Айбат » Уран Ботобеков элден «садака» сураганча, сүйлөгөн сөзүнө жооп бербейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Уран Ботобеков элден «садака» сураганча, сүйлөгөн сөзүнө жооп бербейби?

Ботобеков Уран«Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт» деген кеп бар элибизде. Тилекке каршы учурда айрым «мен мыктымын» деген саясатчыларда намыс дегенден түк эч нерсе калбады көрүнөт. Сүйлөгөн сөзүнө, жасаган ишине жооп бере албай, эптеп жоопкерчиликтен качыш үчүн аялдардын этегине кире качкандарды да көрүп атабыз. Бузук сөздү сүйлөгөнүн сүйлөп алып, анан анын жоопкерчилигин тартууда да элдин артына жашынып калгысы келгендер көбөйдү. Жакында эле Свердлов райондук соту БОК кыймылынын мүчөсү Уран Ботобековдун массалык маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде далилсиз Икрам Илмияновду айыптагандыгын аныктап Илмияновдун арызы боюнча 1,8 миллион сом айыпка жыккан.  Мындай кырдаалды эптеп эле бийликке сөйкөнгүсү келип турган, өзүнүн эки баласы менен аялын тыңдап бага албай, качып жүргөн Адиль Турдукулов аттуу «художник» колдон чыгарбай, «Уран Ботобековду коргоо кыймылын» түзө коюптур. Анан ал Ботобеков үчүн калайык калкка кайрылып 7 сомдон садака сурап турганын кандай түшүнсөк болот?  «Уран Ботобековду Коргоо Кыймылы калайык калкка кайрылып, шоопурдун доосун канааттандыруу максатында 7 сомдон садака чогулта баштайт. Парламенттик шайлоо алдында элден чогулган каражатка Илмиянов жыртыгын бүтөп, капчыгын толтуруп алсын» деп жазылат ал кайрылууда. «Художник» болбосоң кое кал. Анча болду ушул эле ойго «Ботобековго кошуп, мен өз үй-бүлөмдү тыңдап бага албай аткан үчүн мага да өзүнчө 7 сомдон садака таштай кетиңиздер» деп кошуп койсо болмок экен. Намыс деген барбы өзү? Кайда калды жигиттик намыс? Ботобековдун далилсиз сөздөрү үчүн эл жооп бермек беле? Өзү жооп берсин да. Адиль Турдукулов үй-бүлөсүн бага албай атса, ага ким күнөөлүү? Көчө таптап, митинг уюштуруп жүрө бербей иштесе балдарын жакшылап эле багат эле го? Элден «садака» суроонун өзү бул жигиттерде намыс деген нерсенин таптакыр тебелендиде калганын көрсөтүп жаткан жокпу? Кыргыздын жигиттери ар кимиси өзүнүн сүйлөгөн сөзү, жасаган иши үчүн өзү гана жооп берип келген. Андай болсо Ботобеков менен Турдукулов жигит эмес болуп калабы?..  Оорулуу болушса да бир жөн. Чет өлкөдөн гана операция жасоого муктаж адамдарга жардам берсе болот. Ал эми булардай болгон «жин ооруларга» кандай жардам болот?..

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru