Айбат » Эх, кыздар, кыздар…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Эх, кыздар, кыздар…

Шоу-бизнес чөйрөсүндө көз күйдүргөн бойдок айымдар аз эмес. Анда эмесе, жигиттер, чапкыла, көпчүлүк сугун арткан шоу-бизнестин чүрөктөрүнүн жигиттерге болгон талабы кандай, тааныштырабыз.

мар

Марал Койчукараева, актриса:«МЫРЗАЛАР МУРУНКУДАЙ КЫЗДАРДЫН АРТЫНАН ЧУРКАБАЙ КАЛЫШТЫ»

МАРАЛ,
Жашы
 – 23тө
Бою – 165 см
Салмагы – 58 кг
Параметри – Мезгил менен өзгөрүп турат
Өзгөчөлүгү – Өзгөчө деле эмес
Фишкасы – Кайраттуу, чечкиндүү

Маралдай керилген бул актриса менен таанышам десеңиз, жолугушууга тырмагыңызды тазалап, жакаңызды үтүктөп, бутуңуздагы байпагыңызды жууп, сакал-мурутуңузду алып, айтор, таптаза келет экенсиз. Марал абдан баамчыл, баарын байкап коёт. «Мырзалар жаныбар сыяктуу,дайыма мергенчиликке чыкканды жакшы көрүшөт» дейт. Эгер эки тоонун чөбүн эңсеген «эчкилерден» болсоңуз, ал адатыңызды калтырыңыз. Антпесе, Маралсыз ээнсиреген үйдө жалгыз каласыз. «Учурда кыздаркөп болгондуктанжигиттерибиз мурункудай кыздарды «ухаживать» этипартынан чуркабай калышты» деп капа актриса. Ошондуктан Маралды башка илип кетпесин дегендер, көзүнө карап, гүл сатып берип дегендей, көңүлүн алып турууну унутпаңыз. Чечкиндүү, жашоодон эмне каалап жатканын билген жигиттер, чамдагыла, Марал көптөн бери жигит менен мамиле кура элек, марага сиз биринчи жетип келип калсаңыз ажеп эмес.

Элиза Кененбаева, телеалпаруучу:«КЕЧИРИЛБЕС ЖОРУК БОЛБОЙТ»

ЭЛИЗА,
Жашы
 – 26да
Бою – 155 см
Салмагы – 45 кг
Параметри – Эсинде жок
Өзгөчөлүгү – Мүнөзү жумшак
Фишкасы – Назик үнү

Кыздардын дээрлик баарына шыңга бойлуу, чымыр денелүү, сулуу жигиттер жагат эмеспи. Жүрөк менен көңүл такыр башкасын тандап калышы мүмкүн деген ойго алпаруучу Элиза Кененбаева кошулат. Эгер келечектеги өмүрлүк жары «алпаруучулукту таштасени өзүм элебагып алам» десе, өзүнүн да кошумча талаптарын айтып, телеге чыкпай коюуга даяр. Анан да билимсиз, сараң, майдачыл мырзалар убара болбосун дейт. Эгер Элизадан «жумуштарым көп элебошобой жатам» деген жооп уксаңыз, анда сиз жакпай калдым деп акырын жолуңуздан кайта бериңиз. Мүнөзү абдан жумшак, өтө эле кечиримдүү, «мырзалардын кечирилгис жоругу жокбаарын кечирүүгө болот» деп эсептейт. Ашканада мыкты кожойке. Лагман менен мантыны күн ара жаса десеңиз деле эринбей даамдуу жасап берет.

Айгерим Расул кызы, ырчы:«КҮЙӨӨМ КӨЗҮМӨ ЧӨП САЛСА, КЕЧИРБЕЙМ»

АЙГЕРИМ,
Жашы
 – 21де
Бою – 173 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 93-63-100
Өзгөчөлүгү – Тайманбастыгы
Фишкасы – Түшүнүксүз мүнөзү

Шоу-бизнестин сексуалдуу айымы десе эле көп мырзалар Айгерим Расул кызын айтышат. Ошондуктан анын ашыгы болгусу келген жигиттерге Айгеримдин бир-эки «секреттерин» ачып коёлу дедик. Айгерим менен таанышам деген мырзалар кадамды таштагандан эле адашпаш керек. Чү дегенде эле көзүңүздү ойноктотуп, жеңил ойлуулугуңузду билдирип койсоңуз, иш чатак. Ырчы айым «мен өзүм эркек мүнөзмүн, анан да айрым адепсиз, кыздар менен айтышкан, ушакчы мырзаларга караганда сөзүмө бекем турам» дейт.
Баса, Айгеримдин көзүнө чөп салсаңыз, сизди эки дүйнө кечирбейт, андыктан үйлөнгөнгө чейин ойноп-күлүп алыңыз. Болочоктогу жолдошу тапкыч, үй-бүлөсүн багып кете ала турган мырза болсо, күйөөсүнүн каалаган тамагын жасап берип, анча-мынча «кыска кийбе, азыраак ырда» деген талаптарына деле «жертва» кылып тынч отуруп калат. Жигиттер, көрдүңөрбү, ырчы кызыбыздын болочоктогу жолдошуна болгон сыйын. Бразилиялык Геннадий аттуу жигит Айгеримди катуу сүйгөнүнөн ислам динин кабыл алыптыр, а силер жүрөсүңөр, Токтогул Алымканды күткөндөй болуп. Эртең бирөө илип кетсе бармагыңарды тиштеп калбагыла.

Назгүл Токтакунова, ырчы:«КҮЙӨӨМӨ ҮЙ ЖУМУШУН КЫЛДЫРТПАЙМ»

НАЗГҮЛ,
Жашы
 – 26да
Бою – 165 см
Салмагы – Арык эле
Параметри – Көптөн бери ченеп көрө элек
Өзгөчөлүгү – Өзүнө окшош эч ким жок
Фишкасы – Сары чачы

Шоу-бизнестин дагы бир татынакай бойдок кызы Назгүл Токтакуновага көзүңүз түшүп калса керек. Бул сары чачтуу ырчы кыз баласынын памперсин алмаштырып, кээде тамак жасап жубайына кол кабыш кылган чарбачыл эркектерди анчейин жактыра бербейт. «Турмушка чыксам, күйөөмө үй жумушун кылдыртпайм, баарына өзүм жетишем» дейт. «Үй-бүлөнү эркек киши башкарыш керек» деген принципти тутунат. Талашып-тартышып калсаңыз, такыр айтканынан кайтпайт, көгөрүп тура берет, бирок жини бат келип, бат тарайт. Жасаган тамагы Назгүлдүн маанайына жараша даам берип турат. Эгер тамагы супсак болсо, маанайы жок болгонунан, ал эми даамдуу болсо, маанайы көтөрүңкү экенинен кабар берет. Бир үйдүн көкүрөк күчүгү болгондуктанбы, жашоодо да абдан эрке, анча-мынча айтышып калса «эркелеп жатат» деп түшүнүңүз. Байлыгына чиренип, «акчаң болсо «илибой» кызды чаап алса болот» деп өзүнө ишенген жигиттер, Назгүлгө жакындабагыла, силердин байлыгыңарды колунун кирине теңейт экен.

Гүлнур Асанова, актриса, ырчы:«МЕНИН КААЛАГАНЫМДЫ КЫЛЫШЫ КЕРЕК»

ГҮЛНУР,
Жашы – 25те
Бою – 167 см
Салмагы – 56 кг
Параметри – 87-61-92
Өзгөчөлүгү – Жакындары билет
Фишкасы – Узун чачы

«Мындай-тигиндей жигиттер жагат» деп кылыктанганды жаман көргөн Гүлнур Асанова «эркек» деген атка татыктуу мырза – менин кыялымдагы ханзаада» дейт. Бул кыздын сеңселген узун чачына ашык болгондор канча, кашын серпип койгондо анча-мынча балдар «өчүп» калат. Гүлнурдун жүрөгүн багынтам десеңиз, эң оболу анын каалаганын жасап, көңүлүндөгүдөй болушуңуз шарт. Билимдүү, патриот жигиттердин «шансы» көбүрөөктөй, себеби мекенчил жигиттер ырчынын табитинде.
Сиз үчүн карьерасын курмандыкка чалсын десеңиз, сиз да көзгө көрүнүктүү курмандыкка барышыңыз керек экен. Анан да бул сулуу эркелеткенди абдан жакшы көрөт. Гүлнур эркелеткенде «жаным, жан эркем, жан биргем, жалгызым, күчүгүм, мышыгым» деген эркелетүү сөздөрү жолдо калат. Чимириле чыгыш бийин бийлеп жиберсе, кымбат баалуу буюм сатып берип, үй-бүлөлүк каржы каатчылыгына кабылып калышыңыз да мүмкүн. «Колумдан баары келет, тикмечилик, сүрөтчүлүк өнөрүм бар. Кээде эркектерге тиешелүү жумуштарды деле жасап коём» дейт актриса. Эгер жинине тийип койсоңуз, акыйнек айтышып отурбай, какшыктап эсепти 1:0 кылып коюшу мүмкүн. Кемчилигиңиз болсо, түз эле бетиңизге айтып салат. Терс сапаттарынан бир аз уйкучулук жайы бар, будильник чырылдап жатканда укмаксанга салсаңыз, анда сиз сөзсүз Гүлнурдун жолдошу боло аласыз.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru