Айбат » А.Атамбаев: “Жалкоолор гана сыноолордон коркот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » А.Атамбаев: “Жалкоолор гана сыноолордон коркот”

Атамбаев Алмазбек Шаршенович25-июнда президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган  орто мектептеринин эң алдыңкы бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, окууга жакшы мамиле жасагандыгы, ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттин колунан “алтын сертификат” жана 10 миң сомдон сыйлыкты Бишкектин 54 мыкты бүтүрүүчүсү алды. Ошондой эле аймактардагы мектепти мыкты бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн көп упай алган 16 улан-кызга баалуу белектер тапшырылды.

А.Атамбаев мыкты бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо салтка айланып баратканын айтып, ар бир окуучунун кесип тандоодо өз эрки бар экенин билдирди.  “Мыкты абитуриенттерди урматтоо жакшы салтка айланып баратат. Мына бүгүн  сиздердин алдыңыздарда көп мүмкүнчүлүктөр ачылды. ЖРТ артыкчылык сертификаты өлкөбүздүн мамлекеттик жогорку окуу жайына конкурсу жок  өтүүгө, акысыз билим алууга, каалаган кесипти тандоого  жол ачат. Кайсы кесипти тандап алам десеңер – өз эркиңер. Эгерде  аракет кылып, эмгектенип, талыкпай умтулсаңар  анын ар бири ийгиликке алып келиши мүмкүн”, – деди Алмазбек Атамбаев. Ошондой эле мамлекет башчысы алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап, алардын билимге умтулуусун колдогон мектептердин педагогикалык жамааттарына, ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жакынкы жылдары Кыргызстанда  агрардык өнөр жай, энергетика, туризм жана курулуш тармактарында адистер абдан көп талап кылынаарын белгиледи. Мамлекет башчысы өнөр жай өндүрүшүнүн басаңдашына байланыштуу совет доорундагы техникалык кызматкерлер кесибин алмаштырышты же пенсияга кетишти, ал эми жаштар модага айланган экономисттердин, юристтердин, финансисттердин кесибин тандап алууга умтулушканын белгиледи. «Бирок мен жакынкы аралыкта Кыргызстанда  ири масштабдуу долбоорлор ишке ашырыла баштайт деп ишенем. Өлкөбүз транспорттук хабка айланып баратат. Бүгүнкү күндө үлгү ала турган инсандар көп. «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобстун сөздөрүн келтирейин: “Ийгиликке жетишкендерди башкалардан өзгөчөлөп турган бул – тырышчаактык», – деди А.Атамбаев.

Президент жалкоолор жана эрки бош адамдар сыноолордон коркот, ар дайым шылтоо издеп, өзүнүн жолу болбогондугуна башкаларды айыпташаарын билдирди. “Ошондуктан силер турмушта кайраттуу, тырышчаак жана эрктүү болууга тийишсиңер”, – деди Президент.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө чың ден-соолук, бакыт-таалай каалап, туруктуу жана максатынан тайбас болууга чакырды.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru