Айбат » Президент кудаасын калкалаган жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент кудаасын калкалаган жок

Алымбай СултановКүч түзүмдөрүндө кызматтан алып түшүүлөр күчөп баратат. Ал тургай ажонун көздөй болгон кудаасы Алымбай Султановду да  тактан алып түшүштү. Аны менен кошо үч орун басары иштен шыпырылды. Керек болсо таза иштебесе мага караштуулар да тазаланат деп билдирген ажого ошол үчүн ортомчулук кыла албай коюшту окшойт. Негизи республикалык алкакта маң затын көзөмөлдөө өтө опурталдуу экени талашсыз. Кыңыр сөз бекер жерден чыкпастыр? Ошол үчүн үлкөндөрдүн “баштары” ыргыды.

Мындай батыл кадр алмаштыруу ичи таза эместерди сестентип койгону ырас. Чынында кайсыл күч түзүмүндө болбосун өзүнө күл тарткандар өлө көп. Акырындык менен мамлекеттик кызматты “өзүмдүк” кылгандарга кайырмак ыргытыла баштаганы колго түшкөндөр арбыганынан көрүнүп жатат. Демек, жегичтер  бир күнү колго түшөт.

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru