Айбат » Таңдайынан чаң чыккан Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Таңдайынан чаң чыккан Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)

Куйручук, Кудайберген Өмүрзак уулуЭлибиздин тарыхына назар салсак, Манастын доорунда Ажыбай, Байжигит, ХIV-ХV кылымдарда Жейрен чечен, Алдар Көсөө, Акыл Карачач, ХVII-ХХ кылымдар аралыгында Карга, Сарт, Мойту, Тилекмат, Садыр, Кыдыр, Калыгул, Көкөтөйгө окшогон акылман, чечендерибиз жашап өткөнү маалым. Мына ошол таңдайынан чаң чыккан талыкпаган чечен, кандай гана карамүртөз, мерез болсо да, күлдүргөн карапайым эле сөзүнө кара мурч сепкен, хандан да, бектен да кайра тартпай, кашкайган чындыкты сүйлөгөн Куйручук куудул (Кудайберген Өмүрзак уулу) жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Куйручук

Кудайберген Өмүрзак уулу – куудул, ырчы 186-жылы Курманкожо – Кулжыгач (азыркы Жумгал району, Кызылтуу айылында) төрөлгөн, 1940-жылы көз жумат.. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байларга жалданып иштеп, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошондуктан коомдогу жакшы менен жамандыкты, карама- каршылыктарды, келишпестиктерди эртерээк ажыратып, сергек кароого үйрөнгөн. Өз чөйрөсүндөгү бай- манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеген. Анын «Бейиштеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» жана башка жоруктары эл арасына кеңири белгилүү. Куйручук куудул гана эмес, төкмө ырчы да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы м-н айтышы). Манастан жана башка дастандардан айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, кепке уста, ашкан чечен болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен эмес. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылат. Куйручук чыйрак, карылуу дагы киши болгон. Соң-Көлдөн кайтып келе жатып, көк жал карышкыр менен кармашканы эл арасында аңыз болуп айтылып жүрөт. 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшкөн. Ал сынчы, келечекти көрө билген, айтканы айткандай келген адам болгон. Анын ысымы менен Жумгал районундагы айыл аталган. Кыргыз элинин ичинен чыккан акылы, тамашакөӣлүгү жана куудулдугу менен эл арасында аты калган инсан болгон.

Куйручук олуя да болгон…

Сапаралиев Нурдин атабыздын эскерүүлөрүнөн

Биз билген, билбеген көрө билгичтик

«Атам Сапаралы Чүйдөн Жумгалга көчүп келип жашап жаткан кези. Ал кезде Таш-Дөбөдөн сууну буруп келип, эгинин сугарышчу экен айылдагылар. Кезек Куйручук атабыздыкы тура. Аны билбей эле, атам сууну буруп алып, эгинин сугара баштайт. Эртеси Куйручук келип, «сууну буруп алган ким экен?» деп сүйлөнөт. Атам «мен эле» деп жооп бергенде, Куйручук чочуп кетип, «Сен жөн киши эмес экенсиң, сага бата тийген турбайбы, сууңду сугарып болгон соң, бизди көздөй буруп коёрсуң» деп, атын бастырып кете бериптир. Көрсө, Куйручуктун көзү ачык жагы да бар экен. Чындыгында эле атамдын аялы начар чыгып, атасын өзү багып, кир-когун жууп, алпештеп асырап, батасын алса, келини каарына калып, үркүндө каза болуп калыптыр»…

* * *

«Чарбалык кызматтарыма байланыштуу, Жумгал районунун бир нече айылдарында иштеп калдым. Эл аралап жүрүп, Куйручук жөнүндө көптөгөн эскерүүлөрдү уктум. Баласы жоктор Куйручуктан бата сурап, ал бата берсе, балалуу болушкан. Өрнөк айылында 1908-жылы туулган Шералы деген киши бар эле. Балалуу болбой, элдин айтуусу менен Куйручукка келет. «Мага бата берип койсоңуз, балалуу боло албай жүрөм» дейт ал. Анда Куйручук бата берип, «балалуу болгондо, мага алдагы минип турган атыңды бересиң» дейт. Бир жылдан кийин Шералы балалуу болот. Күлүк атын бергиси келбей, «андан көрө кулундуу бээ берейин» деп чечип, Куйручукка келет. Ошондо Куйручук: «Сен да айныдың, мен да айныдым» деп басып кеткен экен. 6 күндөн кийин баласы чарчап калганда, Шералы «аттиң!» деп арман кылып, бир жылдан кийин элди ортого салып, кайра Куйручукка келген тура. Куйручук кайра бата берип, ал киши балалуу болгондо, сүйүнгөнүнөн баягы бербей койгон күлүк атын, кулундуу бээсин жетелеп, Куйручуктан кечирим сурап келет. Анда Куйручук ата: «Кудайдан, мен бала эле сурайм, атыңды абдан жакшы көрөт экенсиң, аны өзүң ал» деп, кулундуу бээсин алган экен».

* * *

«Куйручук атабыз 1940-жылы, башкача айтканда, Улуу Ата Мекендик согуш баштала электе каза болот. Бирок, «Алаамат келе жатат, жакында эр-азаматтар согушка аттанат. Алаамат күн башталат. Бирок жеңишке жетишип, жакшы турмушта жашайсыңар» деп айтканын Жумгал эли алигиче ооздон-оозго өткөрүп айтып жүрүшөт».

* * *

«Кызарт айылында жакында эле Куйручук аттуу адамдын көзү өтүп кетти. Ал кишинин атасы баласы жогунан, Куйручукка барып, Теңирден перзент сурап берүүсүн өтүнгөн, ага Куйручук «балалуу болосуң, бирок, ысымын өзүм коём» деп жооп берет. Олуя айткандай, ал киши ымыркайлуу болуп, анан атын койдурайын десе, Куйручук Токмокко кеткен болот. Эки айча күтүп, «Куйручук өзү деле сүйүнөөр» деп, баланын атын Куйручук деп коюп коюшат. Куйручук сапардан келгенде, баланын атын Куйручук койгонун айтышса, «аттиң болбостур, бекер кылыптырсыңар, мен айттым эле, атын өзүм коём деген элем, анымды укпапсыңар, Куйручук деген атты бала көтөрө албайт, бир мүчөсү кем болот, бирок өмүрү узун болот дептир. Айткандай эле, баланын мурду кемтик болуп, бирок, балалуу-чакалуу болуп, жакшы турмушта узак жашап өттү».

Нурдин ата менен болгон маегибизди коштой, ушул айылдын 80 жаштагы аксакалы Исмаилов Кадыркул сөзгө аралаша кетти: «Атамдын жакын тууганы Садыбакастын жалгыз уулу каза болуп, аза күтүп: «Жалгызымдан айрылдым, эми мага жарыкчылыктын эмне кереги бар» деп тамак ичпей, бүк түшүп ыйлап жатып алган экен. Туугандарынын айласы кетип, Куйручукка келишип, «бир укса сиздин сөзүңүздү угат, агабызды кепке-сөзгө келтириңиз» дешет.

Куйручук Садыбакастын үйүнө келип, «эмне болду, аксакал?» десе, мага жашоонун кереги барбы, уулумдун артынан өлөйүн деп чечтим» деп жооп узатат. Ага Куйручук кыжырданып, сөз баштайт:

— Андан көрө, менин сөзүмдү тыңда, азыр эл алдында батамды берейин, жыл алмашып эркек уулдуу болосуң, — деп алакан жайып батасын бериптир. Ошо кезде Садыбакас 70 жашта, кемпири 55те экен.

— Менин жарамды кайра ырбатпагыла, Кудайды карасаң боло, Куйручук, — деп Садыбакас кайра буркурап ыйлай баштайт.

Ошентип, чындыгында эле жыл айланып, Куйручук олуянын батасы кабыл болуп, Садыбакас 71 жашында, кемпири 56 жашында Зарылбек аттуу уулдуу болушкан. Зарылбек догдурлук кесипти аркалап, эл оозуна алынган».

Куйручуктун куйкуму

Акылман куудул алты жашка чыккыча баспай, каз-каз туруп, мууну титиреп, кадам шилтей албай отуруп калыптыр. Желге тойгон курсагы чедирейип, колу-буту илмейип ичке экен. Мына ошол баспай жаткандагы куудулдун окуяларынан кеп салалы.

Алты жаштагы Куйручукту таза болсун деп ата-энеси бешикке бөлөп коюп, байдын жумушун кылганы кетет. Бешиктин үстүн тон менен жаап кымтылап, бетин ачык таштап коюшат. Ал кезде үйдү бекитип кетүү деген болбоптур, ууру дегенди билишчү эмес экен. Аңгыча үйгө бирөө баш багып: “Шибеге сурап кирдим эле, шибеге үзүктө төөнөлүү экен, алайын дагы, кайра апкелейин”, – деп шибегеге колун сунганда: “Ой, киши! Көзүмө чөп түшүрөсүң? Алба, алдагы – атамдын шибегеси! Өзү чокоюн тигет!” – деген баланын үнү чыгат. Тиги киши чочуп кетип караса, бешикте эки көзү тостойгон ач арбактай болгон бирөө жатат. Эси чыккан неме эшикке атып чыгат.

Куйручук дагы бир күнү бешикте жатса, үйгө жолоочулар кирип калышат. Апасы үйдө экен, конокторго дасторкон жайып, жаңы бышкан каламаларын коноктордун алдына коюп, азыраак бышкан эти менен бышкан чучугун салганга табагы жок, кошунаныкына табак сураганы чыгып кетет. Коноктордун чыдамы кетсе керек, каламаны сындырып жеп салышат. Аңгыча бирөөсү: “Дагы ашканада эмнеси бар экен? Карачы, жей берели!” – дейт. “Бышкан эт, чучук бар экен”, – дейт бирөөсү. Этти, чучукту алып келип, төө чепкен кийген улуусу макиси менен кескени жатканда, сырттан дабыш угулат. Андан жазганган неме чучукту жеңине катат. Куудулдун апасы табак таап келген экен, ага чучукту салайын десе, ордунда жок. Кайсактап апасы чучукту издеп жатса, Куйручук: “Апа, чучукту издеп жатасыңбы? Ал тиги төрдө отурган сакалчан чалдын төө аспенинин жеңинде”, – дейт. “Кокуй, бул эмне деген шумдук! Бешиктеги баласы сүйлөп…” – деп үчөө тең эшикке чыга качышат. Ошондон кийин баягы киши: “Бешиктеги баланы көрсөм бүткөн боюм дүркүрөй түшөт”, – деп калчу дешет.

Кудайбергендин атасы Бекболот карыя: “Бечел бала бир корккондо басып кетет дечү эле, коркутуп көргүлөчү”, – деп айтып калат.

Айтса, айтпаса төгүнбү? Баласын аяп турса дагы, Өмүрзак Кудайбергенди коркутуп көрмөкчү болот. Бир коктуга баланы таштап коюшат: “Отура тур, биз азыр келебиз”, – дешип. Аалыбай деген байдын жылкычысы бар экен, ошол неме жылкыларды баланы көздөй дүңгүрөтүп айдап жөнөйт. Мындай шумдукту эзели көрбөгөн бала коркконунан: “Тепсеп кетет!” – деп бакырып тура качат. Атасы чуркап келип баласын ала коёт, ошондон кийин Кудайберген басып кетет.

Бул кишинин отурган эле жери шаңга бөлөнүп, күлкүсү күндү батырып, тамашасы таңды атырып, кулактын кужурун кандырып, кайгылуу адамга караан болуп, кабагына шам жандырчу экен. Куйручук тууралуу бир топ эле чыгарма жазылды, бирок дагы да толуктоолор, ачыла элек сандыктагы ар кыл алтын нускалары элге жете элек. Жоруктары жомокко айланып, анча-мынчасы гана эл оозунда айтылып, кагаз бетине түшүрүлгөн. Акылман куудулду башка таланттардан кескин айырмалап турган табийгат тартуулаган таланттан сегиз өзгөчөлүк болгон.

Биринчиси – кандай таш боор, мерез киши болсо да, күлдүрө билгендиги.

Экинчиси – ак таңдай акындыгы. Кышкы чилдеде кычырап, ак көбүк бүркүп, айтышканда аңтара салган менменсиген акындарды куудул бир бурчамга келтирбей, текеберлигин өзүнө тебетей кылып кийгизип, топтоп кууп чыккан.

Үчүнчүсү – чыныгы олуялыгы. Алдыда боло турган ар кандай окуяларды билген. Кылган батасы кабыл болчу экен.

Төртүнчүсү – өтө сезимтал, баамчыл, сергек, кылдат чебер туурагыч болгондугу. Адабияттын тили менен айтканда, аны чебер пародиячы десек да жаңылбайбыз. Бир эле уккан кишинин үнүн (мейли эркек, мейли аял болсун) накта өзүндөй кылып сүйлөө ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи. Атүгүл, айбанаттардын үнүн да накта өзүндөй кылып туураган.

Бешинчиси – ак таңдай чечен, чоң уламачы, санжырачы болгондугу. Жаш кезинен эле кепке жакын, куйма кулак, укканын унутпаган бала болуп өскөн. Кийин ал ата мурасы болгон уруу санжыраларын эң сонун чечмелеп, күнү-түнү айткандан тажаган эмес.

Алтынчысы – кыраакы сынчылыгы. Манаптардын кемчилигин ийине жеткире сындап, бетине айткан. “Адилетсиздигиң башыңдан да чоң экен”, – деп бир манапты эл алдында мазактаган. Болбосо: “Өздү, жатты, жаманды-жакшыны бирдей көргөн, айтканы эки болбогон, бей-бечарага бел болгон, пейли кенен, бейчеки эч кимге эч нерсе дебеген, элдин таалайына төрөлгөн”, – деп Шабдан баатырды сынаган. “Баш териси калың болгону менен, өмүрү кыска экен”, – деген сыны да турмушта төп келген. Куйручукка бирөө салам айтса, алик албай: “Арам эт жыттанбай ары тур!” – дейт. Ошол жерде турган бирөө: “Ой кокуй, эмнеге арам эт жыттанып калды?” – десе, анда Куйручук: “Бул ит кечинде коюна кошулуп келген кошунасынын жалгыз коюн жеп алган”, – деген экен. Ошондо тиги киши калтырап-титиреп, кызарып-татарып: “Туура, туура. Үч эсе төлөйм!” – деп чуркап жөнөгөн экен.

Жетинчиси – күйдүргү сатираларды күймөлбөй туруп айткандыгы. Куудулдун оозуна куюлушуп кара мурч кошулган сөздөр өзү эле келип турган. 1916-жылкы кандуу “Үркүндө” кашкардык каардуу манап Түкбашка так-кесе кайтарган жообу анын кадиксиз чечен, ак-караны таасын ажырата билген даанышман адам экенин ынанымдуу далилдейт.

Сегизинчи – боорукерлиги, кайрымдуулугу. Бир жылы Жумгалдын манаптары мансап талашып чабышып, эр өлүп, кун тартканда, адалдуудан түгү жок он жети кедейге бирден кара түшөт. Ошол бечараларды Тогуз-Тородогу Сыдык болушка барып, он жети ат таап келип Куйручук куткарган экен. Бул киши эл үчүн кан-жанын аябаган адам болгон дешет.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru