Айбат » Окуучулук күндөр, мектепте эмес чатырда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Окуучулук күндөр, мектепте эмес чатырда

Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебинин курулушуна байланышкан чуулгандуу чырына ушул убакытка чейин чекит коюлбай келет. 48 млн сомдук каражат кеткен мектеп балдардын билим алуучу жайы эмес, көгүчкөндөр көбөйө турган жайга айланып отурат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

чатыр

«Мамлекет өзүнүн бюджети жыртык деген сөзүн байма бай айтып келет. Бирок өзү берген каражатты өз деңгээлинде колдонбой, кайрадан чыгым тартып отурат. Азыркы тапта да жаңы мектеп салууга мамлекет тиешелүү каражатын бөлбөй жатканы кыжырды келтирип, мамлекетке болгон ишенимин жоготууда. Себеби ушул эле мектепти курган Хан Теңири фирмасын жазалоого дагы эч бир мамлекеттик органдын күчү жетпей, азыркы тапта бул фирманын бар жогу билинбей калды», – дейт айылдыктар.

Ошол учурларда иштеген финансы министри Акылбек Жапаров, Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Ишенбай Кадырбеков, ошол убактагы район башчысы Курманбек Байтереков сыяктуу бир катар атка минерлер мектептин курулушуна кайдыгер карап койгон деп нааразы болушат ата-энелер.

Жаздын келиши менен жазгы талаа өнөкөтүгү башталып, жардам катары билим алуу үчүн берген үйлөрдү ээлери кайра алган соң балдар чатырларда окуусун улантып отурат. «Деги биз эмне деген мамлекетте жашап жатабыз? Билим деңгээлди өстүрүү үчүн мамлекет ар тараптан жардам кылып, ар бир өз жаранынын билим алышына милдеттүү түрдө шарт түзүп бериши керек», – деген оюн билдиришти ата-энелер.

Азыркы тапта жергиликтүү депутаттардын айтымында, Финансы министрлиги тиешелүү каражатты бөлүп бере элек. Буга карабастан «Юистрой» курулуш компаниясы тарабынан 6 млн сомдук иш аткарылып калды. Бул каражатты аталган курулуш компаниясы өз каражатынан жумшап, учурда иш жүрүүдө. Муну менен токтоп калбай, мамлекет да өз салымын кошсо, деген үмүтүн билдиришти тургундар.

0005 (1) 0005 (2) 0005 (3)

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru