Айбат » АКШдан Кыргызстанга кезектеги “дипломатиялык жүк” жеткирилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » АКШдан Кыргызстанга кезектеги “дипломатиялык жүк” жеткирилди

Жүк23-июнда Америкадан Кыргызстанга кезектеги “дипломатиялык жүк” жетирилди. Бул тууралуу Sputnik сайтынын кабарчысы “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомундагы булагына таянып маалымдаган.

Ушул жылдын апрель айында ЖМКлар март айында Украинанын авиа компаниясынын Ан-124 “Руслан” жүк учагы “Манас” аэропортуна эки жолу жүк ташып келгенин жазып чыгышкан. Бириккен Араб Эмиратынан АКШнын элчилиги үчүн 152 тонналык белгисиз жүктү алып келишкен. Жүк дипломатиялык почтанын статусу менен жиберилгендиктен текшерүүгө алынган эмес. Эксперттер “америкалыктар КРге “демократиянын” кирпичтери менен “эркиндиктин” арматураларын жеткирип жатат” деген пикирлерди айтышкан. Ошол эле учурда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШ май айында дипломатиялык почта статусу менен дагы 20 тонна жүк алып келерин маалымдаган.

“Манас” аэропортундагы булак кезектеги жүк шейшемби күнү таңкы саат үчтө жеткирилип, аэропорттун аймагынан эки сааттын аралыгында ташып чыгып кетишкенин билдирди. Кабар ордо

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru