Айбат » Актилек Жумабек уулу, Кулатуунун эр таймаш түрү боюнча дүйнө чемпиону: “Бабакулов мени рингге чакырбай деле койсо болмок…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Актилек Жумабек уулу, Кулатуунун эр таймаш түрү боюнча дүйнө чемпиону: “Бабакулов мени рингге чакырбай деле койсо болмок…”

Актилек Жумабек уулу- Спортко кантип келип калгансыз жана ким түрткү берди эле?

– Мени атам алып барган. Негизи бала кезимен бери эле кызыкчу элем. Жаштын тилегин берет деп коюшат экен, ошентип спортчу болуп калдык. Спортко толук киргенимде 17 жашта болчумун. Алгач спорттун күрөш түрү менен машыгып баштагам. Негизи ар бир адам кичинесинен эмнени самаса, ошого кандай болгон күндө дагы барат экен. Мен баары бир спортчу болом деген максат менен жашачу элем. Азыр спортко келишиме себепкер болгон атама абдан ыраазымын.

- Спорттон башка эмне менен алектенесиз? Же ринг менен үй-бүлөнү бакса болобу?

– Кыргызстанда ринг менен багуу болбойт жана бага албайсың. Бирок өзүңдү камсыздашың мүмкүн. Өзүбүздүн өлкөбүздө спортко жаңыдан гана көңүл буруп келе жатышат. Ачык айтсам бул мезгилге чейин каралчу деле эмес да. Өзүбүздү- өзүбүз камсыздап эле келгенбиз жана мындан ары да камсыздай беребиз. Негизи башка жумуш менен алектенем. Бирок өзүм сүйгөн спортту кошо ала кеткенге белсенип келем. Мамлекет багат деп жатып алганыбыз туура болбос дейм. Анткени биз жашпыз “иш десе ишке, аш жесе ашка” тойбой турган кез. Ошондуктан өзүбүз аракеттенип, жаңыдан жакшы нукка түшүп келе жаткан мекенибизди тонобой, аракет кылышыбыз керек.

- Бул мезгилге чейин канча жолу рингге чыккансыз жана канчоосу жеңиш менен коштолгон?

– 25тен ашуун жолу рингге чыктым, алардын экөө жеңилүү ызаасы, калганы жеңиш менен. Негизи жалпы 25 деп эсептеп жүрөм, эсепке албаганы көп эле.

Актилек Жумабек уулу- Беттешке чыгаардын алдында кандай даярдыктарды көрөсүздөр?

– Эртең менен, кечинде эки маал машыгам. Анан мелдешке чыгаардын алдында 15 күн тынбай даярданып келесиң.

- Калыстар туура эмес чечим чыгарып, таарынган күндөр болду беле?

-Андай күндөр сөзсүз болбой койбойт экен. Калыстар туура эмес чечим чыгарып койгондорун көп эле учураткам. Жакында эле Данияр Бабакулов менен жекеме-жеке чыкканда калыстар туура эмес карап коюшту. Упай жагынан утуп алган элем. Калыстар ушул жагын туура эмес кылып койду.

- Бабакулов менен эмнеден улам чыгып калдыңыз? Негизи башка мамлекеттен келген мушкерлер менен жекеме-жеке чыгышмак эле го?

– Ооба. Ал жерде мындай болуп калды Данияр жактан рингге чакыруу түштү. Анан мен баш тартканым туура эмес болуп калат да. Ким бойго чакырса даярмын. Негизи көп мамлекеттен келген мушкерлерге сөз болуп калдык. Кыргыз менен Кыргыз кыл чайнашты деп. Мени жекеме-жекеге чакырбай эле койсо болмок.

- Ушул ийгиликтер менен Кыргызстанга салым кошо алдым деп ойлойсузбу?

– Колдон келишинче Ала-Тообуздун атын таанытканга аракет кылып жүрөбүз. Мамлекет мага эмне кылды эмес, мен мамлекетке эмне кылдым деген суроо менен жашаш керек. Көп учурда биздин өлкө бар экенин көбү биле беришпейт экен. Бир жолу Америкага барып мелдешке чыгып калсак, Кыргызстан кайда экенин билишпей, ушундай жер барбы?-деп тан калуу менен карап калышат. Мына ошондой билбеген өлкөлөргө улуу Кыргыз эли бар экенин эсине салып, Кыргыз ким экендигин даңазаласак ошол менин өлкөбүзгө болгон салымым. Бирок кошо турган салымым дагы алдыда.

Актилек Жумабек уулу- Эгерде башка мамлекеттен келишип, биздин атыбыздан мелдешке чыгасың деп көп суммадагы акча беришсе чыгат белеңиз?

– Калп айткан менен болобу, жашыраак кезде болду эле. Ошол кылганыма өкүнүп, намыстанам. Бара-бара эл- жериңе болгон патриоттук сезимиң күч алып, эч нерсе төлөп бербесе дагы өз өлкөңдүн атынан чыккан кандай сыймык. “Башка элдин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол” деген накыл сөздү жүрөгүмө бек тутуп, андай сунуштардан баш тартып келем.

- Көбүнчө спорт тармагында жүргөндөр кылмыштуу топко кирип кеткендердин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Бул баягы эле оңой акча табуунун натыйжасында болуп жаткан көрүнүш. Финансы жагынан кыйналышат. Спорт комитети көңүл бурбай, көптөгөн балдар жанагындай топко кирип кеткенинин себеби ошол. Деги эле биздин өлкөдө спортко көп көңүл бура бербейт. Алардыкы да айла жоктун иши болсо керек.

Актилек Жумабек уулу- Сизге сунуш түшкөн эмеспи?

– Мен спортчумун, спортчу бойдон жүрүп, тарыхыбызга жакшы ат менен кирип калсак дейм. Андай сунуштан ойлонбой туруп, дароо жок деген жообумду берем.

- Азыркы учурда мамлекет тарабынан кандай колдоолор болуп жатат? Колдоочуңар барбы?

– Колдоолор сөз менен болуп келген жана боло берет окшойт. Мушташаардын алдында жакшы эле айтып убадаларын бере башташат. Анан эле андан дайын жок. Биз өзүбүз аракет кылып, эч кимге көз каранды болбой чыгып келе жатабыз. Баягы жакшылыктан үмүт үзбөй, кароолор болсо керек деп жүрөбүз. Бирок буга дейре колдоонун “к” тамгасын көрө элекпиз. Эми болот дешет го… болуп эле калсын. Эгер чындап эле көңүл бурулса, Кыргыздын даңкын далайга чыгара турган эр азаматтар абдан эле көп чыкмак.

 

 

1991-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Эркин-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген.

Бою- 184 сантиметр, салмагы 77-килограмм

Спорттогу жетишкендиктери- Кыргызстандын эрежесиз эр мушташ боюнча 5 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк эл аралык мелдештен 3- орунду алган, 2014- 2015-жылы Кулатуунун эр таймаш түрүнүн дүйнө чемпиону болгон, ошондой эле көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.

Билими- Орто

Спорттогу даражасы-Эрежесиз эр уруш боюнча спорттун чебери

Даярдаган Акмат РААТКАН

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru