Айбат » Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: “Конституцияны өзгөртүү сунушунда президенттин укугун кеңейтүү тууралуу сөз жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: “Конституцияны өзгөртүү сунушунда президенттин укугун кеңейтүү тууралуу сөз жок”

Орозбаев Нурлан- Нурлан мырза, учурда Жогорку Кеңештин үч фракциясынын лидерлери тарабынан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу демилгеленүүдө. Буга кандай карайсыз?

– Өзгөртүүгө барса болот. Себеби учурдагы Баш мыйзамда бийликтин вертикалын чыңоодо чаржайыт жагдайлар кеткен. Мисалы премьер-министр жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына талапкерди гана сунуш кыла алат. Бирок дайындай албайт. Аны жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат. Шайланган аким жакшы иштей албаса, аны өкмөт башчы кызматтан ала албайт. Мындай жагдай мамлекеттин бүтүндүгүнө терс таасирин тийгизип коет. Себеби бизде жарандык позиция жакшы калыптана элек. Андыктан акимдерди шайлоодо жердешчиликке, тууганчылыкка алдырып коюулар болот. Андыктан бийликтин вертикалын чыңоо үчүн Конституцияны өзгөртүүгө барыш керек. Буга биз мамлекеттүүлүктү чыңдоо үчүн барышыбыз керек. Бирок, айта кетүүчү нерсе мурдагы баш мыйзамдарга салыштырмалуу 2010-жылда кабыл алынган Конституция бийликти адилеттүү жолго сала алган. Муну моюнга алышыбыз кажет.

- Бул өзгөртүү сунушуна ылайык президенттин эмес, өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейтилери белгилүү болду. Бирок ошого карабастан «президент өз укугун кеңейтип атат» деп айыптап аткандар чыгууда?..

– Мен буга таптакыр карама-каршы карайм. Бул жерде премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү гана каралып атат. Президенттин бийлигин чыңдоо тууралуу кеп жок. Ал эми сиз айтып жаткан көрүнүш бул айрым саясатчылардын саясат жасоо гана аракети.

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru