Айбат » Шайлоо алдындагы сурамжылоо: ишениш керекпи, же жокпу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Шайлоо алдындагы сурамжылоо: ишениш керекпи, же жокпу?

Парламенттик шайлоонун алдында интернет-аудиториялардын арасында «Кайсыл партияны тандайт элеңиз?» деген сурамжылоо популярдуу болуп кетти. Көпчүлүгү мына ушундай добуш берүүлөргө ишеним артышса, айрымдары ишенишпейт. Бул сурамжылоолор канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын экендиги тууралуу социолог, SIAR социологиялык компаниянын жетекчиси Айнура Сагынбаева маек куруп берди.

Шайлоо

- Сиз өзүңүздүн профессионалдык тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, мына ушундай сурамжылоолорго ишенүүгө болобу?

– Бул суроого жооп бериш үчүн адегенде мындай добуш берүүлөр канчалык деңгээлде салмактуу экендигинен баштайлы. Биринчиден, интернет-сурамжылоолорго интернет-колдонуучулар гана катышат. Баарынан көбүрөөк жаштар добуш берет. Бирок алар реалдуулукта шайлоого өтө аз келишет. Ал эми ондогон жылдардан берки дисциплинага үйрөнгөн айылдык чоң апалар өз жашоолорунда эч кандай интернетти көрө элек болушса дагы шайлоого активдүү катышышат. Мына ушул эле көп нерсени айтып турат. Бирок чындыгында кырдаал мындан да кыйыныраак, себеби андай сурамжылоолорго Бүткүл дүйнөлүк түйүндөрдүн түрдүү идеялык көз караштагы колдонуучулары катышпайт, болгону ошол сайттын конкреттүү колдонуучулары гана.

Маселен, көпчүлүк интернет-колдонуучулары саясатка таптакыр кызыкпашы мүмкүн жана ал тууралуу материал издешпейт (ал эми шайлоого беш жылда бир жолу барып коюшу мүмкүн). Демек, мындай сурамжылоо – жадакалса интернет-аудиториянын көпчүлүгүнүн пикири эмес. Ошол эле учурда мисалга оппозициялык сайттын аудиториясы жетишээрлик деңгээлде биримдик менен жалындаган оппозиционерге добуш бериши мүмкүн. Ага 90 рейтинг бериши мүмкүн. Бирок бул факт эмес. Реалдуу турмушта мындай оппозиционерлер көп болот.

Бул биринчиден, экинчиден дагы, үчүнчүдөн дагы айта тургандар бар. Акыркы учурларда Кыргызстанда мен көргөн сурамжылоолор адистерди таң калычтуу  опциясы менен таң калтырды. Мындайга өздөрүн олуттуу интернет-ММКсы катары көрсөтүп келаткан айрым сайттар да барды. Мен ар бир катышуучуга бардык убакытка бир гана жолу эмес, а суткасына бир жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып атам.

Жөнөкөй арифметикалык эсеп демонстрация кылат: Бир IP-даректен ар бир колдонуучу бир айдын ичинде партия үчүн 30 жолу добуш бере алат. Эгерде анын үйүндө да, ишинде да интернет бар болсо, анда 60 жолу! Демек, бир партиянын жүз тартиптүү тарапташы 6000 рейтингди бере алат. Бирок, алар кимди алдагысы келет? Өздөрүн өздөрүбү? Эмне деген болбогон нерсе? Бул техникалык жактан түшүнүгү жок, такшалбаган адамдар үчүн примитивдүү вариант.

- Бирок кеңирирээк варианты болсо керек?

– Албетте. Бир адабий каарман айткандай төрт жүз «салыштырмалуу таза жолу» бар. Добуштарды айлантуу жолу. Анонимайзерлер-программасы бар. Бул IP-даректерди таптакыр жашыруун кармайт, мындан башка да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде верификация жок болсо, тактап айтканда ким добуш бергендиги тууралуу так белгилөө жок болсо – мындай сурамжылоолор социологиянын үстүнөн шылдыңдоо болуп калат. Компьютердик программалардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чеги жок. Бул туурасында сиздерге интернетте отуруп жаман эмес акча тапкан көптөгөн фирмалардын өкүлдөрү айтып берет (мындайлар Бишкекте да бар, Россияда андан да көп, менин угушума караганда ири подрядчиктерде бир добуштун баасы 10 рубль турат).

- Кыргызстандык интернет-сурамжылоосуна чет элдик колдонуучулар да катыша алышабы?

– Мына ушул жерден биз эң эле кайгылуу пунктка келебиз. Биз добуш берүүнүн статистикасын, анын ичинде чет элдик добуш берүүлөрдү ачыкка чыгарбаган сайттардын ээлерине ишене алабызбы?

Адис-социолог үчүн «накрутканы» аныктап чыгуу өзгөчө деле күчтү талап кылбайт. Жөнөкөй математикалык ыкмалар бар. Анын колунда бардык статистика бар шартта. Өтө жөнөкөйлөштүрүп айтканда ошол сайтка кирген жалпы колдонуучулардын саны жана добуш бергендердин саны. Булар бири-биринен өзгөчө айырмаланбаш керек.

Мыйзам ченемдүү көрүнүш бар: күндүзгүгө караганда түнкүсүн азыраак добуш беришет, иш күндөрү де малыш күндөрүнө караганда көбүрөөк добуш берилет. Жумушта сайттарга кирүүдөн башка дагы эмне менен алек болсо болот? Эгерде бир партиянын результаты бардык убакытта анча-мынча өзгөрүүсү болбосо стабилдүү болуп турса, анда ал реалдуу болушу мүмкүн. Эгерде капысынан партиянын рейтинги заматта секирик жасап, бир саатта миңдеген добуштарды алып чыкса, анда ал алдоо.

- Демек, алар акысы төлөнгөндөр?..

– Мүмкүн идеялык түшүнүктөр жагынан кайсы бир партиянын лидери аларга жагат, аны коштоп турушат. Текшерүү мүмкүн эмес. Ошондой эле акыркы апталарда мен Кыргызстандын сайттарында кимдир-бирөөгө массалык түрдө добуш таштоолорду байкадым. Эмненин негизинде – түшүндүрүшкөн жок. Мындай жол менен жеңишке жетүүгө мүмкүн эмес.

- Анда мындай результаттардын не кереги бар?

– Мисалга, кайсы бир партиянын ага бардык добушту берип турган тартиптүү жүздөгөн адамдардан турган активи бар. Же болбосо ал партиянын ашыкча акчасы көп… Ачыгын айтканда мындай көбүртүлгөн рейтинг менен партия өзүн-өзү алдап коюшу мүмкүн.

Балким мунун артында реалдуу жана уятсыз практикалык эсеп турат: көпчүлүктүн пикирине гана кошулган, сокур сезимге алданган адамдар болот. Алар «Бардыгы ушул партияга добуш берип атышат, мен да алардын катарында болушум керек» деп ойлошу мүмкүн. Мен да барып, ага добушумду берем деши мүмкүн. Реалдуулукта мындайлар өтө көп эмес.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №135




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru