Айбат » Нурбек Токтакунов АКШ элчилиги менен тымызын кызматташып Кыргызстанга кыянаттык кылуу аракетин көрүүдөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нурбек Токтакунов АКШ элчилиги менен тымызын кызматташып Кыргызстанга кыянаттык кылуу аракетин көрүүдөбү?

Нурбек ТоктакуновҮстүбүздөгү жылдын 23-июнунда борбор калаабызда «Мага баары бир эмес» деп аталган жарандык форум башталганын билебиз. Бул иш-чара эки күнгө созулуп, ага катышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «парламентте адам укугуна, эл аралык укук нормаларына каршы келген мыйзамдар демилгеленип атат» деп чыгышкан. Мисалга, буга чейин парламентте каралган «чет элдик тыңчылар», кумсаларды үгүттөөгө каршы мыйзам долбоорлоруна каршы пикирлерин айтып чыгышты. Албетте, ар бир жаран өз пикирин айтып чыгууга укуктуу. Бирок бул иш-чарага жалаң гана Американын эсебинен жан баккан бейөкмөтчүлөрдүн жыйылып алганы чоң суроону жаратат. Анан дагы аталган форумду Американын долбоору болгон «Сорос-Кыргызстан» фонду каржылаганы ачыкка чыкты. Мына ушундан эле форумдун катышуучулары кимдин арыгын чаап атканын түшүнсөк болот.

Форум жыйынтыкталып бүтпөй жатып эле, 24-июнь күнү Ак үйдүн алдында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине каршы нааразычылык акциясы болуп өттү. Ага катышкандардын басымдуу бөлүгү жогоруда белгиленген форумдун катышуучулары болуп чыкты. Мына ушундан улам коомчулукта бул акцияны дагы «Сорос-Кыргызстан» фондусу каржыласа керек деген пикир жаралган. Баарынан кызыгы андан кийин болуп өттү. Тактап айтканда Ак үй алдындагы акциянын демилгечилеринин бири, бейөкмөтчү Нурбек Токтакунов митингден кийин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Ричард Майлз менен өзүнүн офисинде жолугушканы тууралуу видео интернет булактарында жарыяланды. Бир бакыйган өлкөнүн элчиси катардагы бейөкмөтчүнүн офисинде эмне кылып жүрүшү мүмкүн? Мамлекеттик деңгээлде чече турган алардын кандай маселелери бар? Эмне себептен алар Ак үй алдындагы митингден кийин жолугушту? Мына ушундай түркүн суроолор жаралды. Албетте, жообу деле көпчүлүккө түшүнүктүү болуп турат. Балким АКШ элчилиги дагы бул акцияны колдоого алышса керек. Мына ушундан кийин Нурбек Токтакунов өзү маалымат сайттарынын бири аркылуу актанган билдирүүсүн жарыя кылды. Анын айтымында АКШ элчиси Ричард Майлз менен болгон жолугушуу мурда эле пландалган экен. Анда эмне үчүн дал ошол митинг болгондон кийинки учурга пландалган? Бул да кокустукпу, же митингди уюштуруп бергенинин акысын бергени келдиби? Анан дагы Нурбек Токтакунов «Мени Памела Спратлендин учурунан бери эле элчилик угат. Алар өздөрү менин офисиме келишет, мен аларга барганга убактым жок» дейт. Кызык, катардагы бейөкмөтчүнүн жумушу бир өлкөнүн элчисинин жумушунан да көппү? Же элчиликтин Нурбек Токтакуновго байланып калган кызыкчылыгы барбы? Айтор, мына ушул жашыруун жолугушуу көп суроолорду жаратты. Американын акчасына маарып, өз мамлекетинин кызыкчылыгын уруп ойнобогондор Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жаратып жатышкан жокпу? Мына ушуну тиешелүү мамлекеттик органдар тыкыр көзөмөлгө алышы керек болуп турат.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru