Айбат » Туйгунаалынын зоболосу зор экен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Туйгунаалынын зоболосу зор экен

Туйгунаалы АбдраимовКолдон келип турганда куш салдырып, көк бүрү тарттырып койгондон эч нерсе кемип калбайт. Анын сыңарындай өткөн жумада БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов дүңк эттире футболдук стадиондун лентасын кесип жиберди. Көрсө анын бир тууганы Камбараалы да жөн адам болбоптур. Айтор Чүй боорундагы Нурманбетов айылындагылар тойлоп алышты. Кадимкидей эле дасторкон жайылып түркүн тамак-аш коюлду. Келгендер кур ооз тараган жок. Шайлоону тескеген төрага эл деп жүргөнүн көрсөттү. Бул аземге кимдер гана келген жок дейсиң? Кардинал аттуулардан кадимки Үсөн Сыдыков, Икрам Илмиянов, Канат Исаев, Аскар Салымбеков, Шаршенбек Абдыкеримов, Мелис Турганбаевдер сыйлуу конок болушту. Майда –чүйдөлөрдү айтпай эле койсок болот. Эмнеси болсо да Туйгунаалы мырза айыл жаштарына айткан убадасын, көкүрөгүндөгү тилегин орундатып алды.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru