Айбат » Аскар арсар калтырбаптыр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аскар арсар калтырбаптыр

Аскар СалымбековМаданий тармактын кунары качканына көп болду. Кимде ким бир чыгарма жаратса онтолоп каражат издеп калаары жашыруун деле эмес. Жакында улуттук драм театрынын сахнасында Нурсултан Назарбаевдин балалык чагы чагылдырылган “Эр достугу-эгиз, Эл достугу –деңиз” деген спектакль коюлду. Абдан таасирлүү болгондуктан  авторлор гүлгө оронушту.

Мына ушул спектаклдин коюлушуна кадимки олигарх Аскар Салымбеков  каражат бөлүп бериптир. Аны да  театрдын жетекчилери шардана кылышканынан билдик. Атаңдын көрү акча тартыштыгынан не бир сонун идеялар думугуп элге тартууланбай жатат. Жок дегенде ушул ирет  театр ишмерлерине колдоо көрсөтүп койгон  Аскар мырза бар болсун дебегенде кантебиз?

Айбат гезити №135




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru