Айбат » Мекен үчүн өмүрүн тобокелге салгандар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Мекен үчүн өмүрүн тобокелге салгандар

Айтмамбет ДүйшөбаевСогуш кандай гана апаатты жаратпады дейсиң? Жетимиш жыл өтсө да эмдигиче элдин эсинен кете элек. Кыргызстандыктардын арасында биздин жердештер да болгонун айта кетели. Булар да согушта кан кечип, башынан оор өкүндүрдү өткөрүшкөн. Маселен, Дүйшөбаев Айтмамбет агайды азыркы улуу муундагылар эң жакшы билишет. Согушка чейин эле Шамалыктагы мектепте мугалим болуп иштеген. Көчүрмө болуп кеткенде Ноокен районунда жашап, кичи мекени Кара-Көл жайлоосуна келип-кетип турушчу. Заман талабын туура түшүнгөн жаш жигит чарбада башкарма, актив болуп да жигердүү иштеп, өз өрнөгүн башкаларга көргөзүп, уюштургуч, иштин көзүн, чарбачылык жумуштарды мыкты билген адам катары кадыр-барктуу болгон. Тынч турмушка бүлүк түшүрүп дүйнөлүк элдин үшүн алган Улуу Ата Мекендик согуш башталган жылда төрт бир туугандын үчөө катары менен майданга аттанышып, жашы жете элегинен Төлөш ага калып калган. Алар: Айтике, Айтмамбет жана Айтмырза Дүйшөбаевдер болчу. Тилекке каршы Айтике менен Айтмырза дайынсыз болуп, Айтмамбет 1945-жылга чейин аткычтар дивизиясында жеңиштүү кызмат өтөп өзү туулуп өскөн Ата мекенине аман-эсен кайтып келген. Айтымында Япон согушуна да эки жыл катышкан экен. Айтмамбет аганын Ата Мекени үчүн кан төккөн эрдиктерин ал киши алган өкмөттүк орден-медалдары ачык далилдеп турат. Ага СССР Жогорку Советинин Президиумунун “Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн болгон жеңиш үчүн”, Улуу Жеңиштин 25 жылдык, 30 жылдыгынын урматына жана “Немецтик баскынчыларга каршы күрөштө жоокердик тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн” төш белгилери ыйгарылган документтер азыр да сакталуу турат. Жеңиштен кийин да Япон согушуна катышып мекенине 1947-жылы кайтып келгени айтылат.

Айтмамбет ага ар качан жанын сыздатып онтоткон колунан (бир колунун манжалары жок болчу) жана көкүрөгүнөн алган жараттары тууралуу, улуу жеңишти госпиталда жатып колдорундагы таяктарды өйдө көтөрүшүп, ураалап тосушканын айтып жүргөнүн иниси Ырысбек менен небереси Айнагүлдөр айтышат. Алар кайсы жерде, кайсы бөлүктө кызмат кылды, эмне эрдиктерди жасаганы тууралуу маалымат жок, билген адамдар да калбаптыр. Жакында гана белгилүү болгон маалыматка караганда Айтмырза 1945-жылдын 15-мартында согуш майданында дайынсыз жоголгон делет. Айтике, Айтмамбет жана Айтмырза агалар жөнүндө бир гана нерсе белгилүү. Алар согуштун алгачкы күндөрүндө аттанып кетишкен. Демек Айтике менен Айтмырза алгачкы апаат күндөрдө кайсы бир кан күйгөн майданда окко учуп, кырчындай өмүрлөрүн Мекенине арнап жок болушкан да.

Үч бирдей уулун кан майданга узатып, ай бою, жыл бою батышка каректерин кадаган Дүйшөбай ата менен Айымбү апа кырчындай керилген уулдарын эстегенде далай ирет ичинен кан жутушту, күйүттүн ачуу даамы жүрөк-жүлүндөрүн куйкалап, арга түгөнгөндө кенже уулу Төлөшкө топук кылып жашап жүрүштү.

Кайрандар! Согуштан көкүрөккө кыттай уюп каткан күйүт, элге келген оор турмуш, жокчулук, ачкачылыктан майышкан жубайлар уулдарынын дарегин укпаган бойдон 1946-жылы о дүйнө салышкан. Кенжеси Төлөш томолой калып, Үч-Теректеги балдар интернатында чоңойгон. Андан ары пед.окуу жайын бүтүп, мектепте мугалим болуп көп жылдар иштеди. Ортончу агасы Айтмамбет согуштан келгенде Төлөш агай үчүн жоготкондорунун баарысы тирилип келип калгандай кубанган. Бөксөсү толуп, үзүлгөнү уланып калгандай агасы бар, ааламда эч кемчил жоктой бир-бирине мээрлешип жашашты.

Интернационалдык достук, замандаштары мененАйтмамбет агай далай от күйгөн майдандарда душмандар менен атышкан. Киши чыдагыс алааматтарды, душмандар аткан ажалдан боо түшүп өлгөн жандарды көргөн. Майданда көргөндөрүн көзү өткөнчө айтып түгөтө алчу эмес. Тилекке каршы алар тууралуу канча угушса да, убакыттын алдында басылып унутта калаарын ойлобогондуктан эч ким кагазга түшүргөн эмес экен. Эми куракташтары да жок, аны угуп жүргөндөр да карып, унутуп, дааналап сүйлөп бере алышпай, көкүрөгүндөгү ар дайым сыймыктанып тагып жүргөн орден, медалдары, Айтмамбет аганын адамдык мыкты касиет-сапаттары тууралуу гана эскерип беришти.

 

Жүз жашты омуроолоп турса да акылы тетик карыя Орунбаев Макамбай ата минтип эскерди:

- 1935-40-жылдарда биздин айылда эң билимдүү, акыл-туюму терең, сөөлөттүү, зыңгыраган жүрүм-туруму, сүйлөгөн терең маанилүү сөздөрү менен, эл ичинде алган кадыр-барктары менен жаштарды суктантышкан, улуулардын алкышын алгандардан ушул Айтмамбет, анан дагы Кайнаев Эргеш, Дербишалиев Акматалы дегендер эле.Бул экөө да согушта дайынсыз болушту. Бир жагынан согуштан кырылса, бир жагынан ачкачылык оор турмуштан эл кырылган. Дүйнөдө мындай алаамат кайталанбасын!

Айтмамбет окуп жүргөн кырчындай мезгилинде эле улуунун да, кичүүнүн да арасында абдан сыйлуу эле. Маанилүү ойлорун айтып отурса, эл дагы сүйлөсө экен дешип кунт коюп муюп угушчу. Ошондо айылдагы мыкты карыялар “Ушул баладан жакшы адам чыгат, элге алымдуу адамдардан болот”-дешип сөз кылышчу. Биз да ичибизден суктанып калчубуз. Табылгыс адам эле, шашпай, терең маанилеп сүйлөп отурганы көз алдымда. Кийин мугалим болуп жүргөндө да көрүп калдым. Ким кандай болсо, ошол адамдын деңгээлинде сүйлөшчү. Кай бир түшүнүгү жок адамдар менен жөнү жок сөздөшүп отурчу эмес. Ошолордой адилет, ак ниет, туура иштеген адамдар азыр болсо, бийликтегилердеги бүгүнкү жөнү жок чуулар болмок эмес.

Ооба, Айтмамбет аганын эл үчүн баа жеткис эмгек кылганын “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси ырастап турат. Ал убакта Кара-Көлдө али атайын мектеп курула элек убак болчу. “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн сыяктуу Айтмамбет агай да азыркы Кара-Көл шаарынын Шамалык аймагында бирөөнүн жаман мал сарайын мектеп кылып пайдалануу үчүн аяк-биягын оңдоп-түзөп 1-4 класска чейинкилерге арип таанытып, сабатын ачып окуткан. Буга Дүйшөндүн эле кинодогу аракетин элестетип мисал алсаңар болчудай. Эң биринчи максат элге тамга таанытып, сабатын ачуу болсо, экинчиден билим менен дүйнө өнүгөөрүн, карапайым журттун аң-сезими жаңы баскычка чыгып, жашоо-тиричиликке болгон мамиленин ойгонорун түшүндүрүү. Ал убакта мугалим – окуучунун гана агайы болбостон, бүтүндөй элдин мугалими болгон. Басса-турса улуу-кичүүлөргө билимдүү болуунун маанисин түшүндүрчү. Эл ичинде да ал убакта сабатын ачып алууга ынтызар жаштар көп болчу.

 

Ошол замандагы Айтмамбет агайдын окуучуларынын бири Темиркулова Кумар эжеке, Бараталиев Бусурмандар мектептеги окуу шарты, Айтмамбет агайдын жан-дили менен билим берген аракетин төмөнкүчө эскерет:

-Бизден мурдагы ага-эжелерибиз Айтмамбет агайдын алгачкы окуучулары болушкан.Биз алардан 5-6 жыл кийин келип окудук. Мал сарайдан жасалган бир бөлмөлүү чакан мектепте парта, доска, жетер-жетпес жазуу дептерлери менен эптеп окуганбыз. Бир нөөмөттө 1-класс менен 3-класс, кийинки нөөмөттө 2-класс менен 4-класстын окуучулары эки катарга тизилип отуруп сабак өтүлчү. Бир класстагылардын жашынан айырмасы болор эле. Анткени, жаңы гана мектепке тартылгандар болгондуктан айрымдар 9-12 жаштан кийин деле окуй башташып, 7-классты 18ге чыкканда бүтүрүшкөн. Мугалимдин колунда бир гана китеп болгон. Айтмамбет агайдын жубайы Сонунбү эжеке Чүйдөн пионер-вожатый болуп мектепке келип, экөө баш кошуп калышкан. Булар мектепте үзүрлүү иштешти. Окуучулар билимге жан-дилин берип кызыкчу. Мекенчилдик сезимдери да күчтүү эле. Алгачкы кат-сабаты жоюлгандар алдыңкылардан болушту, коммунист катары да Айтмамбет ага советтик, партиялык кызматтарда иштеп жүрдү.

Колхоздун чарбалык жумуштарында эсепчи, ферма башчы болуп иштеп, айрымдары кесиптик окуу жайларынан шофер, тракторчу, куруучу ж.б. боюнча билим алышып, ошол кездин керектүү кадрларынын катарында болушкан. Демек, алгачкы сабат алгандар согуштан кийинки чарбаны калыбына келтирген жумушчулар, колхозчулар, курулушчулар жана башкарма, айыл башчылары, агроном, зоотехниктер болуп эл турмушун алдыга жылдырышкан. Мына ушуларга билим берген мугалимдер да согушуп келген жоокерлер болушкан. Айтмамбет ага да Ноокен, Үч-Терек жана ушул Кара-Көлдө мугалим болуп иштеген. Согушта эмес, кийин да эл агартуу майданында, чарбаны өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн жогорудагы аталган орден, төш белгилерден сырткары дагы бир чоң сыйлыгын алганы Жалал-Абадга бара жатып, 1976-жол кырсыгынан 56 гана жашында 1976-жылы кайтыш болгон. Тарбиялап өстүргөн баласы Дүйшөбаев Молдогазы өмүр бою НГЭС акционердик коомунда ак эмгектенди, бала-чакалуу.

Ооба, заман бир орунда турбай күн сайын, саат сайын өзгөрүп барат турбайбы. Азыр болсо илим-билим өнүгүп, дүйнөнүн төрт бурчунан заманбап билимдерди алып жатышпайбы. Деген менен азыркы турмуштун пайдубалы ошол согуш, андан кийинки калыбына келтирүү мезгилинен башталып, нечендеген мекенчил, Айтмамбет агай сыяктуу мээнеткеч, иш билги, эл үчүн жан үрөп иштеген инсандардын колу менен курулганын танууга болбойт.

Биз Айтмамбет аганын эмгегин эскерүү менен жаш муундарыбызды мекени үчүн бардык жерде, кайсы убакта болсун жан үрөп иштөөгө даяр болуу башкы парыз экенин билдиргибиз келет. Келечек үчүн жаратылган эрдиктер эч качан унутулбасы Айтпаса да түшүнүктүү. Т. Мейманкулова, Кара- Көл шаары.

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru