Айбат » Датка—Кемин линииясындагы эң катаал аймакта иш аяктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Датка—Кемин линииясындагы эң катаал аймакта иш аяктады

Датка—КеминДатка—Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясынын  Кырк-Кыз ашуусундагы бөлүгү аяктады. Бул тууралуу линияны тартып жаткан топтун Нарын облусу боюнча өкүлү Талантбек Касманбетов  билдирди. Аталган участок Жумал районунда жайгашып эң катаал участок катары айтылып келген.

Талантбек Касманбетов  Датка—Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартуу иштери кандай гана аба ырайы болбосун иш план боюнча жүрүп жатканын белгиледи.

“Негизи бул участокто чубалгыларды тартуу иштери март айында башталышы керек болчу. Бирок, климаттын катаалдыгынан июнь айында ишибизди баштаганбыз”, – дейт ал.

Т.Касманбетов Датка—Кемин долбоору мындан 20-30 жыл мурда башталышы керектигин айтып, анын маанисин өзгөчө баалады. Ошондой эле ал түндүк менен түштүктү байланыштыра турган бул линия Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru