Айбат » Эрнис Уметалиев, композитор, үн режиссеру: “Бизге секс жана наркотик керек эмес”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эрнис Уметалиев, композитор, үн режиссеру: “Бизге секс жана наркотик керек эмес”

Эрнис Уметалиев“Ак шоола” балдар хорунда ырдап жүрүп, кийин “Кылым” тобуна музыка жасоодон баштап Кыргызстандын учурдагы “мен, мен” деген ырчылардын музыкасын аранжировка кылып, жылдыз жандырган “EkaRecords” студиясынын негиздөөчүсү Эрнис Уметалиев менен “7 жыл” аттуу концертинин алдында маек курдук.

- “EkaRecords” деп хит ырлардын арасынан угуп калганыбыз менен, ушу хиттерди жараткан студиянын ээсин эл жакшы тааный бербейт экен, өзүңүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз.

– Аты-жөнүм Эрнис Уметалиев, Чүйдүн кулуну болом. Атам композитор, “Композиторлор союзун” жетектейт, апам “Ак шоола” балдар хору менен иштеп келет. Ушундай музыкант интелигенттердин баласы болгондон кийин мен дагы алыс кетпей, бала чагымдан музыка дүйнөсүнө аралашып калдым. Үй-бүлөлүк абалым, азырынча – бойдокмун.

- Демек студия ачуу тагдырдын жазылганы экен да?

– Ошондой десек да болчудай, себеби мен жашоомду музыкасыз элестете да албайм. Музыка жазуу менен мен коомго, деги эле бул дүйнөгө өз салымымды кошуп жатам десем болот. Анткени адамдар туура музыка, туура ыр укса, өздөрү дагы туура жолдо жүрөт деген ойдомун.

- Логотип эмнени билдирет?

– 5-6 дизайнердик компанияларга кайрылганымда, алар мага көңүлүмө жаккыдай эчтеке тартуулай алышпады. Бардыгы эле микрофон, компакт диск жана ушу сыяктуу музыкалык темадагы дизайнды көргөзө беришти. Акырында Тилек Каниметов деген байке досум келип – “Эка, идея келди. Эмнегедир сенин студияңды ушундай элестетем. Бул сага менден белек. Өзгөртпөй колдончу” – деп ушуну сунуштады. Ал адамды мен сыйлайм, өзүмө да жакты, ошо менен калды.

- Бишкекте эле отуздан ашык студия бар экен, ошолордун арасынан эң көрүнүктүүсү сиздики, мындай ийгиликтин сыры эмнеде?

– Эң негизкиси биз башынан эле музыканын сапатына катуу басым жазайбыз. Биздин коом эптеп эле бир “ырды” укпастан, кадимкидей тарбия берчү музыканы жаратканга аракет кылабыз. Тойлордо хит болсун деп коммерциялык ойдо эмес, жан дилибизден жаштарга, чыныгы музыка сүйүүчүлөргө иштеп келебиз.

Азыр карап көрсөңөр жаш балдар-кыздар эмнени угуп жатышат, секс жана наркотик тууралуу ырларды угуп, деградация болуп, акыл-эси артка кетип жатат. Биз музыка менен, сиз газета менен, дагы бирөө колунан  келгени менен коомго жардам берсе, туура иштерди кылып, туура багытты көргөзүп, туура келечек курса, келе жаткан муун бизге рахматын айтса керек. Бизге секс жана наркотик керек эмес, бизге таза аң-сезимдүү коом, таза жана туура курулган келечек керек. Ушундай себептен мен жашоомду толугу менен музыкага арнап, мен өтүп кеткенден кийин дагы менин музыкам жашай берсин деп талыкпай эмгектенгендиктен ушул ийгиликтерге жетип жатсам керек. Сыры ушундай ;)

Эрнис Уметалиев, EkaRecords

- “EkaRecords” студиясынан жазылыш үчүн ким болуш керек, ырчыларды кандай критерийлер менен тандап жаздырасыңар?

– “Сизге кантип келсе болот? Силерде бир гана жылдыздар жазылышат. Канчалаган ырчылар келе албай жүрүшөт, а мен жазылып жатам, вау” деген сымал көп сөздөр болот, а бирок чындыгында биз антип эчкимди бөлбөйбүз. Талантың барбы, ырдагың келеби, анда “EkaRecords” студиясы ар дайым жана ар бир чыгармачыл адамга ачык.

- Чет элдик ырчылар менен иштешесиңерби? Дүйнөлүк масштабга чыгууга пландарыңар барбы?

– Оозуңуузга май! Сунуштар бар, жакшы ойлорубуз бар, ошонун бары ишке ашсын деп аракет кылып жатабыз. Казак туугандарыбыз менен иштешип келебиз жана буйруса ал жака дагы студия ачып, өсүп-өнүгүүнүн кийинки кадамын жазайбыз деген ниетибиз бар. 7 жыл дегеним менен чындыгында он жылдан да ашты, чыгармачылыкта ырчы, бийчи, продюсер, клипмейкер досторум көп. Бардыгы бардык жагынан жардам берип, чоңойууга колдоо көрсөтүп келишет. Бардыгына рахмат, абдан ыраазымын!

- Боло турган концертиңиз тууралуу айтып берсеңиз, өзгөчөлүгү эмнеде?

– Биздин студия бир нече концерттерди уюштурууга жана өткөзүүгө жардам берген. Тажрыйбабыз бар. Жылдын башында, же аягында деле концерт берсек жараша бермек, бирок биз дал ушул ыйык орозо айына токтолдук. Бул да болсо майрам да.

Биз бул концертке абдан чоң каражат жумшаганы жатабыз. Себеби бизге акча табуу эмес, концертке келген күйөрмандарга сапатту музыка, сапаттуу сахна жана эсте калаарлык шоу-концерт тартуулоо. Тарыхта калчудай болот деп ишенем ;)

 Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru