Айбат » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “АКШнын негизги максаты Советтер Союзунан калган байлыкка ээ болуу”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “АКШнын негизги максаты Советтер Союзунан калган байлыкка ээ болуу”

Токтогул Какчекеев- “Мен кайдыгер эмесмин!” аталыштагы форумду “Сорос Кыргызстан” фонду каржылаганы белгилүү. Ошол эле форумдун уюштуруучулары 24-июнда Ак үй астында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы өткөн митингге катышты. Кызык жери, ошол митингдин катышуучусу Нурбек Токтакунов митингден кийин АКШнын Кыргызстандагы элчисине жолукканын тастыктаган тасма интернетте жарыяланды. Бул көрүнүш эмнеден кабар берет?

– ЛГБТга каршы, чет элдик агент деген мыйзамдардын Кыргызстанда кабыл алынып жатышы чет элдиктерге эч качан жакпайт. Ошондуктан бул жерге Пан Ги Мун да келип кеткен. Андан тышкары, “Сорос Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен чыгып жаткан адамдар НПОнун тукуруусу менен гана көчөгө чыгууда. Мисалы, укук коргоочулар  Аксы окуясында да элди оолуктуруп окко тутуп берген. Бул жерде укук коргоо органдарынын да күнөөсү бар.

Ал эми Нурбек Токтакунов биздин мыйзамдарды сындап эл аралык нормаларга каршы келет деп жатат. Жакында Путин Орусиянын мыйзамы эл аралык мыйзамдардан жогору турат деген мыйзамга кол койду. Биз да ушундай абалга келишибиз керек. Анткени, бүгүнкү күндө курсагын тойгуза албай жүргөн адамдарды азгырып, “сенин укугуң бузулуп жатат” деп мамлекетке тукуруп жатканын көрүп жатабыз.

- Негизи эле АКШнын Кыргызстандагы азыркы элчиси  Ричард Майлз тууралуу ар кандай кептер айтылып келет. АКШдан сырдуу жүктөр келип жатканы да айтылууда. АКШ эмнени көздөп жатышы мүмкүн?

– АКШ болобу Евро Биримдик болобу булардын негизги максаты Советтер Союзунан калган байлыкты алышы керек. Бүгүнкү күндө табигый байлыктар түндүк муз жээгинде, Орто Азияда, Кавказда, Казакстанда калган. Мына ушуга ээ болуу үчүн демократияны башына кармап, элди азгырып, НПО дегендерди уюштуруп саясатты контролдоого аракет кылып жатат. Булар мындай максаты ишке ашырууга акчасын аябай келет.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru