Айбат » Next Music – жаңы муундун студиясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Next Music – жаңы муундун студиясы

Акыркы учурларда кыргыз музыкасы өнүгүп, атамекендик ырчылар чет элдик кароо-сынактарга байма-бай катыша баштаганы баарыбызга маалым. Кароо-сынактарга баш байгелерди багындырып, өлкөбүздүн желегин татыктуу желбиреткен ырчыларыбыздын ырларын кооздоп, “көйнөк кийгизген” албетте бул – музыкалык студиялар.

Жакшы саамалык, жаңы студия

Жакында эле жакшы саамалык уланып, жаштардын табиятына ылайык “NEXT music” аталышындагы жаңы музыкалык студия ачылды. Аталган студиянын негизги максаты -кардарларга сапаттуу кызмат тартуулоо жана таланттуу ыр ышкыбоздоруна көмөк көрсөтүү. Студия чыгармачылыктын чыйыр жолунда жүргөндөргө; үн жаздыруу, аранжировка, клип тартуу, фотосессия жана карапайым калк үчүн да; фотосессия, слайд-шоу жана видеомонтаж сыяктуу кызматтарды көрсөтөт. Сапат жагынан азыркы тапта сап башында турган башка студиялардан кем калышпаганы менен баасы алардан бир топ арзан. Андыктан кардарлардын кулагына күмүш сырга!

Кардарларга сапаттуу кызмат

Асхат СубанбековСтудиянын аталышы эмнеликтен “NEXT music” болуп калганын билүү үчүн студиянын жетекчиси Асхат Субанбековго кайрылдык:

Биздин студиянын мааниси “кийинки музыка” дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда жаш муундардын табитине ылайык жаңы багыттагы, заманбап ырларды жаздырабыз. Бизде чыгармачылыкка жаңыча көз карашатагы жаш, таланттуу, өз ишин мыкты билген жигиттер чогулган. Буюруса алдыда жакшы максаттарыбыз бар.

 

Айбек Аманбеков, менеджерАл эми студиянын менеджери Айбек Аманбеков буларга токтолду:

-Биздин студиянын өзгөчөлүгү ырчыларга ыңгайлуу, тиешелүү бардык кызматтар бир жерде. Башкача айтканда ырчы келет, биздин студиядан ырдын сөзүн, обонун, аранжировкасын жасатат. Андан соң үнүн жаздырып, кааласа клибин тарттырып алат.

Көпчүлүк ырчылар үнүн башка студиядан жаздырат, аранжировкасын дагы башка студиядан жасатат, ал эми клипти такыр башкаларга тарттырат. Буга биринчиден убакыт, экинчиден акча коройт. Андан көрө ошол эле нерселерди бир жерден бүтүрүп алганы оң эмеспи, ошондуктан ырчыларды биз менен кызматташууга чакыра кетем.

 

Таланттуу жигиттерди тааный жүрүңүз!

“NEXT music” студиясынын кызматкерлерин тааныштыра кетпесек болбос.

 Үн режиссёру Асылбек Изаков:

-Атам Жакыпбек Изаков бир топ токтогулдук ырчыларга жардам берген чоң композитор эле. Атамдын “Миң кыял” деген тобу бар болчу, алар гастролго чыкканда мен да  ээрчип жүрүп кичинемден эле музыкага жакын болуп өстүм. Кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектептен вокал жана сокмо аспап боюнча билим алдым. Азыркы тапта өзүм да чоң сахнага чыгуу максатында ырларды жаздырып, клип тартырып жүрөм. Ал эми үн режиссёру болуп буга чейин 3 жыл иштегем жана көптөгөн ырчылардын үнүн жаздыргам.

 

БатюАранжировкачы Батю Сагынбаев:

-Менин атам Жумабек Сагынбаев композитор. Анын обондорун азыркы атактуу ырчылардын көбү аткарып жүрүшөт. Эсимде. Кичинемде үйдө фортепиано бар эле. Атам мага ойногонду үйрөтүп, 4 жашымдан тарта дүйнө классиктеринин чыгармаларын өз алдымча ойной баштагам. Ошондон тарта клавиша менин досум. Чоңойгондо аранжировка жасоого кызыгып, 4 жылдан бери жасап жүрөм. Токмок шаарында ырчы жана аранжировщик катары таанылгам. Эми чыгармачылыгымды өркүндөтөйүн деп Бишкекке келип, “NEXT music” студиясында иштеп баштадым.

 

Нурсултан Эстебесов, клипмейкерКлипмейкер Нурсултан Эстебесов:

-Мен кичинемде актёр болгум келчү. Кийин эмнегедир колума камера кармагым келип, бир нерсе тартууга кызыга баштадым. Эрнест Абдыжапаровдун VI – мастер-классын аяктагам. Ошол жактан кызыгуум артып, оператор болуп кино, клиптерде режиссёрлордун, операторлордун жардамчысы болуп иштеп тажырыйба топтодум. Андан соң эжем Жазгүл Эстебесованын жана башка ырчылардын  клиптерин тарта баштадым.  “NEXT music” студиясына ырчыларга сапаттуу клип тартууну көздөп эмгектенүүнү туура көрдүм.

 

Next Music

Сиз ыр жаздырып сахна жылдызына айлангыңыз келсе, үйүңүздө майрам болуп видео-сүрөт кызматтар, тамада, музыканттар керек болсо анда “NEXT music” студиясына кайрылыңыз. Телефон номери:0706780087

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru