Айбат » Сыймыктанат бирок, билгизбей

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сыймыктанат бирок, билгизбей

2015-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү жыл болду.  Ага мисал келтирсек бир катар трагедиялуу окуяларды эскерип жатабыз. 2010-жылдагы апрель революциясы Кыргызстанды парламенттик демократияга багыттап, саясий өзгөрүүлөргө жол ачты. Албетте, биз Чехиядагыдай парламенттик системада жашап жатпаганыбыз менен чыныгы парламентаризмге багыт алдык. Ошентсе да жаңы жашоого, акыйкатуулукка, жаркын келечекке ишеним пайда болду жана үмүттүн шооласы жанды.

Кыргызстан, Бишкек, флаг, аянт

2010-жылдагы июнь окуясында биздин коом өтө назик экени даана байкалды. Буга абайлап мамиле кылуу керектигин ушул окуядан кийин толук ынандык. Азыркы учурдагы стабилдүүлүктү, ачык асманды, өз өлкөсүндө балдарын эне тилинде өстүрүү эмне деген бакыт экенин билип калдык. Кыргызстанда жарандар каалагандай оюн айта алат, жашоосуна киришкен эч ким жок.

Биз бийликти карапайым элдин проблемасын чечпейт, элге пайдасы тийбейт деп дайыма айыптап келебиз. Мындай көз караш бизде эле эмес, ар бир мамлекетте болсо керек. Бирок, мамлекеттеги кырдаалды өзгөртүүгө биз кандай салым коштук деп өзүбүзгө суроо бере бербейбиз. Чындыгында, биз коомдогу активдүү жарандар өлкө үчүн эмне жасадык?

Мындан бир нече жыл мурда Кытайдын Ички Монголия аймагына барып калдым. Ал жерде курутту кооз таңгактарга салып сатат экен. Ойлонуп калдым. Капаландым. Эмне үчүн бизде ушундай ишти жасаса болбойт деп өзүмө суроо бердим. Кийин Бишкекке келгенден кийин Шоро компаниясынын куруттарды тоголоктоп атайын таңгакталган пакеттерде сатып жатканын көрүп кубандым. Кимдир бирөө сырттан эле кооз сүйлөп койсо, кээ бирөөлөр иштеп жатканына ынандым.

«Бизге эч ким жакшы жашоо алып келүүгө милдеттүү эмес, биз буга өз эмгегибиз менен жетишибиз керек”.  Бул сөз Сингапур кереметинин атасы атыккан, өз өлкөсүн дүйнөлүк каржы борборуна айланткан Ли Куан Юга таандык. Бирок, аны эл колдобогондо мындай ийгиликке жетмек эмес. Бул чындык.

Мен Кыргыз Республикасын өткөн кылымдагы авторитардык Сингапурга “чаптагым” келген жок. Биз кичинекей кооз өлкөбүз жана өз жолубуз бар. Мындан беш жыл мурдагыдай авторитардык башкарууга кайра барбашыбыз зарыл. Бизге үлгү болчу башка мамлекеттер бар. Мисалы, Германия, Чехия сыяктуу өлкөлөрдү айтсак болот.

Ушул жылы 1990-1993 -жылдары активдүү иш алып барган Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) 25 жылдыгын белгиледик. Анда кыргыз коомчулугунда КДКнын активдүү мүчөлөрү болгон.

Мен эмне үчүн бул окуя тууралуу айтып жатам. Анткени, тарых келечек муундун официалдуу эмес идеологиясы. Биз өткөн тарыхка көз чаптырып, алдыга карай жылышыбыз керек. Тарыхый фактыларга канчалык адилеттик менен карасак өткөн күнүбүздү ошончолук жаркын билебиз.

Жакында президент “1916-жылдагы кайгылуу окуяларды белгилөө боюнча” жарлыкка кол койду. Бул кыргыз жана орус улуттары ортосундагы мамилени чыңалтуу үчүн жасалган жок. Бул өз убагында улутту өзүн-өзү таанууну эскертүү жана  элдин сыймыгын эске салуу. Үркүн окуясында кыргыз эли  падышачылык башкарууга каршы чыгып көтөрүлүшкө чыккан. Анда биздин ата-бабалар эгемендүү өз өлкөсү үчүн жана көз карандысыздык үчүн тикесинен-тик турган. А чындыгында, бул күнгө 1991-жылы жеткенбиз.

Кыргыз эли эгемендүүлүк үчүн кылымдар бою күрөшүп келгенин Манас эпосу сыяктуу чыгармалардан таанышсак болот. Буга мисал катары 1855-1865-жылдагы Кыргызстандын түндүгүндөгү колонизаторлорго каршы көтөрүлүштү, 1873-76 жылдардагы Полот хан баштаган каршылык сыяктуу окуяларда айтсак болот.

Азыр биздин мамлекетте жашап жаткан орус тилдүү калк да 1916-жылдагы окуяны акыйкаттык, эгемендүүлүк жана падышалык бийликке каршы күрөш деп баалайт деп ойлоймун. Азыркы жаштар Үркүндөгү Ысык-Көл аймагында көтөрүлүш учурунда кээ бир өзүнүн теги орус болгон кишилер улуттук-боштондук кыймыл тарабына өтүп, жазалоочу орус аскерлерине ок аткан учурларын билет. Үркүндүн учурунда, ага чейинки улуттук-боштондук күрөшүнүн учурундагы падышалык оторчул жазалоо аскерлеринин ырайымсыздыгын Орусиянын өзүнүн либерал демократтары көтөрүп чыккан. Александр Керенский деген Мамлекеттик Думанын депутаты, комиссиянын жетекчиси болуп, ошо падышачылык учурунда эле бул ырайымсыздыкты катуу сынга алып келаткан. Демократиялык Россия муну абдан жакшы түшүнөт.

СССР маалында Кыргызстан Енисейдеги Кыргыз Каганаты боюнча тарыхтын бетин ачуудан карманып келген. Бирок, орустун биз сыйлаган археолог досубуз Юлий Худяков (Новосибирск) жана этнограф  Виктор Бутанаев ж.б. бир катар орусиялыктар кыргыз Каганатын кыргыз тарыхынын бир бөлүгү катары айткан. Бүгүнкү күндө биздин ата-бабалардын  татыктуу басып өткөн жолунан баш тартпашыбыз абзел.

Ушул жылы кыргызстандыктар Саул Абрамзондун 110 жылдыгын белгилейт. Ал 20-кылымдын көрүнүктүү кыргыз таануучусу экени талашсыз. Саул мырза еврей улутунан чыккан кыргыз окумуштуусу жана санжырачысы, манас таануучусу, этнографы катары бизге белгилүү.

Дүйнөдөгү биздин чыныгы досторубуз 1916-жылдагы окуя боюнча илимий-маданий иш чарабызды чын жүрөктөн колдойт деп үмүт кылабыз. Анткени, бул окуя биздин тарыхыбыз жана кыргыз элинин баскан жолунун бир бөлүгү.

«Мурас» коомдук фондунун башчысы, Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru