Айбат » Жумакадыр Акенеев, коомдук ишмер: “Конституция 2010-жылы шашылыш кабыл алынган”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, коомдук ишмер: “Конституция 2010-жылы шашылыш кабыл алынган”

Жумакадыр Акенеев- Жумакадыр мырза, учурда Жогорку Кеңештин үч фракциясынын лидерлери тарабынан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу демилгеленүүдө. Буга кандай карайсыз?

– Мен буга эки тараптуу карайм. Биринчи четинен алып караганда, Конституция өзгөрүш керек. Себеби чындыгында эле 2010-жылы шашылыш кабыл алынып, бир топ орчундуу жагдайлар эске алынбай калган. Мисалы, премьер-министрдин ыйгарым укуктары азыраак. Район акимдерин кызматка кое албайт, кайра кызматтан ала албайт. Бул бийликтин вертикалын жоготот. Экинчи четинен алып караганда Конституцияны өзгөртпөй деле иштесе болот. Качан мамлекет өнүгөт? Качан туруктуулук болгондо, министрлер 3-4 жыл, премьер-министр 5 жыл иштегенде. Тилекке каршы азыркы Конституция ага жол бербей атат.

- Бул өзгөртүү сунушуна ылайык президенттин эмес, өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейтилери белгилүү болду. Бирок ошого карабастан «президент өз укугун кеңейтип атат» деп айыптап аткандар чыгууда?..

– Президенттин укугу кеңейпейт. Премьер-министрдин укугу күчтөлөт. Негизи парламенттик шайлоодо уткан партиянын адамы өкмөт башына келип, ал №1 адам болот. №2- адам спикер, №3-адам президент болот. Азыркы Конституцияда деле ошондой жазылган. Бирок иш жүзүндө өкмөт да, парламент да баары бир алсызыраак болуп калып атат. Себеби өкмөт башчы бул келип кетүүчү адам. Ал эми президент тарыхта калат. Андыктан көп учурда президент жоопкерчиликти көбүрөөк мойнуна алып калууда. Менин оюмча Атамбаев тарыхта жакшы жагынан калууга аракет жасап атат.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru