Айбат » Freedom House Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң алдыңкы демократиялуу өлкө деп тапты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Freedom House Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң алдыңкы демократиялуу өлкө деп тапты

Кыргызстан, демократияАмерикадан каржыланган бул уюм акыры Кыргызстан тууралуу чындыкты ачык айтты. Бул эл аралык уюмдун «Өткөөл мезгилдин өлкөлөрү – 2015» деп  аталган отчетунда Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен демократияны туу туткан алдыңкы өлкө катары айтылды. Ал отчетто Кыргызстан авторитардык эмес, жарым авторитардык өлкөлөрдүн катарына кириптир. Мындай категорияга Freedom Houseбиз менен кошо Армения жана Косово мамлекеттерин киргизген. Ал эми Россия, Казакстан, Тажикстан , Белоруссия, Азербайджан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүн авторитардык өлкөлөргө киргизген. Демек коңшулаш өлкөлөрдүн ичинен демократиялык жолдо бараткан жападан жалгыз Кыргызстан болуп чыга келген. Эл аралык уюмдун бул отчету аркылуу Кыргызстан тууралуу чындыкка жакыныраак баа берилгенине да шүгүр деп туралы. Болбосо буга чейин өлкө ичинде жарандарыбыз сөз эркиндигине какап-чакап атышса деле болбой, бизди сөз эркиндигин чектеген өлкө катары көрсөтүүгө далалат жасап келишкен.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru