Айбат » Урмат Рыскелдиев, Кыргызстандын бокс боюнча чемпиону: “Кыргызстанга пайда алып келүү үчүн саясатка баруунун кажети жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Урмат Рыскелдиев, Кыргызстандын бокс боюнча чемпиону: “Кыргызстанга пайда алып келүү үчүн саясатка баруунун кажети жок”

Урмат Рыскелдиев27-июнда АКШнын Лас-Вегас шаарында профессионалдар арасында алтынчы беттешин өткөрүп, мекендешибиз америкалык Маркус Уиллисти жеңип алды ВКВ (Big Knockout Boxing) уюму уюштурган 69 кг салмактагы боксчулардын таймашы “Мандалэй Бей” сайран борборунда өтүп, 5 раунддан кийин калыстар утушту бир добуштан кыргыз мушкерине ыйгарып, бизди абдан кубадырган эле. Бүгүн биз Кыргыздын сыймыктанчу уулдарынын бири Урмат Рыскелдиев менен маектешип олтуруп, мекенибиз үчүн абдан чоң максаттары бар экенин угуп сыймыктанып калдык.

-Балалыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?

-Өзүм Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек кыштагында төрөлгөм. Дал ошол Чаек кыштагында балалыктын баардык издери калды десем болот. Үч бир тууганбыз. Мен ортончусу болом. Баарынана кызыгы жалан эркектербиз. Ошентип аруу- таза балалыгым жакшы көз ирмемдер менен айылда калды. Атам жөнөкөй эле айдоочу болуп иштечү. Апам деле жөнөкөй үй кожейкеси. Эркелеп жүрүп балалыгыбыз артта калбадыбы…

-Айтсаңыз спортко канча жашыңыздан келип калдыңыз жана ким түрткү болгон?

– Бокс спортуна келип калганыма атамдын кичүү иниси, Кенжебек байкем себепкер. Ал өзү бокс менен машыкчу. 12 жашымда улуу байкем экөөбүздү спорт залына ээрчитип барган. Ал жактагы балдардын машыгуулары мени арбап, кызыгуумду жараткан. Ошондон бери спорт атмосферасы мени арбап келет десем болот.

-Бул мелдешке кандайча болуп чыгып калдыңыз?

-Америкада 5 жолу мелдешке чыктым. Бирок бокстун мындай түрүнө биринчи жолу чыктым. Өзүмдү сынап көргүм келди.

– Мелдештин жүрүшү боюнча учкай айта кетпесеңиз болбос. Кандай форматта өттү? Дегеле бокстун бул түрүнүн түрүнүн эрежелери кандай?

-BKB- деп айтылат. Чечмелениши болсо, чоң бокс нокауттары болуп чечмеленет. Берки бокстан айырмаланып, рингде эмес, чуңкурчада боксташабыз. Баардык эрежелери берки бокстай эле… Болгону ар бир раунд 2 мүнөттөн болуп, 5 раунд боксташабыз. Анан чуңкурча кичине болгондуктан көрүмдүү болуп,  абдан кызыктуу болот.

-Чындыгында жеңем деп ойлодуңуз беле?

-100 пайыз ишенген эмесмин. Бирок жараткан күч берип, колдооруна ишенгем. Аллах таала өзү жар болуп жеңиш мен жака ооду.

-Көпчүлүк учурда спорт менен жүргөн балдарды ар кандай маселени чечтиргенге колдонуп келет эмесми… разборкаларга катышасызбы?

-Андайларга көп аралашпайм жана аралашкым келбейт. Чынын айтсам көчөдө урушкандан бала кезимден бери корком. Разборка болобу, ар кандай чыр-чатактар болобу көп аралаша бербейм.

-Спорттон башка кандай жумуштар менен алектенесиз жана бош убакытта эмне кыласыз?

-Бул жакта такси айдайм. Анан спорт менен тынбай машыгуунун үстүндөмүн. Бош убакыт негизинен жокко эсе десем болот. Бош болгондо интернетте олтуруп достор, туугандар менен сүйлөшөм. Уйдө жатып эле эс алам. Уй-бүлө, достор дегендердин баары алыста.

-Көпчүлүк мушкерлердин каймана аттары бар. Сиздин да каймана атыңыз барбы? Болсо кайсы жылы ким койгон?

-Негизи каймана атым бар. Бирок эч кандай спортко тиешеси жок. Жөн эле коюлуп калган десем жаңылышпайм. Рингге чыккан атым Мустафа! Мага бул атты 2010-жылы Корей мамлекетинин муфтиси койгон. Ошондон бери ушул атты алып, рингге чыкканда дагы Мустафа деп чыгам. Бул ысымды алып жүргөнүмө абдан сыймыктанып келем.

-Сизге калыстардын туура эмес чечим чыгарган учурлары болду беле?

-Бокс сүйүүчүлөр арасында болгон. Туура эмес чыгарды деп таарынуунун кажети деле жок деп ойлойм. Анткени эл тараза, эл сынчы да…

-Сиз машыккан спорттун түрүн жашоодо колдонгон учурлар көп эле болсо керек? Көчөдө мушташып дегендей…

-Бокстун жардамы жашоого көп эле пайдасын тийгизет. Бирок албетте бирөөнү уруп-согуп тоноо деген түшүнүк жок. Жакшы жагынан колдонсо болот.

-Кыргызстандын келечеги үчүн койгон максаттарыңыз барбы?

-Кудай буйруса Кыргызстаныбыз үчүн койгон максаттарыбыз абдан эле чоң. Биз пайда алып келиш үчүн чоң кызматка барып же саясатка баруу шарт эмес. Өлкөбүздүн баардык аймактарына ыңгайлуу шарты бар машыгуу залдарын салдырып, жаңы чыгып келе жаткан спортчуларга жол көрсөтүп материялдык жактан колдоо көрсөтсөм дейм. Анан бей-бечераларга, жолубузга жана башка көптөгөн маселелерди чечем деген максаттарым бар. Кудай буйруса баары ишке ашат деп ойлойм…

-Алдыда кандай меледештер кутуп жатат?

-Алдыда жакшы мелдештер бар. Кудай буйруса 1 же 2 жуманын ичинде билинип калат. Аманчылык болсо…

- Маегиңизге чоң ырахмат!

Урмат Рыскелдиев 2 Урмат Рыскелдиев

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №135



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru