Айбат » Жалал-Абаддагы жаратылыш кырсыгынан турак жайсыз калгандарга үйлөр курулуп башталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абаддагы жаратылыш кырсыгынан турак жайсыз калгандарга үйлөр курулуп башталды

Равшанбек РысбаевЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылынын жер көчкүдөн турак жайсыз калган жана турак жайлары жабыркаган жарандарга турак жайлар курулуп башталды.

2015-жылдын 24-июну күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев КРнын ӨКМи тарабынан курулуп жаткан жаңы турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Куруучулардын айтымына караганда бардык курулуш материалдары жана куруучулар жетиштүү, бүгүнкү күндө ӨКМ тарабынан курулуп жаткан сегиз турак жайдын ар биринде 6дан адам, жалпысынан 50гө жакын адам иштеп жатат.

Курулуш иштери менен таанышкан Равшанбек Рысбаев турак жайларды сапаттуу жана өз учурунда 31-августка жеткирбей куруп бүтүрүүнү куруучу мекемелердин жетекчилерине эскертти. “Мамлекет башчыбыз Президенттик фонддон 11 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди жана 31-августка чейин курулуш иштерин бүткөрүүнү тапшырган. Айтылган мөөнөттөн кечиктирбей, бардык шарттары менен сапаттуу турак жай куруп берүүңүздөр зарыл. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарга бул жерде да көйгөйлөр жаралбашы керек”-деди министрдин орун басары Р. Рысбаев.

Ал эми куруучулар курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүтөрүнө убадаларын беришти.

 

Маалымат иретинде: 2015-жылдын 24-майы күнү саат 01:49 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыржол айлында Жер көчкү түшүп, 5 турак жайды басып калган. Жер көчкү астында калган турак жай ээлери:

  1. Аттокур Алимбеков;
  2. Эргеш Алимбеков;
  3. Кенжебай Алимбеков;
  4. Каныбек Топчубаев;
  5. Мойдун Абдрахманов.

 

Жер көчкүнүн астында калган 6 адамдын сөөктөрү куткаруучулар тарабынан ошол эле күнү табылган, алар:

  1. Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган;
  2. Каныбек уулу Мирлан, 2010-жылы туулган;
  3. Каныбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган;
  4. Аттокур Алимбеков, 1956-жылы туулган;
  5. Жамиля Сейдаева, 1958-жылы туулган;
  6. Калыс уулу Нуржигит, 2012-жылы туулган.

 

Андан сырткары 12 адам тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага медициналык жардам көрсөтүүгө жеткирилишип, анын ичинен 5 адам ооруканага жаткырылган:

  1. Кенжебай Алимбеков, 1965-жылы туулган;
  2. Аттокур уулу Азамат, 1992-жылы туулган;
  3. Айжамал Кыязова, 1970-жылы туулган;
  4. Зияда Исмаилова, 1978-жылы туулган;
  5. Замира Алимбекова, 1972-жылы туулган.

Алар Сузак райондук ооруканасында дарыланышкан. Калган жеңил жаракат алган 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

63992_1426003364392367_5975713266754446101_n 1533713_1426003631059007_6115888101990580254_n 1610801_1426003097725727_2497537288010901667_n 1656104_1426003001059070_8123178222583317484_n 1656104_1426003291059041_5896901895167482312_n 1797549_1426003517725685_1528036782688034940_n 1982349_1426003391059031_2212534253758437336_n 10177975_1426002354392468_4652479152272748833_n 10471427_1426003737725663_4824822407039553223_n 10644990_1426002844392419_3768226011217772813_n 11027987_1426003341059036_4166597062687610752_n 11215813_1426002924392411_7286160846768045666_n 11258219_1426003434392360_1360374983388552498_n 11403043_1426003707725666_7767456414687088085_n 11403481_1426003777725659_7416359144487036591_n 11403487_1426003201059050_4766247596828433971_n 11535842_1426003317725705_8112608094248622153_n 11659483_1426002134392490_4054797796500556753_n

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru