Айбат » Идиш-аяктын табышмактуу сырлары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Идиш-аяктын табышмактуу сырлары

Идиштердин формасы, жасалган материалы жана башка ушул сыяктуу биз көңүл бурбаган майда-барат нерселер да үй ичиндеги энергияга, гармонияга таасир берип турат.

Сиз дайыма тамактанчу идиштин жасалган материалы…

Чопо идишЧопо болсо, үй ээсине байлыкты чакырат. Андыктан, эгерде акча, дүнүйө топтоону көздөп жүргөн болсоңуз, чопо идиштерден тамактана баштаңыз. Мындан тышкары, турмуштан жолу болбой жүргөндөр да чопо идиш колдонуулары зарыл.

фарфор идишиФарфор идиштер ачык-айрым, жеңил-желпи сүйлөшүүнү камсыздайт. Эгерде үйүңүзгө бейтааныш коноктор келсе, бул идиштер оңой-олтоң пикир алышууга, тез тил табышууга жардам кылат. Ашыкча нервденип, көп ыйлап жүргөн болсоңуз, күн сайын фарфор идиштен азыктанууңуз кажет. Бул сизди тынчытып гана тим болбостон, жаңы-жаңы идеяларды жаратышыңызга жол ачат. Эртең менен жумушка жакшы маанайда кетүүнү кааласаңыз да фарфор идиш жардамга келет. Ал эми жатарда фарфорду колдонбой эле коюңуз: уйкусуздукту пайда кылат. Кокус таң аткыча уктабай отуруу керек болсо, фарфор кружкага даярдалган кофе ичиңиз.

айнек идишАйнек идиштер ар бир кожойкеге өзгөчө керек. Булар жан дүйнөңүзгө тынчтык берип, гармонияны пайда кылат. Адамдардын ортосундагы достук бекемделип, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар жакшы жагына чечилет. Сүйүшкөндөр үчүн романтикалуу жагдайды түзөт. Ошондуктан, сүйүктүүңүздү тамактанууга чакырсаңыз, столдун үстүнө айнек идиштерди көбүрөөк коюуга аракеттениңиз. Жаңы баш кошкондорго да айнек идиштерди белек кылган жакшы. Себеби, бул белек алардын бири-бирине тез көнүп кетишине, ынтымактуу жашап кетүүлөрүнө көмөк кылат.

жыгач идишЖыгач идиштер туугандардын ортосундагы мамилени чыңдайт. Жыгач идиш өзүнө салынган тамакка оң энергия бөлүп чыгарат, натыйжада, аны жеп-ичкен сиздин күчүңүзгө-күч кошулат. Жаңгактан жасалган идишке чай ичсеңиз, ар нерсени алдын-ала сезе билүү туюмуңуз күч алат. Дары чөптөрдүн күчү жоголбой жакшы сакталсын десеңиз, байтеректен жасалган идишке салып коюңуз. Карагай идиштерди колдонгон кожойкеде акылдуулук, өткүрдүк бар болот.

Керамика идишиКерамика идиштер жан дүйнөнү тынч кылып, эмоционалдык абалды жөндөйт. Мындай идиш колдонсоңуз, адамдар менен тез тил табыша аласыз.

Пластик идишиЧоюн идиштер сырдуу күчкө ээ. Сизге жаңы күч берип, ички органдарыңызды ар кандай оорулардан сактайт.

 

Түзүлүшү

квадрат идишТөрт бурчтуу болсо, анда мындай идишти колдонууда абайлаңыз. Себеби, дайыма төрт бурчтуу идиштен тамак ичкен адам чечкиндүү жана ачуулуу, каардуу боло баштайт. Табиятынан урушчаак, чатак мүнөздүүлөрдүн жаман жактары мурункудан да күчөйт. Эгерде сиз өтө жоош, чечкинсиз, бирөөгө көз каранды болсоңуз, күнүгө дал ушундай идиштен тамактанууга өтүңүз. Болбосо мындай идиштерди конок чакырганда гана колдонуу туура.

тегерек идишТегерек болсо, үй-бүлөгө гармония, ынтымак алып келет. Тамактанып жаткан ээсине оң энергия бөлүп чыгарат. Натыйжада, ичкен ашыңыз бат жана жакшы сиңет.

үч бурчтуу идишҮч бурчтуу болсо, ээсин ойлонбой иш жасоого жана туура эмес сүйлөй берүүгө алып келет. Чыр мүнөздүү жана тез ачуусу келе турган адам болсоңуз, аталган идиштен тамактанбай эле койгонуңуз жакшы болот. Мындай идиштерди сүйүшкөндөр романтикалуу жагдайда тамактануу учурунда колдонушса гана натыйжалуу: сүйүүнүн күчөшүнө жардам берет.

 

Түсү

 Кызыл болсо, сүйүүңүздү, кумардуулугуңузду жалындатат. Темпераментиңизди күчөтөт.

Кара же күрөң болсо, ишенимдүүлүктү, жан дүйнөңүзгө тынчтыкты берет.

Ак болсо, сиздеги ак ниеттүүлүктү жаратат.

Көгүлтүр же ток сары болсо, кыялкеч болуп, фантазияңыз өркүндөйт.

Ашкана «коргоочулары»

  1. Алоэ гүлү. Колуңузду бычакка кестирип алсаңыз, же ысык сууга, отко күйгүзүп алсаңыз, ошол жериңизге алоэнин жалбырагын бассаңыз тез айыгат. Ашканада өстүрүлгөн алоэ кожойкесин ар кандай кырсыктардан, тамагын жаман жасап алуудан сактайт.
  2. Пияз, сарымсак, калемпир. Булардын бирин жипке өткөзүп туруп, ашкананын бир бурчуна илип коюңуз да, тамак-ашка колдонбоңуз. Же терезеге деле коюп койсоңуз болот. Булар терс энергиянын баарын өздөрүнө сиңирип алышат. Сырттан тескери күчтөрдүн үйгө киришине тоскоолдук кылышат.
  3. Ичине сулу салынган идиш. Муну нан турган жерге коюу керек. Ошондо ал үй-бүлөңүздү ачкачылыктан сактайт.
  4. Соку, депкир, элек, калбыр үйдө дайыма турса, чыр-чатак, кырсык болуунун алдын-алат. Тынчтык болот.
  5. Бал, кыям куюучу идиштер колдонулган үйдө сүйүү жашайт.
  6. Туз. Дасторкон даярдап жатканда эң биринчи тузду коюп, жыйнаганда эң акырында алыңыз. Туз тамактанып жаткандарды жамандыктан коргойт. Дасторконго туздан мурда куру идиш, кашык-вилкаларды коюу үйгө жакырчылыкты алып келет.
  7. Дасторкондун түсү. Ак түстө болсо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жай жана тынчтыкта пикир алышуусун шарттайт. Оройлукту, уруш-талашты алыс кылат. Сары түс чөккөн көңүлдү көтөрөт. Көк түс ачык-айрым сүйлөшүүгө көмөк кылат. Пушту түс сүйүүнү күчөтөт. Кызыл түс кумардуулукту арттырат.

Кызынызга жашынан уйротчу эрежелер!

Кыз – келечекте жар, балдарга тарбия берүүчү эне. Андыктан үй-бүлөдө уул балага салыштырмалуу кызды тарбиялоо ата-эне үчүн өзгөчө маселе жаратат эмеспи. Кызыңызды тарбиялоодо төмөнкү кеңештерди да айта жүрсөңүз ашыкча болбойт.

  1. Биринчи кезекте өзүңдү сүй.
  2. Жакшы дос таап, аны менен мамилеңди үзбө. Досуң сенин ким экениңди айтат.
  3. Кийим сени бактылуу кылбайт.
  4. Бирөөнүн артынан сүйлөбө, бирок сен жөнүндө айтылчу ушактарга даяр бол.
  5. Көйгөйгө кабылышың жашооңдун бүтүп калышы эмес, андыктан өзүңдү таштаба, башты көтөр.
  6. Башкаларды өзүңө салыштырба, анткени алар да сендей боло алышпайт.
  7. Канчалык берилип бирөөнү сүйсөң да, өзүңдү жоготпо.
  8. «Жок» деген сөздү үйрөн жана аны айтуудан коркпо.
  9. Эч качан эркектин артынан чуркаба, ал өзү сени тапканы туура.
  10. Сага карата айтылган жакшы сөздөрдү кабыл ал жана аларга ишен.
  11. Дайыма чынчыл бол.
  12. Жашоодогу ролуңда өзүңдүн бактылуу экениңди бил.
  13. Колуңа кандай китеп тийсе да оку. Билим бул – күч кубат.
  14. Жашоодо жаңылгандан коркпо, ошол жаңылыштыгың сага сабак болот.
  15. Бирөөгө жакшылык кылганыңды милдет кылба, жакшы иштер бакыт тартуулайт.
  16. Ар дайым ички туюмуңа ишен.
  17. Сылык бол.
  18. Сенин сөзүңө караганда, жүрүш-турушуң ким экениңди айтып турат.
  19. Кечирим сураганды адат кыл, биринчи кечирим сураганың сенин алсыздыгыңды билдирбейт.
  20. Жашоо бүгүнкү күндөн гана турат. Учурунда татыктуу жашап ал. Бүгүн сенде баары бар, андыктан жөн гана бактылуу жаша.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru