Айбат » Нарында Чыныбайдын аброю канчалык?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нарында Чыныбайдын аброю канчалык?

Чыныбай ТурсунбековАкыйкатына келсек беш жыл мурда жүз берген бийлик алмашуу айрым бактылуу адамдарга өз жылуулугун аяган жок. Эми ооматы ашып турса эч ким тоскоол боло албайт экен. Анын үстүнө таалайлуу менен талашууга кимдин чама- чаркы туура келмекчи? Буга окшогон казаны тургай кашыгы майланышкандардын мышыгын азыр ким пыш дей алат? Муну жон терибиз аркылуу сезип турабыз го?

Ошолордун калың сабында Чыныбай Турсунбеков да бар экендигин кантип жашыралы? Ыргыткан чүкөсү сака болуп, конгон сайын айкүр конуп, ал тургай оңко турган күндөрү көп болду го чиркин! Беш жыл килем үстүндө басып далай сыйкырдуу жомокторду токуганын көрдүк. Мейли, жегени аш болсун, кийгени көпкө чыдасын, ага ич күйдүлүгүбүз деле жок. Ар ким бешенесине жазганын көрөт турбайбы?

Айтайын дегенибиздин төркүнү башкада. Бактылуу жылдар тез эле өтүп кетти. Мына эми кайрадан шайлоо болгону турат. Эми ушул абдан жооптуу ишке Чыныбай мырзанын камкордугу кандай, кеп ушул жерде. Себеби келечекте депутат болчулардын ичинде жарк этип көрүнгөндөрдү байкабай жатабыз. Каражаты барларга көз кызартпай акылы барларды тандашса болбойбу? Алешемдиктер КСДП партиясында арбын болуп жатканын аксакалыбыз Кемел Ашыралиев айтып жатканы бекерден эмес. Ошондон улам Турсунбековдун Нарында аброю канчалык болду экен деген кытыгылуу суроо жаралып жатпайбы? Партиянын зоболосун көтөрөм дегендер оболу өздөрү башкаларга өрнөк болуусу керек эмеспи? Бул кептин талашы болбостур?

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru