Айбат » Орозонун түрлөрү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Орозонун түрлөрү

Марокко, Касабланка шаары, Хасан II мечети

Сүрөттү бассаңыз басып чыгарууга даяр календарь чыгат

Орозо – парз, важиб, нафил жана макрух болуп төрткө бөлүнөт.

  1. Парз орозо.

Парз орозо экиге бөлүнөт:

а) Анык дайындалган орозо: Рамазан айындагы орозо сыяктуу.

б) Дайындалбаган орозо: Казага калган орозо менен каффарат катары кармалчу орозолор.

  1. Важиб орозо.

Бул да экиге бөлүнөт:

а) Арноо (назр) иретинде кармалган орозо. Бул белгилүү бир күндө кармалуусу дайындалган орозо.

б) Анык бир күндө же убакыттарды белгилебей кез келген мезгилдерде кармоого бекиген арноо орозо. Бул күнү дайындалбаган важиб орозо болуп саналат.

Орозо – парз, важиб, нафил жана макрух болуп төрткө бөлүнөт.

1.Парз орозо.

Парз орозо экиге бөлүнөт:

а) Анык дайындалган орозо: Рамазан айындагы орозо сыяктуу.

б) Дайындалбаган орозо: Казага калган орозо менен каффарат катары кармалчу орозолор.

  1. Важиб орозо.

Бул да экиге бөлүнөт:

а) Арноо (назр) иретинде кармалган орозо. Бул белгилүү бир күндө кармалуусу дайындалган орозо.

б) Анык бир күндө же убакыттарды белгилебей кез келген мезгилдерде кармоого бекиген арноо орозо. Бул күнү дайындалбаган важиб орозо болуп саналат.

  1. Нафил орозо

Бул – сүннөт, мустахаб же мандуб орозо деп да атала берет. Мындай орозо сооп табуу үчүн негизинен төмөнкүдөй күндөрдө кармалат:

1) Күн аралатып кармоо:

2) Мындай ыкмада орозо кармоо эң жакшы нафил орозо болуп саналат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Эң сооптуу орозо – Дауд пайгамбардын кармаган орозосу. Дауд пайгамбар бир күн орозо кармап, бир күн кармабачу».

Сахабалардан Абдулла бин Умар: «Мен андан да ашыра кармай алам» дегенде, пайгамбарыбыз (САВ): «Мындан жакшысы жок» деп жооп кайтарган. (Муслим, Сыям-192,203; Ибн Маажа, Сыям-43; Насаи, Сыям-76-77; Ахмад бин Ханбал, 2/225).

2) Ай сайын үч күн орозо кармоо:

Ар бир мусулман айлардын 13-14-15- күндөрү орозо кармоо мустахаб. Сахаба Абу Зардын баяндоосу боюнча пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Ай сайын үч күн орозо кармагың келсе, 13-14-15-күндөрүндө карма». (Бухарий, Анбия-37, Саум-56-58; Муслим, Сыям-181; Насаи, Сыям-76; Ахмад бин Ханбал 2/158, 188, 194).

Айша энебиз пайгамбарыбыз (САВ) ай сайын үч күн орозо кармаарын баяндаган.

3) Ар аптанын дүйшөмбү же бейшемби күндөрү орозо кармоо:

Сахабалардан Усама бин Зайддын баяндоосу боюнча пайгамбарыбыз (САВ) ар жуманын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармаган. Неге бул күндөрү орозо кармаары жөнүндө суралганда, ал (САВ): «Адамдардын иш-аракети Аллахка дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү тапшырылат» деп жооп берген. Башка бир баяндоодо: «Мен орозо кармаган кезимде иш-аракетим Аллахка сунулуусун жактырам» деп кошумча айтылган. (Абу Дауд, Саум-60; Ибн Маажа, Сыям-42).

Күн аралатып болсо да, Шаввал айында алты күн орозо кармоо. Орозо айт өтөрү менен дароо алты күн удаа кармоо жакшыраак. Каза, арноо ж.б. орозолор ушул күндөрдө кармалса да, бирдей соопторго ээ болот. Сахабалардан Абу Аюб баяндаган бир хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Кимде-ким Рамазанды орозо менен өткөрүп, артындагы Шаввал айында алты күн кошуп орозо кармаса, жыл бою орозо кармагандай болот» (Ибн Маажа, Сыям-33; Тирмизи, Савм-52), тактап айтканда, «бирге он эсе сооп» эсеби боюнча Рамазан айындагы орозо – он айга, алты күн Шаввал айынын орозосу 60 күнгө тете болуп, жалпысынан жыл бою орозо менен өткөн катары саналаары айтылат. Анткени Курани Каримдин Анаам сүрөсүнүн 160-аятында: «Кимде ким бир жакшы иш жасаса ага мунун он эсесиндей сооп бар» деп айтылган.

4) Арафа күнүндө орозо кармоо:

Ажылыкта жүрбөгөн адамдын Зулхижжа айынын 9-күнүндө (бул күн «Арафа күнү» болуп саналат) орозо кармоосу мустахаб. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Арафа күнү кармалган орозо – мурунку жана келерки бир жылдык күнөөлөрдөн арылтаары Аллахтан үмүт кылынат». (Амад бин Ханбал).

5) Зулхижжа айынын алгачкы сегиз күнүндө орозо кармоо:

Хафса энебиз пайгамбарыбыздын (САВ) эч качан калтырбастан аткарган ибадаттарынын катарында муну да айтып өткөн. (Караңыз: Насаи, Сыям-83; Ахмад бин Ханбал, 6/ 287).

6) Мухаррам айынын тогузунчу, онунчу (бул Ашура күнү) жана он биринчи күндөрү орозо кармоо:

Бул орозо – мустахаб же сүннөт. Сахабалардан Ибн Аббастын баяндалуусуна ылайык, пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага келген кезде жөөттөрдүн Ашура күнү орозо кармаларын көргөн жана: «Бул кандай орозо» деп сураган. «Бул улук күн, Аллах ушул күндө Муса пайгамбар менен Исраил урпагын душмандарынан куткарган. Ошондон улам Муса пайгамбар бул күндөрү орозо кармаган» деген жоопту айтышканда пайгамбарыбыз (САВ): «Мен Муса пайгамбарга силерден да жакынмын» деп айтып, ушул күнү орозо кармоого буюрган. (Бухарий, Саум- 69; Ибн Маажа, Сыям-41; ИбнМалик, Сыям-128).

7) Харам айларында орозо кармоо:

Ай календары боюнча «харам айлары» деп аталган Зулкаада, Зулхижжа, Мухаррам жана Ражаб айларынын бейшемби, жума, ишемби күндөрүндө орозо кармоо мустахаб.

8) Шаабан айында орозо кармоо:

Айша энебиз мындай деген: «Аллахтын элчиси (САВ) эч бир айда Шаабан айындагыдай көп (нафил) орозо кармачу эмес. Ал (САВ) Шаабан айынын бардыгын орозо менен өткөрчү эле». (Муслим, Салат-176; Абу Дауд, Саум-58; Тирмизи, Саум-36; Насаи, Сыям-34-36; Ибн Маажа, Сыям-4,30; Ахмад бин Ханбал-6/80, 89, 294, 300, 311).

  1. Макрух орозолор

Макрух орозолор оор жана жеңил макрух болуп экиге бөлүнөт:

1) Оор макрух орозолор:

Орозо айттын биринчи күнүндө жана Курман айттын 4 күнүндө орозо кармоо оор макрух. Анткени, ал күндөр Алла Таала бизге сунган сыйлашып, мейман күтүп, жеп-ичүү жана кубаныч күндөрү болуп саналат.

3) Жеңил макрух орозолор:

Бир гана Ашура күнүндө орозо кармоо, ошондой жалгыз жума күнүндө же болбосо, бир гана ишемби күнүндө орозо кармоо, нооруз сыяктуу майрам күндөрү орозо кармоо жеңил макрух. Бирок өзү кармап келген орозосу ушул күндөргө ойдо жок туш келип калса, эчтеке эмес.

Жума күнү гана орозо кармоо жөнүндө пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Түндөр арасынан бир гана жума күнүн ибадатка бөлбөгүлө. Бирок бирөөңөрдүн кармап адаттанган орозосу ал күнгө туш келсе, бул башка нерсе».

Эки-үч күн катарынан ооз ачпастан улап орозо кармоо да макрух. Бул «висал орозосу», же үзбөй орозо кармоо деп аталат. Айша энебиздин мындай дегени баяндалган: «Аллахтын элчиси (САВ) үммөтүнө боор оорутканы үчүн алардын үзбөй орозо кармоосуна тыюу салган. «+зүңүз ушундай үзбөстөн орозо кармайсыз да?» дегендерге пайгамбарыбыз (САВ) мындайча жооп берген: «Анткени мени Жараткан Эгем ичирип-жедирет». (Бухарий, Саум-49; Муслим, Сыям-59; Абу Дауд, Саум-24; Дарими, Саум-14).

Шектүү күнү орозо кармоо да макрух. Шаабан айынын 30-күнү Рамазандын күнүбү, же Шаабан айынын акыркы күнүбү деп айыра албай, асман булуттуу болгондон улам жаңы айды көрүүгө мүмкүн болбой шектенип калса, бул күн «шектүү күн» деп аталат. Эгерде аба ырайы ачык болуп турса да жаңы ай көрүнбөсө, бул күн шектүү күн эмес.

Шектүү күндө Рамазан айынын парз орозосун же башка важиб ниети менен орозо кармоо макрух. Кала берсе Рамазан айы кирерден бир-эки күн мурда орозо кармай баштоо да макрух. Мындай макрухтун себеби – Рамазан орозосуна өзүм билемдик менен кошумчалоодон сактануу. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Рамазанды бир-эки күн мурда орозо кармоо менен тосуп албагыла, бирок кимдир бирөөлөргө адаттанганы үчүн бул күндөрдү орозо менен өткөрөр болсо кармай берсин». (Бухарий, Саум-5,14; Муслим, Сыям-21; Абу Дауд-7,11; Тирмизи, Саум-2,4, 38).

Шектүү күндө «Рамазан болсо орозо кармоого, Рамазан кире элек болсо орозосуз эле саналаарга» ниет кылынса, бул орозо болуп эсептелбейт. Анткени орозо кармоого анык жана кескин түрдө ниет кылынуусу керек.

Бир аял үчүн күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозо кармоосу макрух. Мындай орозону күйөөсү буздура алат. Аял кийин күйөөсүнүн уруксат берген күндөрү, же күйөөсү жокто ал бузулган орозону бир күнгө бир күн казасын аткарат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Эри жанында болсо, анын уруксатысыз аялдын нафил орозо кармоосу адал болбойт». (Бухарий, Никах-84,86; Муслим, Закат-84; Абу Дауд, Саум-73.

Хайз жана нифас маалындагы аялзатынын орозо кармоосу харам. Эгер кармаса, орозосу ишке ашпайт. Мындай күндөрдүн орозосун кийин тазарганда каза кылып аткарат. Бирок намаздардын казасын аткарбайт.

 

Орозонун казасы

Рамазан айынын бир же андан артык күндөрү орозо кармай албаган адам кийин мунун казасын аткаруусу керек. Башта айтылгандай, оору-сыркоо, жолоочулук, хайз же нифас өңдүү себептер менен, же атайылап, жаңылып болобу, ниет кылбай коюудан улам орозо кармалбай, анын казасын аткаруу зарыл.

Рамазан айынын бир же андан артык күндөрү орозо кармай албаган адам кийин мунун казасын аткаруусу керек. Башта айтылгандай, оору-сыркоо, жолоочулук, хайз же нифас өңдүү себептер менен, же атайылап, жаңылып болобу, ниет кылбай коюудан улам орозо кармалбай, анын казасын аткаруу зарыл.

Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «Силерден кимдир бирөөлөр ооруп калган болсо, же сапар үстүндө болсо, орозо кармай албаган күндөрдүн ордуна башка күндөрдү санап кармасын». (Бакара сүрөсү, 184-аят).

Рамазанда себепсиз орозо кармабаган адам оор күнөөкөр болот. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Эч себепсиз же оору-кеселсиз туруп Рамазандан бир күн орозо кармабаган адам, башка күндөрдө өмүр бою орозо кармаса да, ошол күндүн милдеттин нагыз аткарган болуп эсептелбейт». (Ибн Маажа, Сыям-14; Ахмад бин Ханбал-1/92, 2/386, 422, 458; Дарими, Саум-18).

Рамазандан башка ар кандай бир түрдөгү орозонун казасын да аткаруу зарыл. Рамазан орозосунун казасын үзбөстөн удаа жана шашыла аткаруу шарт эмес. Чамасы жеткен кездерде кармап орундаса болот.

 

Орозонун каффараты

Рамазан орозосун атайылап, себепсиз бузуудан улам каффарат керек болот. Рамазан айындагы парз орозодон башка ар кандай бир орозону бузса, ага каффарат жок. Тек гана казасы аткарылат.

Каффараттын башкы себеби – улук Рамазандын урматын сактабай, Алла Тааланын ушул куттуу айында белгилеп берген орозосун себепсиз кордогондук деп айтсак болот. Ошондуктан, билбестен, же жащылып парз орозону бузса каффарат жок. Каффарат үчүн бир кулду эркиндикке чыгаруу керек. Бул түрү азыркы заманыбызда жок. Буга чамасы жетпесе үзбөстөн удаа эки ай орозо кармоого тийиш. Буга да чамасы келбесе, 60 кедейди тамактандырып, курсагын бир күн тойгузуу талап кылынат.

Алла Таала Курани Каримде мындай деген: «Жасаган ишищерди текке кетирбегиле».

Атайылап парз орозону бузуудан улам каффаратты али өтөй электе кайра дагы бир ирет билип туруп, орозосун бузган адам бир гана каффарат аткарса жетиштүү.

Каффарат үчүн орозо кармаган адам 2 айдын ичинен бир күн эле кармабай калса, кайра баштан баштап 60 күн орозо кармоосу керек. Мисалы, бир адам 40 же 50 күн үзбөй каффарат орозосун аткарып келип, 41 же 51-күнү бир күн кармай албай калса, мунун баары жокко чыгат да, 60 күндүк орозону кайрадан биринчи күнүнөн баштап эсептеп кармоосу керек болот. Бирок 60 күндүн ичине хайз же нифас күндөрү, орозо кармалбачу айт күндөрү аралап туш келип калган болсо, мындай олуттуу себептерден улам бир нече күн орозо үзүлүп калса, кайра баштан баштабастан, келген жеринен улап кармайт.

Атайылап парз орозону бузуудан улам каффаратты али өтөй электе кайра дагы бир ирет билип туруп, орозосун бузган адам бир гана каффарат аткарса жетиштүү.

Каффаратты аткарууга чамасы келбеген адамдын каффарат милдеттүүлүгү жоюлбайт. Үчөөнүн кайсы түрүн аткара алса да, айтор бир түрдүү каффаратты сөзсүз аткаруусу зарыл.

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru