Айбат » Жеңишбек Назаралиев: “Акыркы беш жылда маң заттарын колдонгон адамдардын саны 330 миллионду түзөт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Жеңишбек Назаралиев: “Акыркы беш жылда маң заттарын колдонгон адамдардын саны 330 миллионду түзөт”

Женишбек НазаралиевАзыркы тапта ар кандай оорулар туш тараптан кучак жайып келе жаткандардын арасында баңгичилик да өз доорун сүрүп адам баласына бир топ кыйынчылыкты туудуруп келет. 26 июнь күнү Эл аралык баңгичилик жана маң заттарын сатуу менен күрөшүү күнү белгиленди. Ушул күнү биздин өлкөдө «Сен ааламга керексиң!» аттуу эл аралык кайрымдуулук акция башталды.

Кыргызстанда баңгичилик илдети көз жаздымда калып, тиешелүү көңүл бөлүнбөй келүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылы баңгичилик илдетине чалдыккан жарандардын саны 9 миңди түзгөн. Бирок, Бириккен улуттар уюмунун башкармалыгынын баңгичилик боюнча адистери Кыргызстандагы нашакорлордун расмий эмес саны 45 миңге чейин чыгып кеткенин айтышууда. Сөз оор маң заттарын колдонгондордун саны гана тууралуу болуп жатат.  Бишкектин ар бир жыйрманчы, же Оштун ар бир алтынчы жараны баңгичилик илдетине чалдыкканын элестетип көрүңүз.

Баңгичилик – Кыргызстандын социалдык бакубатчылыгына кедергисин тийгизип турган бирден бир мүшкүл. Эң жаманы бул илдет биринчи кезекте жаш муунга залал келтирет. Биздин өлкө ооган апииминин Европага ташылчу «түндүк жолунда» жайгашкан. Сиз бул макаланы аягына чейин окуп чыкканча Кыргызстан аркылуу транзиттик түрдө 500 килограмм маң заттары өткөрүлөт, ал эми алардын бир килограмы Оштун же Бишкектин чет жакаларына тарап кетет. Бул маң затын сатып алуу үчүн мыйзам бузганга да даяр болуп, акча издеп каңгып жүргөндөр үчүн миң дозага барабар маң зат.

Профессор Назаралиев баңгичилик жана маң заттарын сатуу мүшкүлдөрү менен 1980-жылдан бери алектенип келет. Анын жетишкендиктеринин ичинде –  баңгичиликтин табиятын ар тараптуу жана масштабдуу түрдө изилдөө жана бул илдет менен дүйнөнүн беш континентиндеги 45 өлкөсүндө күрөш жүргүзүү. Бул көп жылдык изилдөө дүйнөнүн бир нече тилдерине которулган «Куткар жана кечир» аттуу китепте чагылдырылгандан кийин, Назаралиев Кыргызстанда «Баңгизатсыз аң-сезим» Дүйнөлүк лига» эл аралык уюмун түптөдү. Бул демилгени ошол учурдагы Бириккен улуттар уюмунун Баш секретары Кофи Анан жана тибеттик будистердин башчысы Далай Лама XIV колдоого алышты.

нашакорУчурда дүйнө жүзү боюнча наркомания илдети өсүш алууда. БУУнун маалыматы боюнча акыркы беш жылда эле маң заттарын колдонгон адамдардын саны үчтөн бирге өсүп, алардын саны дүйнө жүзү боюнча 330 миллион адамга жеткен. Алардын ичинен бир бөлүгү героин, кокаин, амфитамин заттарын колдонсо, калган теңинен көп бөлүгү ар кандай паталогияларга, көптөгөн ооруларга жана акыры тез өлүмгө алып келе турган синтетикалык заттарды колдонушат. Бул мүшкүлгө Кыргызстандын да түздөн түз тиешеси бар»,- деп баса белгиледи профессор Назаралиев.

Назаралиевтин сөзү боюнча СССР дин кулашы менен, 10 жылдын ичинде мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында анын ичинде Кыргызстанда нашакорлордун саны 20 миллионго жеткен. Бул чыныгы эпидемия эле. Өзгөчө биздин өлкөнүн түштүгүндө бул маселе курчуп турат. Баткенде, Ошто, Жалал-Абадта маң заттары арзан жана сатып алууга оңой товарга айланган. Азыр бир дозанын баасы 300 сом, бул бир шише шампанский виносуна барабар. Бир кезде бир граммы 100 доллар турчу»,- дейт Назаралиев.

2002 жылдан баштап коомдо баңгичиликке каршы имунитетти түзүү максатында Дүйнөлүк лига көптөгөн социалдык жана кайырымдуулук акцияларды өткөрдү.

2014 жылы «Сен ааламга керексиң!» аттуу масштабдуу кайрымдуулук программасы башталды, бул программанын алкагында доктор Назаралиевтин медициналык борборунда дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнөн келген баңгичилик илдетине чалдыккан бейтаптар дарыланышат. Долбоордун алкагында Медициналык борбор ар бир өлкөдөн бирден бейтапты кабыл алып, бекер дарылайт.  Дарылануу баңгичилик илдети акыркы беш жылдан бери чоң социалдык апаатка айланган араб дүйнөсүнөн башталды. Биринчи бейтап ыйык жерлер жайгашкан Сауд Аравиясынан келди, андан кийин Египет, Ливан жана башка өлкөлөрдөн.

Назаралиевтин чечими менен 2015 жылдын 26 июнунан тартып долбоорго Кыргызстан кошулду. «Кезекке карабастан биз жыл сайын бирден кыргызстандыкты бекер кабыл алып дарылап, сергек жашоону жайылтып, баңгичиликтин залалдары тууралуу эскертип, жана маң заттарын колдонуп жаткандарга алардын коомго, ааламга жана өз үй-бүлө, бала-чакасына керек экендигин эскертүүнү чечтик»,- дейт Назаралиев. «Сен ааламга керексиң!» долбооруна Кыргызстандан 41 жашар Айбек катышуучу болду. Ал алгачкы жолу 16 жашында маң затты сайынган. Андан бери 25 жылдан бери бул оорудан жапа чегип келет. Анын төрт уул бир кызы бар. Маң затын колдонуп жана сактаганы үчүн эки жолу соттолгон. Туугандарынын баары андан баш тартышкан. Бир гана жубайы анын айыгып кетеерине ишенип келүүдө.

«Эгерде убакытты артка кайтарууга мүмкүнчүлүк болсо, мен эч качан  биринчи шприцти сайынып көрбөйт элем»,- дейт Айбек. Ушул убакыт аралыгында ал бир нече жолу жанын кыйууга аракет жазаган. «Нашакордун эки гана жолу бар: бирөө көргө бирөө абакка. Бирок, бул жакка келип доктор менен сүйлөшкөндөн бери менин үмүт отум жанды. Мен ушунчалык толкунданып, ал эмес түнү менен уктаган жокмун, анткени мен өзүмдү тиги дүйнөдө элестетип калган элем»,- дейт Айбек

Айбекти доктор Назаралиевтин дүйнөдө эң эффективдүү деп эсептелген, уникалдуу өздүк ыкмасы менен дарылашат. Дарылануу үч этапка бөлүнөт. Биринчи кезекте бейтап денесиндеги уулардан арылуу башкача айтканда детоксикация жана жалпы ден соолукту чыңоо терапиясын өтөт, андан кийин рухий өнүгүүгө багытталган ар кандай психотехникалар колдонулуучу Майндкрафтинг калыбына келтирүү программасын өтөт. Акыркы этап – этегинде төрт диндин: Ислам, Христиан, Будда, Иудей диндеринин сыйынуучу жайлары жайгашкан Таштар-Ата Куткаруу Тоосуна жүрүш жазоо. Бул тоодо бейтаптар баңгизатка көз карандылыктан арылуу ырым- жырымдарын жазашат.

«Үчүнчү этап бейтап – ашып өтүүгө тиешелүү болгон психологиялык сыноо. Суусамыр өрөөнүнөн Төө-Ашуу аркылуу Таштар-Ата Куткаруу Тоосуна жүрүш жазоо- бул 250 киллометр жөө жүрүш. Бул өзүн өзү жеңүүнүн катаал жолу, жүрүштүн экинчи-үчүнчү күндөрүндө, кээ бир бейтаптардын эрки жетпей кетип жүрүштөрүн токтотуп коюшат. Дарылануунун бул этабы мага жагат – эгерде бейтап бул сыноону өтүп кетсе анын жеңгени, ал эми өтө албай калса анын айыгууга болгон эркинин жетишпездиги, мындай адамдар көп учурда мурдагы нашакорчулук абалына кайтып кетет»,- деп түшүндүрдү Назаралиев.

Кыргызстандагы баңгичиликтин негизги себептери бул билим берүүнүн төмөндүгү, жумушсуздук, маң заттарга жетүүнүн оңойлугу, жана маң заттарды колдонуунун заладыгы жөнүндө маалымдоо иштеринин аздыгы.  Адистердин айтуусу боюнча баңгичилик менен күрөшүүнүн эң арзан жана таасирдүү жолу бул – профилактика. «Учурда наркология жана психиатрия илимдеринин корутундусу боюнча, баңгичилик бул тукум кууй турган эмес социалдык оору»,- дейт Назаралиев.

«Жаш балдарга жана келечектеги ата энелерге эскертүү берүү абдан зарыл. Учурда мектепке чейинки жана мектептеги тарбия берүү иштерине басым жазоо маанилүү. Анткени так ушул жерлерде психиканын алсыздыгы жаралып, кийинчерээк ал нашакорлордун катарына алып келүү коркунучу пайда болот»,- деп түшүндүрөт профессор. Мунун алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо, Билим берүү, Ички иштер министрликтери бирдикте иш алып барыш керек. Ар кандай акцияларды, мектептердеги жана ЖОЖдордогу ачык сабактарды, фотокөргөзмөлөрдү, баңгичиликтин залалы темасындагы жолугушууларды коомдо маң затка каршы имунитет иштелип чыккычакты өткөрүш керек.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru