Айбат » Гулира Жапаркулова, ырчы: “Кыздардын ортосунда чыныгы достук болбойт…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Гулира Жапаркулова, ырчы: “Кыздардын ортосунда чыныгы достук болбойт…”

Гулира-ЖапаркуловаМаңдайымда сөздү орду менен сүйлөгөн, ачык-айрым, татына кыз отурду. Ал – учурда жаштардын купулуна толуп жаткан сүйүү темасындагы ырларды аткарып, популярдуулукка жетип келе жаткан Гулира Жапаркулова менен жеке жашоо, иштер, жигиттер, достук, мода жана башка темалар туурасында баарлаштык.

Гулира-Жапаркулова- Гулира, шоу-бизнес дүйнөсүнө аралашканыңа аз гана убакыт болсо да, учурда жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатасың. Бул чөйрөгө кандайча аралашып калдың?

– Мен бала чагымдан эле “Ырчы болом”- деп кыялданчумун. Үйдө ата-энем чыгармачылыктан тап такыр алыс адамдар. Атам ырдаганды эч жактырбайт. Ал эми апам жакшы ырдаар эле. Бирок, апам сахнага ырдап жок. Апамдын таланты мага өтүп, кыялдарымды ишке ашырып, элге кызмат кылуу үчүн шоу бизнеске аралашып калдым.

- Чыгармачылыктан сени кимдер колдойт?

– Алгач эле менин устаттарым. Мени колдоп, “Шоу чөйрөгө кел”- деп, жол көрсөткөн адамдар көп эле. Башкы спонсорлорум бир туугандарым. Жакындарымдын колдоосу менен ыр жаздырып, клип тарттырып келе жатам.

- Шоу-бизнес чөйрөсүндө ырчылар ортосунда көрө албастык, бут тосуулар көп болот деп угам. Сенде да бул нерсе болгонбу?

– Албетте, ар бир иште сенин ийгилигиңди көрө албаган, бут тоскон адамдар болот. Ал эми чыгармачылыкта менин душмандарым жок деп ишенимдүү түрдө айта алам. Себеби, менин эч кимге зыяным жок жана бирөөгө жамандык да каалабайм. Жашоодо чыр-чатакка жок адаммын.

- Атаандаштык болмоюн эч качан адам өнүкпөйт. Качан гана сага бирөө атаандашса, анда алдыга жылуу болот эмеспи. Сага атаандашкандар барбы?

– Шоу чөйрөдө ушул нерсе дайым болуп турат экен. Бирок, мен бирөөнү туурап, ага атаандашып көргөн эмесмин. Өз ишимди жасап келе жатам. Ар бир ырчынын өзүнчө бир стили, угарманы, күйөрманы, өзгөчөлөгү болот. Ошондуктан, мен бирөө менен атаандашпаганга аракет кылам. Ушундай нерселерди көп жактыра бербейм.

- Ырчы болуш үчүн керек болгон үч негизги нерсени атап берсең?

– Эң биринчи кезекте ырчы болуш үчүн эмгек, талыкпаган аракет, талант жана үн керек. Бул нерселер жок болсо, ырчы болбой койгон эле оң.

- Чыгармачылыкта популярдуу болуш үчүн ырчыга эмне керек?

– Азыркы учурда ырчылардын көптүгүнөн башың адашат. Ошондуктан популярдуу болуу дагы бир топ кыйыныраак. Ырчы менен мыкты пиар менеджер, тажрыйбалуу продюсер керек. Ар бир ырчынын кыялы болот “Продюсер менен иштешсем” деген. Менин да бул тууралуу кыялым бар. Бирок, орундала элек.

Гулира-Жапаркулова- Сахнага кийип чыккан кийимдериңди даярдоодо стилисттер менен иштешесиби?

– Ооба, эл адамы болгондон кийин сөзсүз түрдө жагымдуу, жарашыктуу кийимдерди сахнага кийип чыгыш керек. Кийим тандоодо, тиктирүүдө сөзсүз түрдө стилисттерден кеңеш алып, даярдайм.

- Сени ар тараптан колдоп, жардам берип жүргөн досторуң барбы?

– Сиз билесизби? Чынын айтсам достордон бир аз аксайм. Акыркы күндөрү байкап көрсөм кыздардын ортосунда чыныгы достук болбойт экен. Ошондуктан, азырынча кыздардын арасында досторум жокко эсе, саналуу гана. Ал эми мырзалардан Кудайга шүгүр ишенимдүү достор бар.

- Жүрөгүңдүн ээси барбы?

– Ушул жашка келгени чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин. Жүрөк болсо бош (күлүп). Кудайымдын буюруп, маңдайга жазган тагдыр, ал күн алдыда болот деген чоң ишенич менен жашайм. Бирок, өзүм ойлогондой мырзага жолугарыма ишенем. Буга чейин артымдан чуркаган мырзалар менин жашоомо туура келген эмес. Жөн гана тоок сүйүү сымал өтүп кеткен. Азыр жаш кызмын. Жеке жашоону куруу тууралуу көп ойлонбойм. Өз убактысы келгенде ал тууралуу кеңири айтып берүүгө даярмын.

-Табитиндеги мырзалар кандай болушу керек?

– Жөнөкөй, ички дүйнөсү таза, ыймандуу, акылдуу, боюн көтөрбөгөн, чечкиндүү мырзалар менин идеалым.

Айбат гезити №135




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru