Айбат » Орозону эмне бузат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Орозону эмне бузат?

  • Атайылап бир нерсе жеш же ичиш
  • Эрди катын жыныстык мамиле кылышы
  • Атайын кусуу
  • Аялдардын этек кири (хайз) келиши
  • Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши
  • Атайылап урук суюктугун чыгаруу (мастурбация, истинмаа)

РамазанАллах Таала айтты: “Мына эми, аялыңар менен (орозо күндүзү эмес, түнүндө) кошула бергиле жана Аллаh силерге жазган нерсени ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгилинен ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин (б.а. түн бүтүп күндүн ак шооласы пайда болгонго чейин) жей бергиле, иче бергиле. Андан (саарлыктан) кийин орозону түн киргиче толук уланткыла.” (Куран, аль-Бакара 2:187)

«Ким орозо экенин унутуп жеп же ичип алса да орозосун улантсын [оозун ачып жибербесин]. Аллах аны ырыскыландырыптыр» (аль-Бухари, Фатх: 1933). Байкабай оозуна бирдеме алып, кийин эстеп кетсе дароо анысын чыгарып таштасын. Эгер байкабай бир нерсе жеп ичип алса да эч нерсе эмес. Бул үчүн орозосу бузулуп калбайт, орозосу туура эле болот, кийин каза же  кафарат төлөп бербейт.

Ким убактысы келди деп оозун ачып жиберсе же келе элек деп саарлык кылып жатып кийин билип калса дароо токтотсун – бул ката кечирилет, орозосу дурус, каза жок.

Ким өзү каалабастан кузса казасы жок (орозосу туура эле болот), бирок атайылап кузса бул күндүк орозосу бузулат, оозу ачылат, ошону менен эле бирге кечке чейин эч нерсе жебейт-ичпейт, бирок ал күндүн кийин казасын тутуп берет. (Ахмаддан келген хадис)

ОРОЗОНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ ТУУРАЛУУ МАКАЛАБЫЗДЫН БИРИНЧИ БӨЛҮГҮНӨН ОКУҢУЗДАР

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗБАЙТ? (МУБАХАТ АС-САУМ)

  • Даарат алууда ооз-мурунду чайкоо (бирок сууну терең албаш керек).
  • Ооз жапкан учурда жунуп абалында болуу (хадис Айша).
  • Күндүз өз ыктыярсыз түшүркөп, урук суюктугунун агып калышы (ихтилам болуу).
  • Ысып кеткенде ваннага жуунуу, душ алуу.
  • Аялын өбүү, кучактоо (бирок эгер дүүлүгүп кетип аялына жакындык кылып жиберүү коркунучу болсо анда өбүү жана кучактоо болбойт).
  • Муктаждык болгондо этиаттап балага тамагын чайнап беруу, тамактын даамын татуу.
  • Атыр же крем колдонуу.
  • Муктаждык болсо азык болбогон, куч кубат бербеген дары алуу.
  • Ооз жапкандан кийин тиште калып калган тамактын калдыктарын жутуп жиберүү.
  • (Жаман сөз айтуу, сөгүнүү орозону бузбайт, бирок сообун азайтып, таптакыр жок кылып салышы мүмкүн)

ОРОЗОНУ БУЗГАН АДАМДАР КАНТИП АНЫ ТОЛУКТАЙТ? (КАФАРОТ АС-САУМ)

  • Висоль – күндүзү орозо тутуп, бирок ифтар убактысы келгенде оозун ачпастан түнү менен да орозо кармап, кийин саарлыкта да аш ичпестен кийинки күнгө орозону улантып кетүү. Бул нерсени кылуу арам, тыюу салынат.
  • Ким орозонун күндүзү аялы менен жыныстык катнаш кылып оозун ачып салса – анын штрафы (кафарат) – бир кул азат кылышы керек, эгер кул жок болос 2 ай удаа орозо тутат, эгер күчу жетпесе 60 адамды тойгузат.
  • Бирок атайылап кузса анын орозосу бузулат, бул үчүн Рамазан бүткөн соң 1 күн казасын тутуп берет.
  • Орозонун күндүзү атайылап тамакже ичимдик ичкен кишинин орозосу бузулат. Ал үчун ал кийин бир күн каза орозо тутуп бериш керек[1].

ОРОЗОНУН КАЗАЛАРЫН КАНТИП ТОЛТУРУУ КЕРЕК?

Шариат үзүрү менен Рамазанда орозо тутпагандар кийин казасын тутуп бериши парз болот.

СУРОО. Рамазандан калган күндөрдү ошол Рамазан айындагыдай кылып удаа тутуш шартпы? ЖООП. Жок, шарт эмес. Кийинки Рамазан келгиче кайсыл бир күндөр болбосун карыз орозолорду тутуп берсе болду. Удаа тутуш шарт эмес.

Айша (Радияллаху анха)  айтат: “Кээде менде Рамазандын каза орозолору калып, аны бир гана Шаабан айында тутуп берүүгө мүмкүнчүлүгүм болчу” (аль-Бухари: 1849: Муслим: 1146). Ибн Хажр айтат: «‘Айшанын Ша‘бан айында болсо да карыз орозолорун тутуп берүүсүно умтулуусунан бизге белгилүү болот – кийинки Рамазан киргиче эски карыз орозолорду тутпай калтыруу уруксат эмес» (Фатх аль-Бари. 4/191).

Булак:  «Дурар ал-Бахия» “Орозо” китеби.
Автор: Имам аш-Шавканий

кыргызча даярдаган:
Максат Мамбеталиев

[1] Рамазанда себепсиз оозун ачкан чоң күнөө. Анын жазасы өтө катык. Пайгамбарыбыз мындай дейт: “Качан мен тоого чыкканда катуу  кыйкырыктарды уктум. «Бул эмне болгон кыйкырыктар?»- деп сурадым. Алар: «Бул тозоктогу адамдар»- деп жооп беришти. Мен (ал дүйнөгө)көтөрүлгөндө, өздөрүнүн  тарамыштарынан  асылган, айрылган ооздорунун кычыктарынан кан сызылып агып жаткан адамдарды көрдүм. “Булар кимдер?”- деп сурадым. Алар айтышты: “Булар иптарга чейин орозосун бузгандар”. (Сахих ат-Таргиб)

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru