Айбат » Күмүшбек Ыбыкеев, юрист: “Мурдагы парламентке салыштырмалуу жаман болгон жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Күмүшбек Ыбыкеев, юрист: “Мурдагы парламентке салыштырмалуу жаман болгон жок”

Күмүшбек Ыбыкеев- Бешинчи чакырылыштагы парламенттин дагы мөөнөтү аяктап жатат. Бул парламент кандай өзгөчөлүк менен эсте калды?

– Чындыгында  мурдагы парламентке салыштырмалуу жаман болгон жок. Бирок өйдө-ылдый баардык жерде болгон сыяктуу эле, парламентте деле жакшы да, жаман да жактары менен эсте калды десек болот. Ачык айтып, жакшы иштеди деп айта алам.

- Чынында кандай иштешти жана ишмердүүлүгүнө кандай баа берет элеңиз?

– Парламент мыйзамдарды чыгарып, жакшы эле иштеп жатат. Бирок ошону көзөмөлдөгөндөн бир аз аксап жатат. Негизи баары эле ошентип айтып келишүүдө. Бирок, ошого карабастан жакшы иштегендери, жаман иштегендери да болду. Саясатчылар өздөрү деле айтышты “маанилүү эки ишти өкмөткө түртүп, өзүбүздүн тарыхый миссиябызды аткара албадык” –деп. Булар өзүнө-өзү сын беришти. Мурунку парламентте тилекке каршы мындай нерселер айтылган эмес.

- Элдин ишеничин актай алды деп ойлойсузбу?

– Депутаттар элдин ишеничине толук кире албай жатат деп ойлойм. Бирок мурдагыларга салыштырмалуу жакшыраак.

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru