Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, 2015-жылдын май айынан июнь айына чейин Бишкекте тамак-аштан уулануу боюнча 20 учур катталып, 41 адам жабыр тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жабыркагандар өздөрүнүн уулануусун төмөнкү объектилерден сатып алышкан азык-түлүктөрдү колдонууларына байланыштырышат:
- “Бисквит” дүкөнүнөн сатылып алынган кулинардык тамак-аштар (пирожкинин 5 түрү), аныкталган мыйзам бузуу боюнча санитардык эскертүү даярдалды;
- “Ош базары” соода-сатык комплексинен алынган самсы;
- Ибраимова №115 көчөсүндөгү “Народный” дүкөнүнөн сатылып алынган “Пломбир” балмуздагы;
- Төмөнкү Жал кичи районунда 103-үйүнүн жанындагы “Насип” соода павильонунан алынган кытай алмасы. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынды;
- Армейская №150 дарегиндеги “Алсуу” кафесинен алынган оромо. Бул боюнча кафенин жетекчилигине айып салынып, мыйзам бузууну жоюуга чейин кафени жабуу тууралуу токтом чыгарылды.
- «Ак Өргө» конушундагы Ашар-Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Гүлзар» павильонунан сатылып алынган пирожное. Дүкөндүн жетекчилигине айып салынып, объектини пайдаланууга берүүнү токтотуу тууралуу чечим чыгарылды;
- Т.Молдо-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Жалал-Абад» кафесинен сатылып алынган «Мексиканский» салаты, «Люля Кебаб» вареники жана шишкебеги аныкталган. Бул үчүн жетекчисине айып салынды.
- Чүй №155 көчөсүндөгү «Чемпион» кафесинен алынган помидор, баклажан жана тефтелден жасалган рагу тамагы, бул үчүн жетекчилигине айып пул салынды;
- Фрунзе көчөсүндөгү «Панорама» кафесинен алынган пицца, «Граф» салаты, шишкебек, тоок крылышкасынан уулануу болгондугуна байланыштуу жетекчисине айып салынды;
- Киев №71 дарегиндеги «Бургер Хаус» кафесинен алынган эттүү бургер аныкталып, бул боюнча да жетекчилиги айып тартмай болду;
- «Смак» павильонунан сатылып алынган самсы аныкталды. Бул боюнча маалымат Бишкек шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Октябрь райондук мамлекеттик администрациясына мындан аркы чара көрүлүүсү үчүн жиберилди.
- «Куликовский торт – Елки Палки» дүкөнүнөн алынган «Шахматный» торту,
- Орто-Сай базарындагы «Азамат» кафесинен алынган манты,
- «Чинар» кичи базарындагы «Каркыра» павильонунан алынган тоок этинен жасалган самсы. Токтомго ылайык, павильондун иш алып баруу учугу токтотулду;
- «Вефа Центр» соода борборундагы «+Маркет» соода түйүнүнөн сатылып алынган самсы боюнча жетекчилигине айып салынды;
- “Пери” дүкөнүнөн сатылып алынган «Умут жана Ко» ЖЧКсынын өндүрүшүнө таандык “Кара Кум” балмуздагы, дүкөн ээсине айып пул салынды;
- «Риха-Новопавловские колбаски» ЖЧКсы тарабынан өндүрүлүп «Бишкек Парк» соода борборундагы «Йымпаш» кичи маркетинен сатылып алынган «Бишкекский» сервелат колбасасы;
- «Космо Парк» соода борборунун «Аромапицца» кафесинен алынган пица;
- павильондон сатылып алынган «Аброй» ЖЧКсынын «Аброй» колбасасы;
Белгилей кетсек, өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде тамак-аштан уулануу боюнча 17 учур катталып, 32 адам жабыр тарткан. Бул көрсөткүч уулануу фактысы өткөн жылга салыштырмалуу 128%га өскөндүгүн билдирет.
![]() |
