Айбат » МАИлердин көзүн май басты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » МАИлердин көзүн май басты

ЖККАкыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыктары кескин көбөйүп андан каза болгондордун саны артып жатканы белгилүү. Өкмөт жана парламент мындай кырсыктарды кыскартуу багытында жол эрежелерин бузгандарды жазалоону күчөтүп, айып пулдардын суммасын жогорулаткан. Тилекке каршы мындай катаал эрежелер МАИ кызматкерлерин көптүрүп, көздөрүн май бастырды.

Жакында эле Чүй облусунда МАИ кызматкерлери токтобой койгон унаанын артынан кууп барып, ок атып анын натыйжасында кырчындай жаш жигит каза болуп 3-4 баласы жетим калды. Ал эми интернетте Боом капчыгайында жүргүнчүлөргө ок аткан МАИчилердин аракети катуу сынга алынууда. Чын эле дал ушул жол көзөмөлдөгөн кызматкерлер айып пулдун наркы көтөрүлгөндөн бери катуу көптү.

Ал эми 26-июндун түнүндө МАИ кызматкерлери 5 миң сом талап кылып, ал аз келгенсип жанындагы эргулдардын жарандарды кодулоосу бүтүн өлкөнү чуу көтөрттү. МАИ башчысы болсо өз кесиптештерин колдоп жабыр тарткандарды чагым жасаган деп бет тырмактык кылып жатат. Алар бет тырмоочулук кылса деле кызматкерлери 5 миң сом талап кылганы ачыкталып жатпайбы.

Акыркы кездери айрым МАИ кызматкерлери борбордук көчөлөрдө эле жүрбөстөн Бишкектин жаңы конуштарына кирип, токтоп турган унааларды да текшерип, жарандарды ар кандай доого жыккан учурлар катталууда. Мисалы, үйүнүн жанына унаасын токтотуп коюп анча-мынча сыра ичип алгандарга да жетип баса калып, штраф менен коркутуп 7 миңден 10 миң сомуна чейин сол чөнтөккө салып кетип жатыптыр. Эгер “ала таякчан” акелерибиз мындай жоруктарын токтотпосо чоң чатак чыгып кетиши да мүмкүн. Азыр МАИ кызматкерлерине муштумун түйүп, “энесин таанытыш керек” дегендер чекеден чыгат. Мындай көрүнүштөргө өкмөт да тез арада тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек.

Курманбек Салиев

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru