Айбат » Бакыт Бакетаев, коомдук ишмер: “Биздин оппозиция эмне болсо дагы каршы айтыш керек деген принципти кармап алган”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев, коомдук ишмер: “Биздин оппозиция эмне болсо дагы каршы айтыш керек деген принципти кармап алган”

Бакыт Бакетаев- “Мен кайдыгер эмесмин!” аталыштагы форумду “Сорос Кыргызстан” фонду каржылаганы белгилүү. Ошол эле форумдун уюштуруучулары 24-июнда Ак үй астында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы өткөн митингге катышты. Кызык жери, ошол митингдин катышуучусу Нурбек Токтакунов митингден кийин АКШнын Кыргызстандагы элчисине жолукканын тастыктаган тасма интернетте жарыяланды. Бул көрүнүш эмнеден кабар берет?

– Биздин өлкөдө эмнегедир түшүнбөстүк иштер болуп жатат. Алсак оппозиция бийликтин ордуна туруп, бийлик оппозициянын ордуна туруп келди. Муну кандай түшүнсө болот? Мисалы, оппозиция 2020- жылга дейре Конституцияны өзгөртпөйбүз деп атышат. Бийликтегилер болсо өзгөртүү зарыл деп жатат. Менимче, бул баш мыйзам бийликке ыңгайлуу 20-жылга чейин тынч иштей берсе болмок. Тескерисинче оппозиция бийликти кыйнаш керек эле… анткени мыйзам бир эле айдын ичинде жазылып калып, каталары көп да… азыркы баш мыйзам элдин, коомдун талабына жооп бербей жатат. Ошол үчүн оппозиция баш мыйзамды өзгөртүшүбүз керек деп чыгышы керек эле. Тилекке каршы андай кылышкан жок. Эл такыр эле түшүнбөй калды. Же биздин оппозиция эмне болсо дагы каршы айтыш керек деген принципти кармап алган. Ошондо биз оппозиция болобуз деп ойлоп жатышат. Булар, бийлик ак десе, кара деп, туура болсо, туура эмес деш керек деген максаттары бар. Менин баамымда бул мыйзамды өзгөртүшүбүз зарыл. Коом өзгөрүп, адамдар өзгөрүп жатса кантип алмаштырбаш керек? Библияга деле, Американын баш мыйзамына да өзгөртүүлөр кирген. Бул Куран эмес да өзгөрбөгүдөй…  Эгер өзгөрбөйт дей турган болсо, биздин баш мыйзамды Мухаммед пайгамбар жазганбы? Чынгыз Айтматов айткан “Бул дүйнөдө жыртылбас таш, жыртылбас эч нерсе жок” деп. Сөздөн башка жыртылбас эч нерсе жок. Ошол үчүн Конституцияны коомго жараша өзгөртүп туруш керк. Ал эми өздөрүнүн кызыкчылыгы бар болсо керек. Азыр айтуу абдан кыйын болуп калды.

- Негизи эле АКШнын Кыргызстандагы азыркы элчиси Ричард Майлз тууралуу ар кандай кептер айтылып келет. АКШдан сырдуу жүктөр келип жатканы да айтылууда. АКШ эменени көздөп жатышы мүмкүн?

– Америка, адаттагыдай сөз эркиндиги, адам укуктары жана башка саясаттары менен дүйнө жүзүнө өкүмүн жүргүзүп келе жатат. Кандайдыр бир кызыкчылык бар да ортолорунда. Жөн эч качан болбошу мүмкүн.

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru