Айбат » «Замандаш» улуттук кайра жаралуу партиясынын билдирүүсү: Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдумду 2016-жылы өткөрүүнү сунуштайбыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Замандаш» улуттук кайра жаралуу партиясынын билдирүүсү: Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдумду 2016-жылы өткөрүүнү сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын конституциясы«Замандаш» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгенин тегерегендеги талкууларга кылдат көз салууда. Өлкөнүн Баш мыйзамын реформалоо боюнча партиянын өз көз карашы бар.

  1. Конституциялык өзгөртүүлөр тууралуу коомдо түрдүү пикирлер пайда болуп жаткандыктан, партия бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште бул мамлекеттик зор маанидеги маселе боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү сунуштайт.
  2. Республиканын эли мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгондуктан, ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинен сыртта калбашы керек. Андыктан «Замандаш» партиясы конституциялык өзгөртүү боюнча коомдук угуулардын жыйынтыктарын Элдик конституциялык кеңешменин же комитеттин кароосуна алып чыгууну демилгелейт.
  3. Элдик конституциялык кеңешменин талкуусуна «Замандаш» партиясы Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолордун өз долбоорун киргизүүгө ниеттенүүдө. Баш мыйзамга керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү техникалык, утурумдук маселелер менен чектелбей, мамлекетти бекемдөөгө багытталууга тийиш. Конституциялык реформалар бийликтин тең салмактуулугун, укук үстөмдүгүн жана соттордун адилеттигин, көз карандысыздыгын камсыздоо принциптеринин негизинде бийликтин бардык бутактарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө арналышы зарыл.
  4. Биз премьер-министрдин ыйгарым укуктарын чыңдоо менен жоопкерчилигин жогорулатууну сунуштайбыз. Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталып, бирок анын курамы кабинет башчысы тарабынан аныкталышы керек.

Турмуш өзү көрсөткөндөй, коалициялык башкаруу системасы Кыргызстандын шартында өзүн актай алган жок. Коалициялардын туруксуздугу жана лидерлеринин жеке амбицияларынан көз карандуулугу өз кезегинде министрлер кабинетинин майнапсыз ишмердүүлүгүн шарттап турат.

Аткаруу бийлигинин вертикалын так, даана орнотуу да өзгөчө маанилүү маселелердин бири.

Башкаруунун аралаш, кош бийлик формасы да өзүн актай албады. Биз же таза парламенттик республика формасын, же президенттик башкаруу формасын тандап алуубуз керек.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо системасы жана депутаттардын санын аныктоо да кылдат мамилени талап кылат, мында биз өзүбүздүн парламентаризмдин оң-терс тажрыйбаларын эске алуубуз зарыл.

«Замандаш» партиясы бул Конституциялык реформага шашылбастан, бардык жагдайлардын ар тараптуу жана терең талдоо менен барууну туура көрөт. Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдумду 2016-жылы, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүүнү сунуштайбыз.

Партия кызыкдар күчтөрдүн бардыгын, партиянын Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук угууларды өткөрүү жана Элдик конституциялык кеңешмесин чакыруу боюнча демилгесин колдоого, жана анын ишине жигердүү катышууга чакырат.

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru