Айбат » Дуйшен Узен уулу, ырчы: “Кыздарга табитим башкача”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Дуйшен Узен уулу, ырчы: “Кыздарга табитим башкача”

Дуйшен Узен уулу«Сулуулар»,  «Нурдан бүткөн кыргызым», «Жараланган  жүрөк» ж.б аттуу ырларды ырдап, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, үн алгы, сын алгыдан күнүгө жаңырып, ар бир кыздардын уюлдук байланыштарында жаңырып жаткан ырчы ким деп сурасаңыздар анда ал жигитибиз Дуйшен Узен уулу

Туулган айылым-алтын бешигим…

Чаткал районунун Шекафтар деген шаарчасында туулуп өстүм. Айылым өзү кичи болсо да өзгөчө кереметтерге бай, тоолуу  жер болгондуктан  тоо башынан айылды ылдый карап олтурганын өзгөчө кооз.

Көбү сурап калышат эмнеге айылыңардын аты өзгөчө?- деп, анда сөз башынан болсун , уламыштар боюнча илгери жоокерчилик тар заманда, айылыбыз калаа экен даңкы бийик, калаада Шаа аттуу жетим кыз болгон дешет, Шаа токойго отунга кеткен учурда, жоо келип эки тараптан согушушуп айылда бир да тирүү жан калбай калат. Ызы чуу кан болуп турган жерде кыз ташка жөлөнүп ыйлап уйкуга кетип кафтар болуп учуп кетет. Ошондон кийин Шаакафтар деп айтылып келет . Мына ушундай тарыхы бар айылда балалыктын бактылуу кооз күндөрүн өткөрдүм. Балдар менен боз ала чаң болуп, бирде  таарынышсак, бирде элдешип дегендей. 1999- жылы Ю.А.Гагарин орто мектебинин ак босогосун аттадым. Ата-Энем орус класска тапшыртмакчы болгон, мен болсо бул класста окубайм деп качып кыргыз класска кирип олтуруп алганым эсимде.

Дуйшен Узен уулуЫрга болгон кызыгуум…

Негизи кичинемден эле ырдап калчумун, кайсыл жаш экени так эсимде жок Сыймык Бейшекеевдин “Сары тоогум бар элең ай”  “Күзгү нөшөр”  Бек Борбиевдин « Ыр десте» аттуу ырлары менен чоңоюп, өзгөчө көп ырдадым. Үйүбүздүн жанында эле тоо болгондуктан тоого чыгып кыйкырып, мал жандыктарды эл кылып бекер концерт койчу элем .  Ырга болгон кызыгуума дал ушул инсандар себепкер, себеби ушул адамдарга карап түздөнүп таасирленип ырдадык, кудай буйруса, тилегим талыкпай иштей берсек бизди да карап түздөнгөн таасирленген келечек муун өсөөр, жакшы тилек жарым ырыс дейт эмеспи….

Үй-бүлөм кичи мамлекетим…

Үй-бүлөдө негизи 5 бир тууганбыз. Мен  3-уул болгондуктанбы эрке кыял болуп өстүм. Менин музыкага кызыгуумду апам колдоп келет, “Балам дайыма аракетиңен жазба” деген сөзү мага дайыма дем-күч берет. «Атаң барда эл тааны- Атың барда жер тааны» деген сөз бар эмеспи, менин ушул даражага жетишиме атамдын дагы салымы  чоң,  өйдөдө өбөгүм- ылдыйда жөлөгүм таяна, ишенер адамдарым  ата-энем бир туугандарым. Ата-энем жөнүндө айтсам жөнөкөй эле айыл тургундары,  жан дүйнөсү руханий дүйнөсү маданиятка бай адамдар…

Студенттик күндөр…

Орто мектепти аяктап, көздөгөн максатым менен 2010-жылы Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Башкалар сыяктуу эле мен да жатаканада жашап, ачка болгон  студенттик  күндөрдү баштан кечирдим. Окуу жайда Жалилова Чолпон эжеден сабак алдым. Студенттик күндөрүм гитара,  аккордеон, комуздун коштоосундагы  кечелер өз доорун сүрдү.

Сүйүү-махабат…

Кыздарга табитим башкача  болгондуктанбы, окуу жайдагы кыздар баары бирдей жакшы көрүнчү, бирок бир дагы кызды жүрөгүмө жакын ала албадым. «Сулуулар» «Жараланган жүрөк» аттуу ырларым ошол окуу жайдын кыздарына арналган десем да болот.  Студенттик күндүн күчү менен жаралган ырларымдын катарында «Нурдан бүткөн кыргызым» аттуу чыгармам бар. «Эки чылбыр бир тизгин» дегендей  4- курсумда  «ЭлFM» радиосуна жумушка орноштум. Алгачкы айлык маянам 3000 сом эле, мээнет менен тапкан акча баары бир башка болот туура, акчанын баркын билип ата-эне бир туугандарыңдын кадыр баркын биле түшөт экенсиң….

Кыял-максатым…

Менин жашоодогу урааным «Ар дайым алдагы умтулуу». Ар бир адамдын ойлогон ой -максаты болот, максатым кыргыз элимдин маданиятына азда болсо салым кошуп, жүрөктөн чыккан ырларымды элге тартуулоо. Максаттын чеги болбойт,  Кыргызстандын желегин желбиретип ак калпак ала тообузду дүйнөгө таанытуу негизги кыялдарымдын бири. Мен ишенем кыялдар сөзсүз орундалат…

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №134



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru