандыралык деп тапты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » ЖК Эсептөө палатасынын 2014-жылы жүргүзгөн ишин жөнүндө отчетун канааттандыралык деп тапты

Эсептөө палатасыЖогорку Кеңеште мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрайымынын отчету угулду.

Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын берген маалыматына караганда, 2014-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 2624 аудит жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1 697,6 млн. сом каржылык тартип бузуу, 9 161,8 млн. сом резервдер жана бюджеттин жоготуусу, 1 308,5 млн. сом каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу аныкталган, коомдук жана башка уюмдарда аныкталган каржылык тартип бузуу 103,6 млн. сомду түзгөн. Жылдын аягында 1 151,6 млн. сом калыбына келтирилген, анын ичинен: каржылык тартип бузуу – 940,2 млн. сом, бюджеттин резервдери жана жоготуусу – 81,6 млн. сом, каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу – 116,8 млн. сом жана башка каржылык тартип бузуу – 13,0 млн. сом.

2014-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө аныкталган каржылык тарт бузууларынын жалпы өлчөмү 1 697,6 млн. сомду түзгөн. Салыштырмалуу талдоо өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө караганда, аныкталган каржылык тартип бузуунун жалпы өлчөмү 112,2 млн. сомго көбөйгөнүн көрсөтөт (2013-жылы 1 585,4 млн.сом каржылык тартип бузуу аныкталган) же 7,1 пайызга өскөн. Аныкталган каржылык тартип бузуунун ичинен, 1 588,0 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 940,2 млн.сом калыбына келтирилген же калыбына келтирилүүгө тийиш болгон каражаттын 59,2 пайызы (2013-жылы калыбына келтириле турган каражаттын 52,6 пайызы) калыбына келтирилген.

2013- жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу, 2014-жылдагы каржылык тартип бузуунун калыбына келтирилген жалпы өлчөмү 426,3 млн.сомго же 83,0 пайызга көбөйгөн (2013-жылы 513,9 млн.сом калыбына келтирилген). Ушу тапта мыйзамсыз жумшалган бюджеттик каражаттарды кайтарып алуу боюнча иштер улантылууда. Бирок, аудиттик кызматкерлер жетишсиз. Бул маселе мурда дагы көтөрүлгөнүнө карабастан, азыркыга чейин чечиле элек. Каржы министрлиги кошумча каражат талап кылынарын, бюджетте азырынча андай каражат жок экенин айтат.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Эсептөө палатасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла майнаптуу иш жүргүзүп жатканы белгилешти. Ошону менен бирге, айрым депутаттар каржылык текшерүүлөрдү азайтууну сунуш кылышты. Алардын пикиринде, ашыкча текшерүү мекемелердин натыйжалуу иштешине жолтоо болууда. Ал тургай айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир жылда отуз жолу текшерилген учурлар бар. Андан тышкары, аудит кызматкерлерине талаптуу катуу коюп, жоопкерчилигин көтөрүү тууралуу сунуш киргизилди.

Жыйынтыгында Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрайымынын отчету канааттандырарлык деп табылып, бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, Эсептөө палатынын ишин жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru