Айбат » “Шантаж оорулуу” Сооронкулова соорончудай эмес…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Шантаж оорулуу” Сооронкулова соорончудай эмес…

Клара СооронкуловаНегизи ар бир мамлекетте сот бийлигинин өзгөчө орду бар. Бул кызматка барган адамдар да өздөрүн оор басырыктуу алып жүрөт. Кыйшаңдап саясатка да аралашпай, мыйзамдын чегинде гана чечим  чыгарат. Ошон үчүн да соттун чечимине баары баш ийип, керек болсо алардын ишине президент да кирише албайт. Кыргызстанда акыркы кездери айрым соттор мындай укуктарын аша пайдаланып, өздөрүн пиар кылганды адатка айлантып алды. Өткөн жылы Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүп, мамлекеттик бийликти басып алууга бел байлаган “ата журтчуларды” актап жиберип атын чыгарган соттор да болгон. Эми болсо Конституциялык палатанын судьялык кызматынан ыргыган Клара Сооронкулова чыныгы жүзүн көрсөтүп баштады.

Жакында анын маселеси парламентте каралар алдында Клара айым көзү азиз депутат Дастан Бекешовго жакындары аркылуу жардам сураткан экен. Дастан мырза ага көңүлү ооруганбы же көңүлүн көтөрүп коёюн дегенби, айтор,   телефон чалып, «Турмушта бардыгы боло берет, ага көңүлүңүздү  чөгөрбөңүз» деп көңүлүн жубаткан экен. Бирок, добуш берүүдө Бекешов Сооронкуловага каршы баскычын баскан. Ушул окуядан кийин Клара айым Дастан мырзаны “Мен сиздин мага айткан сөздөрүңүздү жаздырып алгам” деп коркуткандыгын депутат өзү маалымат каражаттары аркылуу ашкереледи.

Негизи Клара айым өтө жеңил, популист айым экен. Сотторду тандоо кеңеши да мындай кандидаттын Конституциялык палатага өтүп кеткенине өкүнүп жатыптыр. Азыр болсо сырткы күчтөр колдогон бейөкмөтчүлөр менен Равшан Жээнбековдун сөзүн сүйлөп калды. Кыскасы, Сооронкулова соорончудай эмес. Эмне дейли деңгээли ушул болсо, айыкпас “шантаж оорусуна” чалдыгып калса…

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru