Айбат » Элим деген эл өкүлү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Элим деген эл өкүлү

Таалайбек ИбраевЖогорку Кеңештин депутаты Т.Ибраев Кочкор районуна иш сапары менен барып, бир катар көйгөй жараткан имарат, сейил бактары менен таанышып, Көбөгөн-Сай жаңы конушунун тургундары менен жолугушту.

Аймактык кабарчы билдиргендей, эл өкүлү Кочкор айылындагы сейил багына түнкү чырак коюуга жана отургучтарды жасап берүү жагынан жардам берээрин айтып өттү. Ошону менен бирге Кара-Суу айылындагы өткөн ӨКМдин атайы даярдалган аракеттерине күбө болду. Маалыматка ылайык, окуу машыгуу «Дипеко 8» долбоорунун негизинде өткөрүлдү. Бул долбоор Нарын облусунда 1 жылдан бери иш алып барып келет. Нарын облусундагы кооптуу деп эсептелинген 5 айылды тандап алган. Долбоордун негизги максаты өзгөчө кырдаалга даярдык боюнча окутуп үйрөтөт.

Кочкор районундагы Кара-Суу айылдагы өзгөчө кырдаал боюнча окуу-машыгууга ЖК депутаты Таалайбек Ибраев жана жергиликтүү бийлик, жашоочулар, мектеп окуучулары жана атайын кызматтык кошуундар катышышты.

«Дипеко 8» долбоорунун негизги донору Евро союздун колдоосу менен иш алып барган ЭКО уюму. Ал эми долбоорду Кыргызстанда ишке ашырган немец Кызыл Крест жана Улуттук Кызыл Ай коому.

Андан сырткары, Кочкор райондук маданият үйү менен таанышты. Аталган маданият үйдүн директору Макишов Орозобек  азыркы учурда жылуулук системасына муктаж экендигин айтты. Андан сырткары, Кочкор айылындагы Көбөгөн-Сай жаңы конушундагы 30 үй-бүлөнүн ушул убакка чейин жерге чечим жок, кайрылбаган жери калбай турган жергиликтүүлөр менен жолугушту.

Алардын айтымында, мындан 7-8 жылдан бери келишим менен алып, азыркы тапта там салып жашап жаткан жергиликтүү тургундар жерге чечими жок насыя ала албай жаткандыктарын айтышты.

Өз кезегинде, депутат учурда мындай маселе бир гана Кочкордо эле эмес, республика боюнча орун алып жатканын айтып, Жогорку Кеңеш бул иш боюнча жакынкы убактарда чекит коёрун айтып өттү.

DSC_0418 DSC_0429 DSC_0437 DSC_0444 DSC_0453 DSC_0457 DSC_0466 DSC_0468 DSC_0475 DSC_0481 DSC_0499 DSC_0505

Мирбек Мамбетов

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru