Айбат » Жумакадыр Акенеев, экономист: “V чакырылыштагы парламент элдин үмүтүн “3” деген баага аткарды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, экономист: “V чакырылыштагы парламент элдин үмүтүн “3” деген баага аткарды”

Жумакадыр Акенеев- Жумакадыр мырза, V чакырылыштагы парламент беш жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктап каникулга тарап кетти. Сиз бул парламенттин беш жылда аткарган иштерин кандай баалайсыз?

– Азыркы парламент буга чейинки Жогорку Кеңештерге караганда ачыкыраак иштеди. Чындыгында көп маселелер ачык болду. Бирок, өкмөттү дайындоо, жумушка коюу, кызмат бөлүшүү аракеттери туура эмес болуп калды. Азыркы шартта аткаруу бийлиги абдан начар иштеп койду. Бул да парламенттин кадыр баркына терс таасирин тийгизбей койбойт.

- Коомчулук тарабынан парламенттин курамын сындагандар да басымдуу. Сиз бул чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамын кандай баалайт элеңиз?

– Чындыгында 120 эл өкүлүнүн арасында “укмуштай” депутаттар көп болду. Мен элдин мындай сын көз карашына кошулам. Себеби, элдер партияга добуш берип жатты да. Ал эми анын курамына көпчүлүк анча көңүл бурган эмес. 120 депутаттын 20сы келип иштеп берген болсо калганы жөн эле отурду.

- Беш жыл ичинде парламентте 1400дөн ашуун мыйзам кабыл алыныптыр. Булар кабыл алган мыйзамдардын сапаты кандай болду?

– Мыйзамдын санына эмес сапатына көңүл буруш керек. Мыйзамдын сапаты анын аткарылуусунан көз каранды. Мыйзамдарды миңдеп кабыл алса болот. Бирок, ал аткарылбаса анын эмне кереги бар. Ошон үчүн булардын мыйзамдарынын сапаты начар болду. Мыйзамдарды оптом кабыл алып жатты. Эми эл шайлоодо партиянын курамына көңүл бурушу керек.

- Бул парламент эң көп комиссия түзгөн Жогорку Кеңеш катары да тарыхта калчудай. Парламенттик комиссиялардын ишмердүүлүгүн кандай бааладыңыз?

– Чындыгында Жогорку Кеңеште комиссиялар көп түзүлдү. Ал эми булар чыгарган чечимдер аткаруу жагынан да сапаты жагынан да аксады. Канчасы жылдап ишин жыйынтыктабай жүрөт. Ал эми жалпысынан V чакырылыштагы парламент элдин үмүтүн “3” деген баага аткарды.

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru