Айбат » Жакшы саамалык. Тил- улуттун дөөлөтү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жакшы саамалык. Тил- улуттун дөөлөтү

Бекжан Төрөбеков«Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүндө жогорку билим берүү системасынын орду жана келечеги» деген темада И. Раззаков атындагы КМТУда  кереге кеңеш  өттү.  Кереге кеңешке  КРнын  Президентине караштуу     мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын,   ББ ж-а ИМдин өкүлдөрү, ЖОЖдордун  мамлекеттик тил боюнча адистери, окутуучулары, кызматкерлери жана  мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө  кызыкдар  болгон коомдук жана илимий кызматкерлер катышты.

Кереге кеңештин максаты жогорку окуу жайларында   мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын  иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерин, бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүктүн баардык багыттарында мамлекеттик тилдин окуу процессинде колдонуу  абалын талкуулоо, аны жакшыртуунун негизги маселелери  боюнча пикир алышуусунда болду.

Кереге кеңеште угулган баяндамалардын  жана аларга карата берилген суроо-жооптордун негизинде бүгүнкү күндөгү  көйгөйлөр талкууланып, келечекте ЖОЖдордогу билим берүү системасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттары боюнча жыйынтык чыгарылып, резолюция кабыл алынды. Угулган баяндамалардын жыйнагы басма түрүндө чыгарылат.

Бекжан Төрөбеков, 2Окуу жайдын өнүгүү  боюнча проректору Бекжан Төрөбеков  уюштуруу иштерине көзөмөлдүк кылуу менен  бирге жөндөмдүү жетекчи экендигин айгинеледи. Келген окумуштуулар, тилчилер улуттун дөөлөтү болгон кыргыз тилинин маани- маңызына кеңири токтолушту. Муну менен катар атайын уюштурулган тил багытындагы көргөзмөлөрдү карап, таасирленишти. Түш маалында студенттердин күчү менен даярдалган чакан концерт тартууланды. Өзгөчөлүгү- башка улуттагы студенттер кыргыз тилиндеги ырларды кубулжута аткарганында болду. Айтор жакшы саамалыктан келгендер  канааттануу менен кайтышты. Баса КМТУнун ректору Т. Дүйшеналиев бул иш-чарага өзү катышып, кыргыз тилине карата болгон оң мамилесин айгинеледи. Андан башка жетекчи болгондо орун басарларына түртө коюп кутулмак. Тил сыйлаган зор болоор деген ойдо  баары шатыра шатман тарашты. Чынында эле бул жолку  кеңешме майнаптуу болду деп айтууга негиз бар.

  Ж. Сулайманов

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru