Айбат » Депутатты тепкилегендер качан жазасын алышат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги, Саясат » Депутатты тепкилегендер качан жазасын алышат?

Темирлан МамыровАзыр кимдин акчасы болсо эле көпкүлөң тартып калган заманда Сокулук районуна караштуу  Жаңы Пахта айылынын тургуну жана ошол эле айылдын жергиликтүү кеңештин депутаты  Мамыров Темирланды уулу орозо айында айылдашы Асанов Мирлан жумушчулары менен чогулуп сабап кетишкен. Окуя 24-июнь күнү катталса дагы Сокулук райондук РИИБси толук кандуу тергөө амалдарын жүргүзгөн эмес экен. Айылдык Кеңештин депутатынын дагы кол тийбестик макамы бар. Биздин редакциялык жамаат барып окуяны болгон жеринен таанышып Темирландын айыл элине кылып жаткан кызматын көрүп ыраазы болуп, кошуналарын кепке тартып Темирлан тууралуу сурасак буларга токтолду.

 

Капарова АнарЖабырлануучу Темирландын айылдашы Капарова Анар эже:

Биз бул боюнча калбайбыз

- Сокулук районун Жаңы Пахта айылынын Садовая көчөсүндө жашайм. Айыл кеңешинин депутаты Мамыров Темирлан көйгөйлүү маселелерибиздин бири болуп жаткан  жашоочулар ичип жаткан суубузду айылдагы  жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте айылга көп жакшы нерселерди суу, тех сервис сыяктуу көйгөйлүү маселелерибизди чечип жатышкан. Анан эле бош турган жер тилкесине ээлик кылып Мирлан аттуу айылдашыбыз чыга келди. Ар бир үй-бүлөдө 3 бала бар. Жалпы 150 жакын жаш балдарыбыз ойноп жүргөн аянтчага имарат салып анысы аз келгенсип биздин үйлөрүбүзгө жакын жерге даараткана салып анын жаман жыты үйүбүздүн ичине чейин кирип жаткан маселебизди чечип берүүсүн суранганбыз. Ал маселени чечүү үчүн биздин депутат  Мамыров Темирлан, ошол жерди тозуп, имарат салып жаткан Асанов Мирланга маселени чечүү үчүн, биздин талаптарды айтып барса Мирлан Асанов баш болуп жанына 9 баласы менен Асанов депутатыбыз Темирланды мыкаачылык менен уруп, сабап токмокко алган. Темирландын ден-соолугуна зыян келтирген, биздин депутатыбыз азыркы тапта бейтапканада жатат. Асанов Мирландын мынчалык  көпкөндүгү күзгү шайлоодо “республика-ата-журт” саясий партиясынын  атынан жогорку кеңешке аттанып жатканы экен да. Шайлоо баштала электе  ушинтип сайгактаса шайлоодон кийин бул адам элине кызмат кылбай тескерисинен өз элин жеп, малай кылат окшойт. Азыр Темирлан уулуман уялып жатабыз каяктан бул маселени көтөрө калдык деп. Бирок биздин сөзүбүздү аткарам, биздин элдин таламын талашып  таяк жеп жатат. Темирлан элдин уулу экен эртерээк сакайып чыгып алса биз кошуналар ал жерди башынан териштирип ким, кайсыл айыл өкмөт убагында сатылганын сот аркылуу кайрыганга аракеттенебиз. Биз бул боюнча калбайбыз.

 

Умарова ИннобатУмарова Иннобат кошунасы:

Темирлан алардан суурулуп чыгып дүкөндү көздөй качкан

- Бул окуя 24-июнда болгон, биздин айыл депутатыбыз Мамыров Темирлан машинасы менен келип даараткананы Асанов Мирланга  алып салгыла деп кайрылганда, тигил кишилер даараткананы алып салгандын ордуна Темирланды уруп киришти. Темирлан алардан суурулуп чыгып дүкөндү көздөй качкан ал жактан кандай, эмне болгонун көргөн жокмун көп убакыт өтпөй эле ал кайра өзүнүн үйү көздөй качып келди, артынан кишилер кууп келип эшигин тепкилеп жатты.

 

Темирлан Мамыров, депутатМамыров Темирлан, Жаңы Пахта айылынын жергиликтүү кеңешинин  депутаты, жабырлануучу:

Бейтапканадан өзүмө келдим

- 24-июнь күнү Бишкекке машинамды оңдоткону келгем. Ал  күнү жумуштарымды бүтүрүп саат 4тө айылга келип өзүмдүн жашаган үй жагыма келсем, ошол жердин жашоочулары чогулуп алып жаныбыздагы аянтчаны карап койчу, даараткананы үйдүн жанына салып, анын жаман жыты биздин үйгө чейин кирип жатат деп кайрылышты.  Мен ал маселе боюнча аянтчага барып бул даараткананы  ким салды десем эле Асанов Мирлан “Сен кимсиң? бери келчи” дегенде эле мен  бул жака даараткана курганың болбойт да. Даараткананын жытына анын үстүнө да мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жатканыңа жергиликтүү жашоочулар нааразы болуп жатат. Мен ошондуктан келип отурам десем эле сен кимсиң деп мага карай атырылды. Мирландын Жакып деген байкеси келип колуман кармап эмне кыйкырып жатасың дегенде эле  Мирлан мени муштап жиберди да жанындагы кишилерге “делай” деп койду. Мени муштап жатканда алардан эптеп суурулуп дүкөндү көздөй качып жөнөдүм, алар артыман таштар менен чаап киришти. Артыман төртөө кубалап келе жатышты, калган үчөө тегеренип менин алдыман чыгышты. Мен компьютерный клубду көздөй качып бара жаткам. Ал жакта Бабыр деген досум иштечү, ага жардам сураганы бара жатканда алдыман тигил үчөө чыгып кайрадан мени ур токмокко алып киришти. Мен алардан суурулуп чыгып Бабырды чакырсам ал чыгары менен аны үч бала баса калып сабап кирди, анын ичинде Мирлан Асанов да бар болчу. Эсимде бар бир сары түстүү келген бир бала үстүмө чыгып алып муштап жатканда калгандары капталыман тээп, согуп жатты. Алардан эптеп бошонуп аянтчаны көздөй качканда кайрадан аянтчадан мага жетип келишти. Үч, төртөө мени кармап турганда Мирлан келип көзүмдү көздөй төрт жолу муштум узатты. Ошондо мен Мирланга кайрылып Мирлан болду эми Орозо го, орозо маалында мынчалыкка барбай эле коёлучу. Болду го, сабадың кой бер эми десем. Менден кечирим сура, элдин көзүнчө десе болобу. Ал күнөөлүү болсо анан мен андан кечирим сурашым керек экен да. Мен кечирим сурабайм, өлтүрсөң да сурабайм дегенде кол алдында иштеген  бир кишисине кайрылып ГАЗ 53 жүргүзчү, ушул жерден эле тебелетип өлтүрүп салайын, сен мойнуңа аласың  50, 60 миң баксы берем деп тигил кол алдындагы кишиге айтканда тигил кишиси машинаны көздөй басканда эле мен

Балдар ойной турган жана тандыр бышырган жерге ажаткана салып алышкан

Мирланды түртүп үйдү көздөй качтым. Үйдө жубайым эле бар болчу, жубайымдын боюнда бар болчу. Ата-энем эс алганы Суусамырга кетишкен. Үйгө кире качып эле эшикти жаба албайм, аялым шок болуп ачкычты таба албай эмне кыларын билбей мага жардамдашып эшикти түртүшүп калды. Тигилер эшикти тепкилеп, муштап жатышты. Алардын буттары, колдору үйдүн ичине чейин кирип атышты, анткени менин эшигим ичти карай ачылчы. Ошентип тепкилеп жатканда бирөөнүн буту аялыма тийип азыр аялым бейтапканада коркунуч жаралууда, бойдон да түшүп калышы мүмкүн деп жатышат. Кошуналарым чогулуп кыйкырып баштаганда тигилер кетишти. Мен эшикти жаап өзүмдү тыштап койдум окшойт кусуп, аябай кыйналып чыктым. Бабыр деген досум келип сени бейтапканага алып барыш керек дегенде мен ПОМдун чоңуна чалып бул жактагы иштер менен тааныштырсам ал азыр мен сага наряд жөнөтөм дегенде мен  жаман болуп жатам, мен бейтапканага алып кетип жатышат десем сен кете бер деди.

Республика - Ата-Журт

Асанов Мирлан Кыргызстандын желеги бар жерди да талашып, минтип партиянын баннери менен тозуп салган

Мен ошо менен өзүмдү жоготуптурмун бейтапканадан дарыгерлер өзүмө келтирди. Күндүзү мага милициясы да башка жагы да чалган жок. Анан кечинде ПОМдун чоңу чалып сага арыз түштү деди. Мага кандайча түшөт мен бул жакта жабырлануучу болуп жатсам. Көрсө Асанов Мирлан шайлоонун астында иш козгойт деп коркуп мени сабап кетти мага карата арыз жазыптыр. ПОМдун чоңу сага эртең менен участковый барат, сен өз арызыңды жаз деди. Мен эртеси өзүмдүн арызымды  ишти болгондой кылып жаздым. Ошол бойдон участковый кеткен боюнча тынч. Мен 24-июнь бейтапканага келип түштүм ошону менен 29-июнга чейин менин ишим боюнча  эч бир кабар, жылыш жок.  

Анан “ Акипресс” маалымат агенттигине  чыккандан кийин иш козголду. Мирлан Асанов эртеси мага чалып мен сени прокуратура жагынан да, бейтапкана жагынан да көрсөтөм. Көрсө анын курсташыбы же группалашыбы прокуратурада иштейт экен. Анын эртеси чалып алып эй сен мени түшүнгөн жоксуңбу, үй-бүлөң бар, ата энең бар алардан коркпойсуңбу дейт. Сен мени коркутуп жатасыңбы десем, мен сени бейтапканадан ары жок кылам деп мени коркутту. Мен болсо колуңан келген нерсени кылып ал. Эл мени менен, мен эч кимден коркпойм дедим. Мына окуя ушундай жагдайда болду. күзгү шайлоодо эл жерине кызмат кылам деп депутаттык шайлоого аттанышып жаткан адамдар ушундай болсо мекенибиздин келечеги караңгы, туман, жарды болот да. Мындай адамдарга кыргыздын тагдырын ишенип бербеш керек.

Айбат гезити №135




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru