Айбат » Азамат Адилов, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” юристи: “Конституцияда көрсөтүлгөн ченемдер менен иш алып барган парламенттин түзүлүшүн каалайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азамат Адилов, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” юристи: “Конституцияда көрсөтүлгөн ченемдер менен иш алып барган парламенттин түзүлүшүн каалайм”

Азамат Адилов- 5-чакырылыштагы парламент өз мөөнөтүн аяктады. Бул парламент кандай өзгөчөлүктөрү менен эсте калды?

– Бул чакырылыштагы парламент кайым айтышуулардын орун алышы менен менин эсимде калды десем болот. Ошондой эле, көпчүлүк депутаттардын пикири эки ача болду. Фракциялар ортосундагы маанилүү чечимдер, мыйзамдар коомчулуктун жана аларга добуш берген шайлоочулардын катышуусу жок кабыл алынып жатты. Эми бардык депутаттарды тең иштей алган жок деп айтуудан алысмын, арасында өзүн көрсөтө алгандар болду.

- Келээрки парламентти кандай көргүңүз келет?

– Келечектеги парламенттин мындай каталарды кайталабашын каалайт элем. Депутаттар өздөрүнүн кызыкчылыгынан биринчи Улуттук мыйзамды, адам укугун жогору койгон жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген адамдар болсо дейм. Партиялык, депутаттык топ болуп бөлүнбөй Конституцияда көрсөтүлгөн ченемдер менен иш алып барган парламенттин түзүлүшүн каалайм. Адам укугу улуттук мыйзамдын негизинде демократиялык жол менен корголушу өтө маанилүү, бул жагынан келечектеги парламент үлгү көрсөтө алат деген ишеничтемин. Ошондуктан депутаттар ар дайым элдин пикирин эске алуулары шарт.

Айбат гезити №135




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru