Айбат » Кыздардан эркек кем бекен, узун чач койсом эмне экен?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Кыздардан эркек кем бекен, узун чач койсом эмне экен?

 

абды

Кыргызбыз да, эркектер чачын өстүрүп алса өөн учурап, «эркек деген эркектей эле болбойбу» деп көп жактыра бербейбиз. Бирок ошол узун чач коюунун да кандайдыр бир сырлары болсо керек. Бул тууралуу узун чачтуу мырзалар айтып беришет.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:«ЖЫЛЫНА БИР ГАНА ЖОЛУ ЧАЧТАРАЧКА БАРАМ»

– Мен атайын өстүрүп, чач жасалга кылбайм. Оюмдун баары тасма менен болуп, чачымды да унутуп кетем. Жылына бир гана жолу чачтарачка барам. Мурун чачтарым тармал, коюу болчу, барган сайын азайгандан азайып баратат. Ишенсеңиз, чачымдын майлуу же кургак экенин да билбейм. Себеби күндө жууган бойдон тарабай деле жүрө берем. Кээ бирлеринин жубайлары «кыскартып ал» деп кирише берет эмеспи. Меники чыгармачыл адамдын чач кырктырганга убакыты аз болуп жатканын түшүнүү менен кабыл алат, студенттик кезден бери ошентип жүрөм да, түшүнбөскө айла деле жок болушу керек (күлүп). Айланамдагы адамдардын баары көнүп бүттү, узундугу деле байкалбайт. Ошондуктан эч кимден сын укпайм. Сын айтканда эмне, өзүмө жакса болду да.

Мурат Мамбетов, актёр, режиссёр:«МЕНИ КЫЗ ДЕП ОЙЛОП, БОЛОТ ШАМШИЕВДИН АЯЛЫ ЧУУ САЛГАН»
– Ой, менин чачым «это – святое»! 8-класстан бери өстүрүп, бир калыпта алып жүрөм. Совет доорунда тартип катуу учурунда да узун чачымды канча куткарып жүрдүм. Кайда барбайын баары «алдырчы чачыңды» деп акыл айтып киришет, кийин кантип көнүп калышканын өздөрү да билбей калышты окшойт. Жубайым канча жыл болсо да анда-санда «аябай эле жүдөп кеттиң, кыскартып алчы, кагылайын» деп калат. Ошондо угумуш болуп, башымды кичине кайчы менен беттештирип коём (күлүп).
Бир окуя эсиме түшүп кетти, ал кезде жашпыз, режиссёр Болот Шамшиев экөөбүз анын унаасында баратканбыз. Астыңкы отургучуна кыйын болуп отуруп алгам десең, ошондо эсимде, чачымды аркага байлап алган элем. Бизди Болоттун жубайы көрүп калыптыр. Кыйла эле айласын кетирип, «ал кыз ким? Мен көрдүм силерди» деп ызы-чуу салган экен. Аны кийин угуп калбадымбы. Андай боорду эзген окуялар бизде көп болду. Канчалык чачымды жакшы көрбөйүн, кээде роль үчүн кыскартканга туура келет. Эми убакыт келип биз да өзгөрдүк, бирок менин чачым дале узун бойдон. Бир аз агарганы эле болбосо, аны деле боёп коёбуз. Жакынкы арада кыскартып салсамбы деп жатам, бирок чыгына албай жүрөм. Жиним келсе өмүр бою ушинтип өтөм, узун чачтын эмнеси жаман? Жеке мага эч жамандык алып келе элек.

Нурбек Савитахунов, ырчы:«СҮЙГӨНҮМ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ ӨСТҮРГӨМ»
– Бир жолу сүйлөшкөн кызым «сага узун чач жарашса керек» деп койду. Ошондон улам чачымды өстүрүп баштагам, туура бир жыл өстүрдүм. Анан сүйүктүүм менен эки ара жолго түшкөндө дароо эле бардым да, чачымды кыскартып салдым (күлүп). Анын көңүлүн кыялбай узун чач үчүн туугандарымдан да бир далай сөздөрдү уккам. Көбүнчө «мындай чач эркектер үчүн эмес, эмне, сен кыз белең?» дегендер чыккан. Чынын айтсам, өзүм да жүдөп кеттим, себеби кам көрүү мен үчүн азап эле болчу. Аны убагында жууп туруш керек, болбосо майланышып кетет дегендей. Бир жакка баратсам көбүнчө байлап же баш кийим кийип алам. Бирок азыркы чачым эле сонун мен үчүн, кандай болсо да бул кылыгым менен романтик экенимди билдирдим окшойт.

Адил Чекилов, ырчы, музыкант:«ЧАЧСЫЗ АДИЛ ЭМЕСМИН»
– Досторум айткандай, мен узун чачсыз Адил эмесмин (күлүп). Мындай заманбап чачтар ар кимде эле боло бербейт. Чыгармачыл адам бардык жагынан өзгөчөлөнүп туруш керек. 8-классымдан баштап өстүргөн чачымдын кыздар менен сүйлөшкөндө жардамы көп тийди. Себебин билбедим эмнеге, кыздар өздөрү эле жактырышып, тартыла беришчү. Оо, анда Адилдин жаш, «красавчик» убагы эле да. Бул чачтардын «Чыңгызхан» тасмасында эпизоддук роль жаратканда чоң жардамы тийген, анда чачымды өрүп тартылган жерлерим бар. Чачыма карата айтылган сынды мектепте окуп жүргөндө угуп бүткөм. Эжей-агайлар тили тешилгенче «чачыңды кыскарт» дешкен. Бир жолу кырдырып да көрдүм, бир нерсе жетишпегендей, бир нерсем кемип калгандай жаман болгом. Ошондон кийин чачтарым менен узакка коштошо элекмин (күлүп).

Асан Бердибаев, модель:«УЗУН ЧАЧ МАГА ЖУМУШ ҮЧҮН КЕРЕК»
– Мен андрогин модель эмесминби, ошого чачымды өстүрүп жүрүшүм керек. Подиумга кыз катары да, эркек катары да чыга берем, ошого узун чач керек. 2 жылдан бери өстүрүп жүрүп, азыр чачым желкемден өтүп калды. Ар дайым кызыл түскө боёп жүрөм. Терим аябай сезимтал, ошондуктан чачыма да кылдаттык менен кам көрөм. Анан чачым бир аз тармалыраак, күнүмдүк жашоодо тарап алып жүрө берем, бир жакка барарда үтүктөп түздөп алганды жактырам. Чачымды көрүп суктанганы да бар, тескерисинче, «эмне мынча узун?» деп сын айтканы да кездешет. Бирок эч нерсеге карабай чачым өзүмө жагат. Жеке жашоомдо узун чачым мени кызга окшотуп коёт, туура. Бирок сүйлөшкөн кызым баарын түшүнөт. Эч качан сындабайт. Ошол нерсе мен үчүн эң маанилүү.

Руслан Маматкулов, ырчы:«ДОСТОРУМ МЕНИ «СИМБА» ДЕШЕТ»
– Узун чачым менин чыгармачыл адам экенимди маалымдап турчу нерсе. Башка ырчылардай «банально» көрүнгүм келбейт. Кээде кыздар «ии, менин да чачым сеникиндей болсочу» деп суктанып калышат, аны мен комплимент катары кабыл алам. Бат өскөндүктөн, эки ай сайын кыскартып турам. Кам көрүүгө келгенде бальзам колдоном, шампунду эжем Айгерим алып келет, анысына анча көңүл деле бурбайм. 3-классымдан бери өстүрүп жүрөм да, анан мектепте балдар «Тарзан, Маугли» деп жиниме тийип калышар эле (күлүп). Азыр болсо досторум мени «Симба» деп коюшат, бүт сырларым ачылмай болду го (каткырып). Өзү чачым жакшы, түшпөйт, гүлдөбөйт, какач болбойт. Ушул убакка чейин эч бир көйгөй чыга элек. Ошонусуна шүгүр деп өстүрүп жүрөм.


Султан Каримов, ырчы:«КОЛДОН КЕЛСЕ, МАГА ОКШОП ЧАЧ КОЮП АЛГЫЛА ДЕДИМ»
– Негизи, адам күзгүгө каранган сайын кандай кемчилиги, артыкчылыгы бар экенин сезет эмеспи. Мен да узун чач жакшы жарашарын билчүмүн. Ошентип, 1975-жылдан бери ушундай чач жасалга менен келатам. Канчалаган сындарды уктум, эми айта берсем абдан эле көп. Акырында «колуңардан келсе, мага окшоп узун чач коюп алгыла, эптей албайсыңарбы, унчукпагыла» дегенге өттүм. Азыр өзүмө да, башкаларга да жагат, ошондуктан чачымды такыр кыскарткым келбейт. Эл катары кам көрөм, жууйм, тарайм дегендей, андан башка сырым деле жок (күлүп).

Мындан сырткары ырчылар Тынай Алыбаев, Ырыскелди Осмонкулов, Мирлан Жетигенов, Өсөр Козуев, каскадёр Адилет Акматов, режиссёр Жаныш Кулмамбетов жана башкалар да узун чач коюп жүрүшөт.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru