Айбат » Мырзакматовдун акыркы үмүтү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзакматовдун акыркы үмүтү

Мелис МырзакматовБир кезде арстан, кара дөө болуп жүргөн Мелис Мырзакматов куугунтук жеп ар кайсы өлкөдө баш калкалап күн көрүүдө. Бирок анын бул жердеги акыл кошчулары тим жатпай калсын. Айрыкча ботодой боздогон Уран Ботобеков чымындын канатындай, жалаятай икаяларын өзүнө ыктаган басылмалардан жаадырып турган кези. Анткени ал убагында кожоюндан калганын мойсоп өңү-түсүнө келген. Ошол ат чабым алыста калган күндөрүн эстеп жашып кетип жатпайбы? Эгерде  Мекеси жанында болсо Икрамжандын алдына күнөөлүү болуп басылып бермек эмес да? Алда каран күн ай!

Жакындан бери илгери үмүтү жанып Өмүкенин “алтын шилекейи” чын болсо экен деп Теңирден үч маал суранып жатат. Бирок, андай “тандемге” толук чекит коюла элек. Капыстан шибеге сайылып кетсе Текебаев мөңкүп  кетээринен деле күмөн саноого болбойт.  Шайлоо алдында жүз берчү толгон-токой амалдар болорун баары билип калбадыбы? Урандан бөлөк да Мырзакматовго жан тарткандар бар. Ошолордун айрымдары мурда КСДПнын  арыгын чаап жүрүшкөн. Эми “Ата-Мекенге” сыпайыланып турганын  не десек болот? Бул саясаттын ботала жүзүнүн белгиси деп айтууга негиз бар.

Албетте, “Улуттар Биримдиги” партиясы кожоюну жок туруп каалаганын жасай албайт. Баары бир башы жок  башталган иштен майнап чыкпайт. Ошентсе да эбепке-себеп болуп кетеби деген канаттуу ой  көкүрөктү эзип турат. Бир маселени төрт вариант менен караган Өмүке  жолдун кап ортосунда туруп алгандыктан  бир аз башы ооруксунуп калгандай. Чынына келгенде Мырзакматовдун Ошто салмагы илгеркидей десек  аша чаап кеткен болобуз. Себеби Айтмамат, Сүйүн, Сооронбайлар текей терип жүргөн жок да?  Ал эми убагында   Мелистин чапанын көтөрүп келген кошоматчылар эбак эле жаңы  кожоюнга ыктап кеткен. Турмуш өзү көп кырдуу нерсе, буга таң калуунун деле кереги жок. Ошону эске алганда Мырзакматовчулар  обу жок тейреңдей бербесин. Бийлик деген  ырдагысы келбегендерди да ырдатып койот… Мунун туура экенине ишенип койгула?

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №135




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru