Айбат » Чубак ажы Жалилов: “Өзүңдүн кулк мүнөзүң менен, жашооң менен даават кыл”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин, Маек » Чубак ажы Жалилов: “Өзүңдүн кулк мүнөзүң менен, жашооң менен даават кыл”

Чубак ажы Жалилов- Мен адамдарга дин боюнча жакшы айтып бере албай кыйнала берем. Себеби, сүйлөөгө анча шыгым жок. Башка жол менен кантип динди жеткизип, даават кылсам болот?

– Китептерди алпарып бер. Өзүңдүн кулк мүнөзүң менен, жашооң менен даават кыл.

- Баардык нерсенин акысын бериш керек. Напсинин акысын адал жолу менен кантип берсем болот?

– Күйөөгө тийиш керек. Болгону ошол.

- Жаш балдардын кийимин өрттөгөнгө болбой дешет…

– Эгер такыр эле кийгенге жарабай калса бир жөндүр. Бүтүн боло турган болсо, башка муктаждарга берип кой. Эгерде жарабай калса, өрттөсө зыяны тийбейт.

- Электрондук тесме менен зикир кылса сообу Кытайларга түшөбү?

– Андай эмес. Кытайга тыйыны, сага сообу түшөт.

- Адам өтүп кеткенден кийин кыркылык, аш өткөрүп элди коноктойт эмеспи? Эгерде маркумдун жакындарынын көңүлүн көтөрүш үчүн барса динден чыккан болобу?

– Эч кандай динден чыккан болбойт. Бирок кырк күн, жети күн деп белгилеген болбойт.

- Мен кафеде иштейм. Кээде кафенин кожоюнунан сурабай эле жей беребиз. Ал адал болобу?

– Ал арам болот.

- Мен инимди сүннөткө отургузалы дедик эле, лазер менен отургузса зыяны тийбейби?

– Зыяны тийбейт. Мен да балдарымды ошентип отургузгам.

- Бир апа кайрылып, олтуруп- туруп намаз окуй албай калдым десе дуа жазып бериптир. Ошол болобу?

– Дуа окуп намаздан кутула албайсың. Олтуруп-тура албаса, жатып окусун.

- Ваннада даарат алып жатканда даарат дуаларын айтса болобу?

– Эгер жанында даараткана боло турган болсо айтпаганы жакшы. Эгер өзүнчө, алыс турган болсо айта берсең болот.

- Ханафий масхабында парз окулган жерде сүннөт окулган болбойбу? Аялзатка да тиешелүүбү?

– Жок андай эмес. Айырмасы жок. Боло берет.

- Намазды аялдар үнүн чыгарып окуса кандай болот?

– Макрү.

- Тойго барганда сүрөт, видеого түшсө болобу? Эгер тойдо атасы болбой калса кызга күбө ким болот?

– Анча-мынча түшүп коюуунун зыяны тийбейт. Бирок нары-бери карап, кечке түшө берсең уят болот. Эгер атасы келбей калган болсо туугандары, агалары күбө боло берет.

- Шам намазына кийин зикир тартылабы?

– Ооба

- Мен өрдөктүн төш этин базардан алып, тамак кылып сатам. Бул арам эмеспи?

– Өрдөктүн эти арам болсо арам, адал болсо адал. Өрдөктүн эти адал болот. Эгер адалдап сойсо…

- Мен жолдошум менен эки жыл мурун ажырашкам. Талак берүү керекпи?

– Кантип ажырашканыңды такташ керек. Балким талактын деле кереги жок. Ошону менен ажырашып кеткен болосуң.

- Нафил намазын окуп бүткөндөн кийин, баардык арбактарга багыштадым десем, өзүмө да сообу тийеби?

– Тийет.

- Бут кийим тууралуу айтып бериңизчи? Аял кишинин бут кийими кара болушу керекпи?

– Негизинен кара болушу шарт эмес. Кандай өң болсо дагы денеңди жаап турса боло берет.

- Менин күйөөм дин тууралуу сабакка келгениме каршы. Ал жумушта жүргөндө айтпай туруп баса берем, күнөө эмеспи?

– Эгер анын динден кабары жок болсо, боло берет. Бирок көндүрүп алсаң андан жакшыраак болот.

- Бала төрөлө электе эле кийимдерин алып койсо болобу?

– Болот.

- Аттахиятта сөөмөйүн көтөрсө болобу?

– Көтөргөн сүннөт болот.

Бакыт Абасбеков

Айбат гезити №134




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru